Кореялык окумуштуулар рак илдетин аныктап, дарылоого жана иммунитетти көтөрүүгө бир эле убакта жөндөмдүү болгон көп функциялуу наноматериалды жасап чыгышты, бул келечектеги дарылоо платформасы катары каралууда.
Кореянын Стандарттар жана илим изилдөө институту (KRISS, президенти Ли Хо Сон (Lee Ho Seong) рак оорусун аныктоо, дарылоо жана иммундук коргонуу системасын козгоо функцияларын бир эле учурда аткара алган жаңы наноматериалды ийгиликтүү иштеп чыкты. Бул тууралуу институттун расмий сайтындагы маалыматта айтылат.
Аталган илимий изилдөөнүн өзү Chemical Engineering Journal журналында жарыяланган. Бул Кореянын Илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлиги тарабынан каржыланып, “Кийинки муундагы жогорку технологиялуу наноматериалдарды өлчөө стандарттарын түзүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.
Жаңы наноматериал материал салттуу, бир гана функция аткара алган наноматериалдарга салыштырмалуу дарылоонун натыйжалуулугун кыйла жогорулатат жана нанотехнологияга негизделген кийинки муундагы рак терапиясынын платформасы катары колдонулмакчы.
Учурда рак илдетин дарылоо көбүнчө операция, нур терапиясы жана химия терапиясы аркылуу жүргүзүлөт. Бирок бул ыкмалардын олуттуу чектөөлөрү бар: алар шишикке гана эмес, организмдеги соо ткандарга да зыян келтирип, олуттуу терс таасирлерге алып келет.
Наноматериалдарды колдонгон рак дарылоо – салттуу ыкмалардын чектөөлөрүн жоюуга багытталган келечектүү технология катары саналууда. Наноматериалдардын физикалык жана химиялык касиеттерин колдонуу менен дарыны шишик клеткаларына жана жабыркаган аймактарга так жеткирүү мүмкүн. Мындан тышкары, ар бир адамдын генетикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша жекече дарылоо ыкмалары ишке ашырылып, терс таасирлерди азайтып, натыйжалуулугун арттырууга шарт түзүлөт.
Кореянын Стандарттар жана илим изилдөө институтунун Нанобиологиялык өлчөө тобу иштеп чыккан жаңы наноматериал рак клеткаларын реалдуу убакыт режиминде аныктоого, дарылоого жана иммундук системаны активдештирүүгө мүмкүндүк берет. Бул материал үч катмардан турган дисктей наноматериал (AuFeAuNDs) болуп, анын ортосунда темир (Fe), ал эми сырткы катмарларында алтын (Au) жайгашкан.
Диск формасындагы бул түзүлүш салттуу тоголок наноматериалдарга салыштырмалуу жогорку структуралык туруктуулукка ээ. Мындан сырткары, шишик жайгашкан жерге магнит коюлганда, темирдин магниттик касиети материалдын так тартылышына мүмкүндүк берип, дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатат.
Бул нанодиск фотакустикалык (PA) сүрөткө тартуу функциясына ээ. Бул технология лазер менен тийгенде пайда болгон жылуулук термелүүсүн (ультрадыбышты) визуалдаштырат. Бул касиет аркылуу шишик жайгашкан жер жана дарынын жеткирүү процесси реалдуу убакытта көзөмөлдөнөт. Наноматериал шишиктин эң ылайыктуу жерине жеткен учурда дарылоо жүргүзүлүп, максималдуу натыйжа камсыздалат.
Жаныбарларда жүргүзүлгөн тажрыйбаларда бул материал шишик жайгашкан аймакта убакыттын өтүшү менен топтолуп жаткандыгы PA сүрөт тартуу аркылуу так байкалган. Дарылоо үчүн эң жакшы учур — материал организмге киргизилгенден 6 саат өткөндөн кийинки убакыт экени аныкталган.
Андан тышкары, бул нанодиск үч түрдүү дарылоо механизмин бириктирип иштете алат, муну менен ар кандай түрдөгү рак клеткаларын дарылоого болот. Салттуу наноматериалдар көбүнчө фототермалдык терапияны (PTT) гана колдонуп келген, ал алтын бөлүкчөлөрдү ысытуу менен рак клеткаларын жок кылат. Ал эми бул жаңы нанодиск темирдин касиеттерин колдонуп, шишик ичинде кычкылданууну козгогон химиялык динамикалык терапияны (CDT), ошондой эле ферроптоз терапиясын да аткара алат.
Дарылоодон кийин бул нанодиск иммундук жоопту да активдештирет. Тагыраагы, рак клеткалары өлгөн учурда “кооптуу молекулярдык сигналдарды” (DAMPs) бөлүп чыгарып, бул сигналдар организмге рак клеткаларын таанып, кайра пайда болсо аларга каршы күрөшүүгө жардам берет. Жаныбарларда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө бул сигналдардын натыйжасында иммундук клеткалардын саны үч эсе көбөйгөнү аныкталган.
Изилдөөнүн жетектөөчүсү доктор Ли Ын Сук (Lee Eun Sook) мындай деди: «Салттуу наноматериалдар жалгыз эле элементтен туруп, бир гана функцияны аткара алса, биз иштеп чыккан материал алтын менен темирдин айкалышкан касиеттерин колдонуп, бир нече функцияны бир эле учурда аткара алат».
Бул изилдөө Кореянын Илим жана АКТ министрлиги тарабынан каржыланып, “Кийинки муундагы жогорку технологиялуу наноматериалдарды өлчөө стандарттарын түзүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.
Илимий терминдерге түшүндүрмө:
Наноматериал — диаметрлери 1ден 100 нанометрге чейинки бөлүкчөлөр (1 нанометр = метрдин бир миллиарддан бир бөлүгү).
Фотакустикалык сүрөткө тартуу (PA) — бул лазердин жардамы менен организмдин ичин “угуу” аркылуу көрүүгө шарт түзгөн заманбап сүрөт алуу технологиясы. Ал медициналык диагностикада, өзгөчө рак менен күрөштө, чоң роль ойнойт.
Фототермалдык терапия (Photothermal therapy — PTT) — бул рак клеткаларын жарык (көбүнчө лазер) менен ысытуу аркылуу жок кылган заманбап дарылоо ыкмасы.
Химиялык динамикалык терапия (Chemical Dynamic Therapy, CDT) — бул рак клеткаларын организмдин ичинде химиялык реакция аркылуу жок кылган жаңы дарылоо ыкмасы. Ал көбүнчө нанотехнологиянын жардамы менен ишке ашат.
Ферроптоз терапиясы — темирдин катышуусу менен рак клеткаларын атайын жансыздандырган жаңы, натыйжалуу дарылоо ыкмасы. Бул ыкма ракка каршы күрөшүүдө келечектүү багыт болуп эсептелет.
Шилтемелер:
- Маалымат Кореянын Стандарттар жана илим изилдөө институтунун веб -сайтындагы https://www.kriss.re.kr/gallery.es?mid=a20301000000&bid=0014&b_list=12&act=view&list_no=4914&nPage=1&vlist_no_npage=1&keyField=&orderby= жаңылыктын негизинде жазылды.
- Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору National Cancer Institute.
- Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



