Skip to ma content
search

“Эл Илим” коомдук фонду

“Эл Илим” – Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн Эл Илим коомдук фондунун санарип журналы.

Бул коомдук фондду аналитик-журналист, Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатындагы “Мейкин” сыйлыгынын 2024-жылкы лауреаты Улан Эшматов 2025-жылдын 18 мартында негиздеген.

Президент Садыр Жапаровдун Улан Эшматовго “Мейкин” сыйлыгы менен кошо берилген бир миллион сомдук сый акысы кыргыз журналистикасында жаңы багытты түптөө аракетине инвестиция катары жумшалып жана “Эл Илим” коомдук фондун түзүүгө каржылык башат болуп бергенин сыймыктануу менен белгилейбиз.

Илимий журналистиканын максаты татаал илимий билимдерди жана жетишкендиктерди кеңири аудиториянын түшүнүүсүнө жардам берүү.

Бул элдин жалпы билим деңгээлин жана илимий сабаттуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле жеке жана коомдук деңгээлде илимге негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү.

Эл Илим коомдук фонду өз ишин толугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. “Эл Илим” санарип журналынын ээси катары редакциялык саясат жана көз карандысыздык стандарттарын карманат.

Эл Илим коомдук фонду жана “Эл Илим” журналы журналисттик иштин кызыкчылыктарын коргоо үчүн редакциялык контент боюнча толук ыйгарым укукка ээ.

Биз жаңылыктарды жана макалаларды жарыялоо чечимдери менен бардык киреше булактарынын ортосунда так чек коюп сактайбыз.

Каржылык колдоону кабыл алуу демөөрчүлөрдү же алардын продукцияларын, кызматтарын же көз караштарын түз же кыйыр жактыруу болуп эсептелбейт.

Эл Илим коомдук фонду жана “Эл Илим” журналы белгилүү бир темаларды чагылдырууга колдоо көрсөтүү үчүн кайрымдуулук жана каржылык жардамдарын кабыл алышы мүмкүн, бирок редакциялык көз карандысыздыкты сактайт.

Биз редакциялык контентти карап чыгуу же ага таасир этүү укугун, ошондой эле уруксатсыз жайылтуу укугун эч кимге бербейбиз.

Эл Илим коомдук фондунун каржылык иши уюмдун Уставында/Жобосунда көргөзүлгөндөй, толугу менен ачык-айкын жүргүзүлөт. Коомдук фонддун банк эсебине келип түшкөн каражаттар уюмдун Уставында/Жобосунда көргөзүлгөн миссияны жана максаттарды аткаруу үчүн гана сарпталат.

Ал каражаттардын басымдуу бөлүгү “Эл Илим” журналына жаңылык же макала жазып, подкаст же видео баян даярдаган, глобалдык Интернет тармагында кыргыз тилинде илимий-элдик, илимий-маалыматтык, илимий техникалык контентти жаратууга жана кеңейтүүгө салым кошкон авторлор менен редакторлук кызмат көргөзгөн журналисттерге калем акы төлөө үчүн жумшалат.

Биз жылына 500 сомдон же андан көп суммада каржылык салым кошкон бардык демөөрчүлөрдүн: жеке адамдардын жана мекемелердин аттарын Эл Илим коомдук фондунун жылдык каржылык баяндамасында ачык жарыялайбыз.

Ал каржылык баядама Эл Илим коомдук фондунун расмий интернет баракчасына коюлат. Биз ким экендиги бизге белгилүү болгон шартта, анонимдүү калууну каалаган адамдардын каржылык жардамын да кабыл алабыз.

СИЗ, ЭЛ ИЛИМ коомдук фондунун жана “ЭЛ ИЛИМ” санарип журналынын миссиясын колдогон каржылык жардамыңызды төмөнкү банк эсепке жөнөтө аласыз.

Реквизиттер: KGS 1240030000138315
Алуучунун банкынын БИКи: 124030
Алуучунун банкы: ОАО “БАКАЙ БАНК”;
Алуучу: KGS 1240030000138315 «Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн ЭЛ ИЛИМ» KБ
Реквизиты счета: KGS 1240030000138315
БИК банка получателя: 124030
Банк получателя: ОАО “БАКАЙ БАНК”;
Получатель: KGS 1240030000138315 ОФ”;Развития научной
журналистики, коммуникации и гражданской науки ЭЛ ИЛИМ”.

Биздин банк эсептин QR коду:

Close Menu
made in Moore Studio