Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде сапаттуу илимий-элдик (популярдуу) мазмун (контент) жетишсиз.
Кыргыз тилдүү калктын өз эне тилинде, айрыкча илимий жана техникалык багыттар боюнча маалымат алуусу абдан эле чектелүү.
Интернетте кыргыз тилиндеги атайын платформаны түзүү жогорудагы боштукту толтурууга гана салым кошпостон, илимий билимди кеңири аудиторияга, анын ичинде окуучулар, студенттер жана жаштар арасында жайылтууга, таанытууга (популяризациялоого) да өбөлгө түзөт.
Сиз окуп жаткан “Эл Илим” санарип журналы мына ушул максат-милдетти аркалоо үчүн 2025-жылы уюштурулду.
Буга чейин Кыргызстанда толугу менен кыргыз тилинде жарык көргөн илимий-элдик (популярдуу) басылма болгон эмес.
Илимий-популярдуу материалдар кээде кыргыз тилинде өзүнчө долбоорлордун алкагында жарыяланганы менен салттуу же санарип форматтагы журнал жарык көрбөгөн.
“Эл Илим” журналы өз иши аркылуу кыргыз тилин билим алмашуунун маанилүү куралы катары жайылтууга жана кыргыз тилинин заманбап дүйнөдөгү актуалдуулугун сактоого умтулат.
Биз жарыялаган макалалардагы бардык маалыматтардын тактыгына толук ишенимдүү болууга аракет кылабыз.
Эгерде ката табылса же биз аны билсек, мүмкүн болушунча тез арада оңдоого умтулабыз.
Эгерде сиз биздин интернет баракчабыздан ката көрүп калсаңыз, бизге elilimjournal.info@gmail.com; elilimjournal.editor@gmail.com электрондук даректерибизге жазыңыз.