Skip to ma content
search

Германиянын Карлсруэ технологиялык институтунун (KIT) изилдөөчүлөрү жаан-чачын карталарын түзүүгө багытталган жаңы жасалма интеллект (ЖИ) моделин иштеп чыгышты. 

SpateGAN-ERA5 деп аталган бул ЖИ модели аз деталдуу жана бүдөмүк глобалдык жаан-чачын маалыматтарын колдонуп, катуу жаан-чачын учурларын так жана жогорку чечимде көрсөтө турган жаан-чачын карталарын түзө алат.

Бул ыкма тез жана натыйжалуу, ошондой эле ал жайгашкан жерден көз каранды болбойт.  

Аталган жаңылыкты Карлсруэ технологиялык институтунун веб-сайты жазып чыкты.

https://www.kit.edu/kit/english/pi_2025_049_kit-researchers-develop-ai-model-to-generate-global-realistic-rainfall-maps.php

Изилдөөнүн жыйынтыктары Climate and Atmospheric Science журналынын рецензияланган басылмасында жарыяланды.

 https://doi.org/10.1038/s41612-025-01103-y

Катуу жаан-чачын жана суу каптоо дүйнөнүн көптөгөн аймактарында мурдагыдан да көп кездешүүдө. Бул көрүнүштөрдү туура баалоо адамдардын өмүрүн сактап, имараттарды коргоого жардам берет. Бирок көптөгөн аймактарда мындай кырдаалды туура баалоо үчүн жетиштүү маалыматтар жок болчу.

KITтин Гармеш-Партенкирхен шаарындагы IMK-IFU институтунда иштеген гидрометеорология жана машиналык үйрөнүү боюнча адис доктор Кристиан Чвала:

“Катуу жаан-чачын менен суу ташкыны өткөн ондогон жылдарга салыштырмалуу дүйнөнүн көптөгөн аймактарында кыйла көбөйдү. Бирок мындай кубулуштарды регионалдык деңгээлде ишенимдүү талдоого мүмкүндүк берген маалыматтар көп учурда жетишпей келет,” — деп билдирди.

Анын изилдөө тобу бул көйгөйдү аз эле маалыматтарды колдонуу аркылуу жогорку тактыктагы жаан-чачын карталарын жарата алган ЖИ модели менен чечүүгө аракет кылууда.

 

Модель кантип иштейт?

 

Изилдөөчүлөр жаан-чачындын көлөмүн саатына бир жолу өлчөп, болжол менен 24 чакырым тактыктагы глобалдык аба ырайы моделдеринин тарыхый маалыматтарын колдонушкан. Андан кийин, Германияда алынган жогорку тактыктагы аба ырайы радарынын маалыматтарын пайдаланып, модель жаан-чачындын кандай пайда болуп, тарай турганын үйрөнгөн.

Докторантурасынын алкагында бул модель үстүндө иштеген Лука Главион:

“Биздин модель жөн гана бар маалыматты так көрсөтпөстөн, физикалык жактан ынанымдуу бир нече варианттагы жогорку чечимдеги жаан-чачын карталарын түзөт. 2 км жана 10 мүнөт тактыгындагы маалыматтарга чейин жетүүгө болот. Моделдин дагы бир артыкчылыгы – жыйынтыктардын так эместигин статистикалык түрдө баалап көрсөтө алат. Бул регионалдык катуу жаан-чачын сыяктуу кубулуштарды моделдөөдө абдан маанилүү.”

Мындан тышкары, модель АКШ жана Австралиядан алынган радар маалыматтары менен текшерилген. Бул ыкманын башка климаттык шарттарда да иштей турганы аныкталган.

 

Дүйнө жүзүндө суу ташкынын туура баалоо ыкмасы

 

Изилдөөчүлөр бул ыкма менен дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы климаттык тобокелдиктерди жакшыраак баалоого мүмкүнчүлүк ачышмакчы.

IMK-IFU институтунун окумуштуусу, доктор Юлиус Полц:

“Тобокелдик жогору аймактарда, тилекке каршы, аба ырайын так байкап турууга шарт жок. Биздин ыкма ошол аймактарда да катуу жаан-чачын жана суу ташкыны кайсы жерде болушу мүмкүн экенин ишенимдүү баалоого жардам берет.”

Бул жаңы ЖИ модели өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүүгө гана эмес, келечектеги суу ташкындарын алдын алуу боюнча узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууга да жардам берет.

KIT  –  Карлсруэ технологиялык институту (Karlsruhe Institute of Technology) – Германиянын алдыңкы изилдөө университеттеринин бири. KITтин инновациялык ишмердүүлүгү илимий ачылыштарды коом үчүн колдонууга көмөктөшөт. 

Шилтемелер:

  1. Жаңылык Карлсруэ технологиялык институтунун  https://www.kit.edu/kit/english/pi_2025_049_kit-researchers-develop-ai-model-to-generate-global-realistic-rainfall-maps.php  интернет баракчасындагы маалыматтын негизинде жазылды.
  2.  Илимий жаңылыкка негиз болгон изилдөө Climate and Atmospheric Science журналында   https://www.nature.com/articles/s41612-025-01103-y жарыяланган.
  3.  Сүрөт KIT сайтындагы жаңылыктан алынды.
  4.  Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.
Close Menu
made in Moore Studio