Skip to ma content
search

“Эл Илим” журналы

Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде сапаттуу илимий-элдик (популярдуу) контент жетишсиз.

Кыргыз тилдүү калктын өз эне тилинде, айрыкча илимий жана техникалык багыттар боюнча маалымат алуусу абдан эле чектелүү.

Интернетте кыргыз тилиндеги атайын платформаны түзүү жогорудагы боштукту толтурууга гана салым кошпостон, илимий билимди кеңири аудиторияга, анын ичинде окуучулар, студенттер жана жаштар арасында жайылтууга, таанытууга (популяризациялоого) да өбөлгө түзөт.

Сиз окуп жаткан “Эл Илим” санарип журналы мына ушул максат-милдетти аркалоо үчүн 2025-жылы уюштурулду.

Ага чейин Кыргызстанда толугу менен кыргыз тилинде жарык көргөн илимий-элдик (популярдуу) басылма болгон эмес.

Илимий-популярдуу материалдар кээде кыргыз тилинде өзүнчө долбоорлордун алкагында жарыяланганы менен салттуу же санарип форматтагы журнал жарык көрбөгөн.

“Эл Илим” журналы өз иши аркылуу кыргыз тилин билим алмашуунун маанилүү куралы катары жайылтууга жана кыргыз тилинин заманбап дүйнөдөгү актуалдуулугун сактоого умтулат.

“Эл Илим” – Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн Эл Илим коомдук фондунун санарип журналы.

Бул коомдук фондду аналитик журналист, Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатындагы “Мейкин” сыйлыгынын 2024- жылкы лауреаты Улан Эшматов 2025-жылдын 18- мартында негиздеген.

Илимий журналистиканын максаты татаал илимий билимдерди жана жетишкендиктерди кеңири аудиториянын түшүнүүсүнө жардам берүү.

Бул элдин жалпы билим деңгээлин жана илимий сабаттуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле жеке жана коомдук деңгээлде илимге негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү.

“Эл Илим” журналынын миссиясы жана иш тартиби тууралуу кеңири маалыматты журналдын Жобосунан окуй аласыз.

Close Menu
made in Moore Studio