Skip to ma content
search

Швециядагы технологиялык университеттин илимпоздору айыл чарба калдыктарын текстилге  айлантуу мүмкүндүгүн аныкташты. 

Сууну көп талап кылган пахтадан кийим тигүүнү уланта берүү климатка чоң жана терс таасирин тийгизет. Андыктан, акыркы жылдары текстиль өндүрүү үчүн ресурстун үнөмдүү ыкмасы катары башка чийки заттардан алынган целлюлозага көңүл бурулууда.

Азыркыга чейин илимдин да, өндүрүштүн да аракеттери негизинен жыгачтан алынган целлюлозага багытталып келген.

Бирок Швециядагы Чалмерс Технология университетинин жакында жарыяланган изилдөөсүндө окумуштуулар целлюлоза буласын өндүрүү үчүн башка жолду – айыл чарба калдыктарын пайдаланууну карап көрүштү.

Алардын  илимий табылгасы  тууралуу  маалымат швед университетинин  интернет баракчасында 17-июнда чыкты.

https://www.chalmers.se/en/current/news/k-agricultural-waste-can-become-the-clothes-of-the-future/

Чалмерс Технология университетинин изилдөөчүлөрү буудайдын саманын, сулунун кабыгын, картошка менен кант кызылчанын эзиндисин текшеришип көрүшкөн. Алардын ичинен буудайдын саманы менен сулунун кабыгы кийим тигүүдө колдонула турган эрүүчү целлюлозаны  өндүрүү үчүн эң ылайыктуу экени аныкталды.

“Бул изилдөөдө биз өркүндөтүп, иштеп чыккан ыкма менен кээ бир айыл чарба калдыктарынан текстиль массасын даярдоого болорун көрсөттүк.Бул-  калдыктарды колдонуу аркылуу текстиль өндүрүүгө карай маанилүү кадам. Изилдөө аларды пахта сыяктуу климат үчүн пайдалуу эмес же токой материалындай көп багытта керек болуп, бирок климаттын кызыкчылыгы үчүн сакталышы зарыл ресурстардын ордуна колдонууга жол ачат”,- дейт университеттин Химия жана химиялык инженерия кафедрасынын доценти жана изилдөөнүн башкы автору Диана Бернин (Diana Bernin). 

 

Cода менен бышыруу ыкмасы 

 

RSC Sustainability деген журналда жарыяланган изилдөөнүн жүрүшүндө окумуштуулар тобу процесстин бир бөлүгү катары “сода менен бышырууну” колдонушкан. Бул ыкма чийки зат сода менен кайнатылат дегенди билдирет жана  өндүрүштү туруктуураак, экологиялык жактан тазараак кылат.

“Сода сууда жаратылышка зыяндуу уулуу заттар же башка зыяндуу кошулмалар жок. Сода менен бышыруу ыкмасы жыгач буласына жарабайт, ошондуктан буудайдын саманынан жана сулунун кабыгынан текстиль массасын алуу токой целлюлозасын өндүрүүгө караганда азыраак химикаттарды талап кылат. Бул процесстин өзү да жөнөкөй. Анткени, жыгач сыяктуу майдалоо же кабыгын тазалоо сыяктуу кошумча иштерди талап кылбайт. Мындан тышкары бул ыкма буудай менен сулунун экономикалык баалуулугун да арттырат, себеби алардын калдыктарын целлюлоза алуу үчүн чийки зат катары колдонсо болот”, – деп түшүндүрдү илимпоз Диана Бернин (Diana Bernin). 

Чалмерс Технология университетинин маалыматында белгиленгендей, алардын илимпоздор тобу иштеп чыккан ыкма аркылуу текстиль өндүрүү үчүн башка көптөгөн айыл чарба калдыктарын да колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, сөз болгон изилдөөдө колдонулган ыкма менен кургатылган чөп дагы эрүүчү целлюлозаны өндүрүү үчүн абдан жакшы иштей турганы аныкталган.

Азырынча жарыялана элек кийинки изилдөөлөрдө болсо илимпоздор өз аракетин практикалык колдонууга багыттап,  алар буудайдын саманынан жана кургатылган чөптөн алынган целлюлозадан текстиль буласын ийгиликтүү даярдашкан.

“Изилдөө айыл чарба калдыктарында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөттү. Биз келечектеги кийимибиз үчүн мындай целлюлоза булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн сөзсүз эске алышыбыз керек”,- дейт ага катышкан илимпоз адистердин бири, Швециянын  целлюлозаны экологияга зыянсыз жол менен өндүрүү үстүндө иштеген инновациялык  Tree To Textile (https://treetotextile.com) компаниясынын өкүлү  Йоанна Войташ (Joanna Wojtasz).

Изилдөөнү Швециянын BioInnovation (https://www.bioinnovation.se/en/) уюму каржылаган.

Анда көргөзүлгөндөй, дүйнөдө калктын санынын өсүшү целлюлозага негизделген  текстиль буласына  суроо-талапты жогорулатат. Бүгүнкү күндө глобалдык керектөөдөгү целлюлоза көлөмүнүн болжол менен 63% таза жыгачтан, 34%  кайра иштетилген кагаз калдыктарынан, ал эми болгону 3% гана жыгач эмес булактардан алынат.

 

Шилтемелер:

  1. Маалымат макала Чалмерс Технологиялык университетинин https://www.chalmers.se/en баракчасындагы илимий жаңылыктын негизинде жазылды. 
  2. Илимий жаңылыкка негиз болгон изилдөө RSC Sustainability https://pubs.rsc.org/en/content/articlelanding/2025/su/d4su00534a журналында жарыяланган. 
  3. Сүрөт unplash.com сайтынан алынды, автору Melissa Askew.
Close Menu
made in Moore Studio