Skip to ma content
search

Австралияда Сидней Университети менен кызматташкан Сентенари Институтунун илимпоздору адамдын организмине ылайыкташтырылган жаңы дарыларды иштеп чыгууга жардам берген күчтүү жана жаңы ыкманы ойлоп табышты. 

Бул ыкма белокторду (адамдын денесиндеги маанилүү заттар) түз эле сүт эмүүчү жаныбарлардын клеткаларында өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.  Бул тууралуу Сиднейдеги медициналык изилдөө борбору катары саналган аталган институт 8-майда өзү жарыялады. 

https://www.centenary.org.au/news/new-platform-to-evolve-proteins-for-better-therapies/

Алар жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы илим дүйнөсүндөгү абройлуу Nature Communications журналында жарыяланды. Анда PROTEUS (белокторду тандоо жолу менен өнүктүрүү) деп аталган жаңы платформа жөнүндө сөз болот. Бул платформа – табигый тандоого окшогон, мутация жана тандоо ыкмаларын колдонуп, жаңы же жакшыраак белокторду жарата турган заманбап технология.

“Бүгүнкү күндө белокторду өнүктүрүү көбүнчө бактериялар менен ачыткыларда жүргүзүлөт. Бирок алар адамдын клеткасы сыяктуу татаал эмес. PROTEUS жардамы менен эми биз белоктордун эволюциясын түз эле сүт эмүүчүлөрдүн клеткаларында багыттай алабыз. Бул болсо белоктор иштеши керек болгон чөйрөгө кыйла жакын, туруктуу системаны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – дейт Сентенари институтундагы Биомедициналык жасалма интеллект борборунун жетекчиси, профессор Даниел Хесселсон. 

Бул жаңы ыкма клеткаларга зыян келтирбей туруп, атайын вирус сымал бөлүкчөлөр аркылуу мутация жасап, эң жакшы белокторду тандайт.

Сентенари институтундагы Биомедициналык жасалма интеллект борборунун изилдөөгө катышкан кызматкери,  доктор Алекс Коул PROTEUS платформасы аркылуу гендерди башкарган белокту жана ДНК бузулган учурда жооп кайтарган нанобелокту (антиденеге окшош кичинекей белок) ийгиликтүү жакшыртышканын айтты. Бул рак дартынын изилдөөлөрү үчүн маанилүү багыт.

“Бул – өтө чоң кадам. Эми биз дарыларды адамдын денесинин ичинде иштеши үчүн түздөн-түз ошол шартта өнүктүрө алабыз”, – дейт доктор Коул.

Австралиялык илимпоздор PROTEUS келечекте ген терапиясы, ооруларды изилдөө жана жаңы дарыларды иштеп чыгууда чоң роль ойнойт деп ишенишет.

Жаңылыктагы илимий терминге түшүндүрмө:

  1. Антидене (антитело) — бул организмге түшкөн зыяндуу заттарга каршы күрөшкөн коргоочу белоктор. Алар иммундук система тарабынан жасалат жана жугуштуу микробдорго же вирус сыяктуу керексиз заттарга жабышып, аларды жок кылууга жардам берет.
  2. Антидененин (антителонун) илимий аталышы — иммуноглобулин.

Шилетемелер:

  1. Жаңылык https://www.centenary.org.au сайтынан которулду
  2. Cүрөт   unsplash.com  сайтынан алынды 
  3. Илимий терминге түшүндүрмөнү Эл Илим фонду даярдады
Close Menu
made in Moore Studio