Эгер сиз университетте же башка изилдөө уюмунда, илимий институтта иштесеңиз же ушул мекемелердин коомчулук менен байланыш кызматкери, басма сөз катчысы болсоңуз, жергиликтүү жана эл аралык илимий конференцияларга катышсаң жана жаңылыктарыңызды “Эл Илим” санарип журналында жарыялоо үчүн жөнөтүүнү кааласаңыз, төмөнкү электрондук даректерге кат жибериңиз:
elilimjournal.info@gmail.com; elilimjournal.editor@gmail.com
Бул электрондук даректерди өзүңүздүн жана уюмуңуздун жаңылыктар түйүнүнө же башка маалымат таратуу тизмесине кошо аласыз.
Университеттерден жана башка академиялык же коммерциялык эмес уюмдардан жаңылыктарды жарыялоо үчүн акы алынбайт. Бирок, биз алган бардык жаңылыктарды жарыялоого кепилдик бере албайбыз.
Биз окурмандарыбыз үчүн эң кызыктуу деп эсептеген жана кеңири аудиторияга ылайыктуу боло турган жаңылыктарды тандайбыз.
Негизинен, бул жаңы изилдөө ачылыштары (айрыкча, рецензияланган илимий журналдардагы макалалар менен байланыштуу болгон учурларда) же жаңы жана маанилүү изилдөө долбоорлору жөнүндө жана жаңылыктын негизги маңызы илимди же илимий билимди камтыган маалымат болушу мүмкүн.