Skip to ma content
search

Колдонуу шарттары

“Эл Илим” санарип журналында жарыяланган бардык мазмун Эл Илим коомдук фондунун жана журналдын интеллектуалдык менчиги болуп саналат. Макалалардын авторлору өз эмгектеринин автордук укугун сактап калат, бирок журналга аны санарип форматында жарыялоого, социалдык медиада таратууга жана жарнамалоого уруксат берет.

Журнал башка тараптар да анын макалаларын коомчулукка таратып, кайра жарыялоосун колдойт. Бирок таратуу редакциянын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, ал эми кайра жарыялоо төмөнкү маалыматтарды камтуу менен гана жүргүзүлүүсү керек:

• «Эл Илим» журналы жана анын авторунун аты
• Бул макала башында “Эл Илим” журналында жарыяланган
• «Эл Илим» журналынын башкы бетине же кайра жарыяланган макалага шилтеме.

Журналдын мазмунун окурмандар жеке максатта, мектептер, орто жана жогорку окуу жайлар академиялык максатта эркин колдоно алышат. Ал эми коммерциялык же жарнамалык максатта колдонуу мүмкүн эмес. Журналдын материалдарын издөө системаларындагы рейтингдерди жакшыртуу үчүн же тармакка негизделген жарнамалардан киреше табууга гана багытталган интернет сайттарда колдонууга уруксат берилбейт.

Close Menu
made in Moore Studio