Эл Илим коомдук фонду жана «Эл Илим» журналы окумуштууларды, илимий кызматкерлерди, жогорку окуу жайлардын окутуучуларын, аспиранттарды, мугалимдерди, журналисттерди журналдын бөлүмдөрүндө көргөзүлгөн бардык багыттар боюнча макала жазып берүүгө чакырат.
Бул ишке учурда чет өлкөлөрдө жашап, эмгектенген кыргыз айдыңдарынын жигердүү катышып берүүсү да өтө маанилүү.
Алар өз эмгектерин же чет тилдеги илимий-элдик (популярдуу) журналдарда жарык көргөн макалаларды тиешелүү уруксатын алуу менен кыргыз тилине которуп бере алышат.
Биз кээде өзүбүз да белгилүү бир темалар боюнча макала жазып берүү өтүнүчү менен адистерге кайрылабыз.
Эл Илим коомдук фондунун жана “Эл Илим” санарип журналынынмиссиясын колдогон, кызматташууга дилгир жана кызыкдар авторлордун бардыгына журналдын ушул интернет баракчада жайгаштырылган Жобосу менен таанышууну сунуш кылабыз.
“Эл Илим” журналына өз макаласын ыктыярдуу негизде жазып берген авторлордун аракетин жана эмгегин өтө жогору баалайбыз.
Эл Илим коомдук фонду кайсыл бир тематикалык багыттар боюнча макала жазуу үчүн сынактарды өткөрүүгө, кызматташкан жана макаласы басууга алынган авторлорго калем акы төлөп берүүгө аракеттенет.
Бул коомдук фонддун каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарыла турган маселе.
Калем акынын өлчөмү, ал качан төлөнөрү же төлөнбөй турганы макаласы жарыялоого алынган ар бир автор менен жекече макулдашылат.
“Эл Илим” санарип журналы макаласын жарыялоого алган автор ошол конкреттүү эмгегин башка басылмаларга бербөөгө макул болот. Бирок, ошол эле тема боюнча бөлөк жаңы макала жаза алат.
Бизде макаласы жарыяланган жана биз менен кызматташкан авторлор Эл Илим коомдук фонду менен “Эл Илим” журналынын маалыматтык базасына киргизилет.