Skip to ma content
search

Бул макалада Күндүн Жер бетиндеги ультракызгылт нурлануу радиациясынын ургалдуулугу (интенсивдүүлүгү) кыскача мүнөздөлөт.

Ошондой эле Кыргызстандын орто жана бийик тоолуу аймактарында Күндүн бул радиациясынын адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген деңгээлин көрсөткөн ультрафиолет индекси жаз жана жай мезгилдеринде нормадан жогору экендигин далилдеген маалыматтар берилет.

Ага катар ультрафиолет нурдан сактанууда кандай ыкмаларды колдонуу керектиги, тоолуу аймакта, өзгөчө, кайсыл убакытта Күндүн ультракызгылт нурунан коргонуунун зарылдыгы тууралуу да айтылат.

Ультракызгылт радиация (УКР) – бул Күндүн электромагниттик шоолаларынын бир бөлүгү, аны 1801-жылы немец физиги Иоганн Риттер (Johann Wilhelm Ritter) ачкан. Миллиарддаган жылдар мурун атмосферада кычкылтек жана Озон катмары болгон эмес. Жердин аба катмары азоттон, аммиактан, метандан, көмүр кычкыл газдан, суу бууларынан турган жана УКР Жер бетине таасирин толугу менен тийгизген. Кийинчээрек кычкылтектин пайда болушу менен озон катмары жаралган.

Беш миллиард жылга жакын мезгилдин аралыгында Күн нурунун таасиринин ургалдуулугу 25%дан 65%га чейин өскөн. Күндүн Жер бетине келип түшкөн нурунун (Жер бетине мүнөтүнө 1 кал/ см2 күн энергиясы жетет) ургалдуулугу ар түрдүү жаратылыш факторлоруна, асманды каптаган булутка, абанын булганышына, чөйрөнүн деңиз деңгээлине салыштырмалуу бийиктигине, сутканын жана жылдын мезгилине, Күндүн асмандагы жайлашуу абалына жараша болот.

Глобалдык деңгээлде жүргүзүлгөн илимий иштердин негизинде, 1992-жылдан тартып озон катмарынын жукарышы жана мунун натыйжасында Күндүн УКШ таасиринин өскөнү байкалган.

Жердин озон катмарынын жукарып кетишинин негизги себебин окумуштуулар Фрэнк Роуленд (АКШ), Марио Молина (АКШ-Мексика) жана Пауль Крутцен (Нидерланд-Германия) аныкташкан жана бул изилдөөсү үчүн 1995-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан. Алар озон катмарын бузган негизги заттар Күндүн радиациясынын таасиринен улам көмүрсуутектин молекуласынан ажырап, бөлүнүп чыккан хлор менен бромдун аниондору экендигин далилдешкен.

Жер бетине келип түшкөн ультракызгылт шоолалардын саны атмосферадагы озондун санына байланыштуу. Жер бетинен 10-45 км бийиктикте жайгашкан стратосферадагы озон молекулалары УКШ-Вны сиңирип алат, Жер бетине жеткен нурлардын санын азайтат. Озон катмары адам баласын жана бүткүл жер бетиндеги тирүү жандыктарды, өсүмдүктөрдү зыяндуу ультракызгылт шоола нурларынан сактайт.

Озон катмары бузулган сайын, атмосфера тарабынан камсыздалган коргоочу фильтр азаят, бул болсо адамдардын жана бардык тирүү организмдердин Күн нурунун зыяндуу таасирине дуушар болуусуна алып келет.

Ультракызгылт шоолалар толкундун узундугуна жараша төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:

  1. Кыска толкундууUVC ( Ультракызгылт -С) – толкундун узундугу 200-280 нм түзөт;
  1. Орто толкундуу UV-B (Ультракызгылт-В)  – толкундун  узундугу 280-315 нм түзөт;
  1. Узун толкундуу – UV-A (Ультракызгылт-А)   – толкундун  узундугу 315-400 нм түзөт.

Кыска толкундуу нурлар  (UV-C) эн коркунучтуу  нурлар, бирок алар  негизинен 20-25 км. аралыктагы бийиктикте озон экраны – атмосферанын жука катмары тарабынан дээрлик толугу менен  тосулат жана Жер бетине терс таасир тийгизбейт.

Орточо толкундуу  (UV-B ) жана узун толкундуу  (UV-A) нурлар атмосферадагы Озон катмарынын жардамы менен жарым-жартылай тосулат, ал эми калган бөлүгү жер бетине жетет да, андагы чөйрөгө, адамдардын ден-соолугуна  олуттуу түрдө  терс таасирин тийгизет.

Биологиялык жактан алганда 280-315 нм толкун узундугундагы UV-B Күн радиациясы ургалдуу болгондо организмге зыяндуу. Организм Күндүн ургалдуу радиациясынан меланин пигментинин жардамы менен өзүн-өзү  коргойт.

Меланин заты теринин сырткы катмарында жайгашат жана ал зат канчалык териде көп болсо, адамдын терисинин түсү кара тору  келип, анын  Күн нурунан коргоочу даражасы ошончолук жогору болот, ал эми териси, чачы ак адамдар Күн нуруна тез күйөт, теринин ар түрдүү ооруларына тез чалдыгышы мүмкүн.

Анткени ультракызгылт UV-B нуру клеткалардын ишин жөнгө салып, тери ооруларынын пайда болуу активдүүлүгүн басаңдаткан жана жол бербеген ген клеткаларына таасир кылат, аларды бузат, ген мутацияга учурайт, иммунитет функциясы төмөндөйт. Ошонун натыйжасында териде ар түрдүү пигменттик күңүрт тактар, эритема, карцинома, тери меланомасы пайда болот.

Ошондой эле Күндүн интенсивдүү ультракызгылт-А жана В  нурларына адамдын көзү да дуушар болуп, анын натыйжасында катаракт, коньюктивит, кератит ж.б. оорулар келип чыгышы мүмкүн.

 

Глобалдык индекс

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы, Дүйнөлүк метеорология уюму жана Эл аралык ионсуз радиация комиссиясы менен биргеликте «Күндүн ультракызгылт шооласынын (нурунун) глобалдык индексин» (UV index) иштеп чыккан.

Бул иштин максаты – адамдар ачык асман алдында, Күндө жүргөндө ультрафиолеттин ургалдуулугун эске алуусу жана анын таасиринен пайда болуучу оорулардын санын төмөндөтүү.

UV index – бул теринин Күнгө күйүп калуусун пайда кылган UV-B күн нурларын өлчөөчү бирдик. UV index көрсөткүчү канчалык жогору болсо, адамдын денесине, терисине жана көзүнө тийгизүүчү потенциалдуу коркунуч ошончолук жогору болот жана ден соолукка зыян келтирүү үчүн убакыт кыскарат.

Индексти пайдалануунун ыңгайлуулугу үчүн анын төмөнкүдөй классификациясы сунушталган:

1.Индекс 1-2 –Күндүн нуру коркунучсуз.

2.Индекс 3–7 – орто жана жогорку деңгээлдеги УКШ, бул учурда коопсуздук чараларын көрүү керек, б.а. Күндүн алдында болууну чектөө, ал эми ачык асман алдында жүргөндө күндөн коргоочу SPF 15тен жогорку кремдерин колдонуу, күндөн сактоочу көз айнек тагынуу, кыры жазылуу болгон калпактарды кийүү жана саат 11ден 16га чейин Күн астында жүрүү убактысын кыскартуу керектигин эскертет.

3.Индекс 8–10 – абада өтө жогорку денгээлдеги УКШ кармалып турганын далили.

4.Индекс 11 жана андан жогоркусу абада Күндүн ашыкча жогорку деңгээлдеги жана ден-соолукка зыяндуу УКШсы кармалып турат дегенди түшүндүрөт.

1- сүрөт. Күндүн ультракызгылт нурунун глобалдык индекси

Күндүн УКШ нурунун ургалдуулугу жаратылыш факторлоруна: сутканын убактысына жана жылдын мезгилине, Жер бетинин деңиз деңгээлинен турган бийиктигине, Күндүн экватордо жайгашуусуна көз каранды. Жер бетинин деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикке жогорулашы менен Күндүн ультракызгылт нурунун таасири 10 -12% га өсөт.

 

Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы изилдөөлөр

 

Кыргыз окумуштууларынын буга чейинки изилдөөлөрүндө жаз мезгилинде жана жай айынын башында Борбор Азия аймагында стратосфералык озондун 25-30%га төмөндөшү аныкталган жана бул жараян Күндүн Жер бетиндеги биологиялык активдүү UB-В радиациясынын ургалдуулугу жогорулашы менен коштолору далилденген.

Кыргызстандын аймагынын 90%га жакыны деңиз деңгээлинен 1000-1500 метр жогору жайгашкан. Республиканын 7 млн. калкынын 35% деңиз деңгээлинен 800 метр , 65% деңиз деңгээлинен 1000, 1600, 3000 метр жана андан да бийик болгон аймакта жашайт.

Мындай шартта озон катмарынын жукарышы менен Күндүн ультракызгылт нурунун деңгээлинин жогорулашы көпчүлүк башка өлкөлөрдүн калкына салыштырмалуу, Кыргызстандын калкына олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн.

Ысык-Көл жана Борбор Азиядагы озонометриялык станциялардын маалыматтары боюнча (Ашхабад, Душанбе, Чарджоу, Алма-Ата, Арал деңизи, Караганда) жазында аймактын үстүндө жайгашкан озон катмарында терең көзөнөкчөлөрдүн синхрондуу түрдө пайда болгону белгилүү.

Андыктан, изилдөөнүн максаты – республиканын жапыз жана орто бийиктикте жайгашкан аймактарынын Күндүн жаз жана жай айларындагы UV индексинин көрсөткүчүн аныктоо болду жана бул маалыматтар «Метеостанция 02977» жана «KST 02871» өлчөгүчүнүн жардамы менен алынды. (2-сүрөт).

 2-сүрөт. Күндүн UV индексинин көрсөткүчүн аныктоочу «Метеостанция 02977» жана «KST 02871» өлчөгүчү.

 

Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүндөгү көрсөткүчтөр

 

Бул эки аймак бири-биринен табигый-климаттык шарттары жана жеринин бийиктиги боюнча айырмаланат.

Ысык-Көл облусу деңиз деңгээлинен 1000 – 3600 м, Чүй облусу 410-4895 м бийиктикте жайгашкан.

Төмөндө жаз жана жай мезгилдеринде, тоолуу шартта, дениз денгээлинен  орто жана төмөн бийиктикте жайгашкан аймактарда жүргүзүлгөн илимий изилдөөнүн натыйжасында алынган маалыматтар келтирилет.

                                             1-таблица. Күндүн жаз мезгилинде деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктиктеги  ультрафиолетинин орточо индекси, температурасы жана абанын нымдуулугу.

Изилденген көрсөткүчтөр          Изилдөө жүргүзүлгөн  убакыт
       800       1000 1200 1400 1600 1800
Күндүн орточо ультрафиолет UV  индекси        2,3         5,6  6,6 6,3 5 2
Температурасы          15        18   19 17 17 17
Нымдуулугу          28        25      24 25 24 27

 

Орто бийиктикте жайгашкан тоолу аймакта жай мезгилинде (июнь – август айларында) жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Күндүн орточо ультрафиолет UV индекси,  жаз айларына салыштырмалуу,  1,5 – 2 эсеге кескин жогорулайт.

                                               2-таблица. Күндүн жай мезгилинде деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктиктеги ультрафиолетинин орточо индекси, абанын температурасы жана нымдуулугу.

         Изилденген көрсөткүчтөр Изилдөө жүргүзүлгөн убакыт
900 1200 1500 1800
Күндүн орточо ультрафиолет UV  индекси 7 9 10 5
Температурасы 20 23 24 21
Нымдуулугу 23 24 22 22

 

                                              3-таблица. Күндүн жаз мезгилинде деңиз деңгээлинен 760 м бийиктиктеги ультрафиолетинин орточо индекси, абанын температурасы  жана нымдуулугу.

 

Изилденген  көрсөткүчтөр

Изилдөө жүргүзүлгөн убакыт
900 1200 1500 1800
Күндүн орточо ультрафиолет UV  индекси 2 5,6 6 5
Температурасы 15 17 19 18
Нымдуулугу 33 32 32 30

3-таблицадан көрүнүп тургандай, жазында жапыз тоо шарттарда күндүн радиациясынын орточо деңгээли саат 12:00дөн 18:00гө чейинки убакытта  жапыз тоолуу бийиктикте –  5,6, 6 жана 5 индексти түзгөн.

Ал эми орто бийиктиктеги тоо шартында жаз мезгилинде бул көрсөткүчтөр –  6,6;   6,3; 5 жана 2  индекс болгон. (1-таблица).

1 жана 3 – таблицалардан көрүнүп тургандай, кечке маал орто бийиктиктеги тоо шартында  UV индекси төмөндөп, ал эми жапыз тоолордо жогору бойдон калган ( орто бийиктиктеги тоо шартында 2 индекс, ал эми 6,3 индекс – жапыз бийиктиктеги тоо шартындагы корсоткуч). Бул учурда абанын орточо температурасы жапыз тоолордо эртең менен +150 С дан,  кечинде +180 С га чейин өзгөрүп турган.

 

                                            4-таблица. Күндүн жай мезгилинде деңиз деңгээлинен 760 м бийиктиктеги ультрафиолетинин орточо индекси, абанын температурасы жана нымдуулугу

 

Изилденген көрсөткүчтөр

Изилдөө жүргүзүлгөн убакыт
900 1200 1500 1800
Күндүн орточо ультрафиолет UV  индекси 5 8 7 5
Температурасы 26 31 31 30
Нымдуулугу 25 25 26 25

 

4-таблицада  келитирилген илимий маалыматтарга ылайык, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте Күндүн ультрафиолет индексинин орточо деңгээли орто эсеп менен жай мезгилинде да (июнь, июль, август айлары)  нормадан жогору болгондугун байкоого болот: эртең мененки саат 9:00дө орточо 5 индексти, ал эми 12:00дөн 15:00гө чейин UV  индекси  8 жана 7 цифраны түзгөн. Кечке жуук Кундун УКШ нурлары  5 индексти көрсөткөн.

Ушул эле мезгилде абанын орточо температурасы эртең менен (9:00дөн 12:00гө чейин) +260  С дан кечке жуук  +300 С га чейин, түштө орточо +310 С га чейин өзгөрүп турган.

Демек, Ысык-Көл облусунда орто бийиктиктеги тоо климаты өкүм сүргөнү менен, жаз айларында (5,6; 6,6; 6,3; 5 индекс) жана жай  айларында (7; 9; 10; 5 индекс), Күндүн ультракызгылт шоола нурлары нормадан 2-3 эсеге жогору экендиги маалым болду. Ошол эле учурда температура жана нымдуулук өтө деле жогору болгон эмес.

Ал эми дениз денгээлинен 530-850 м бийиктиктеги  Бишкек шаарында  Күндүн ультракызгылт шоола нурлары жаз айларында 2; 5,6; 6 жана 5 индексти түзгөн.

Жай айларында индекстин орточо көрсөткүчү 5; 8; 7 жана 5 болгон.

Төмөнку бийиктиктеги орточо UV индекси  нормадан жогору, бирок алар тоонун ортолук шарттарында орточо UV индексинин маанилерине салыштырмалуу төмөн. Ал эми абанын  температурасы, 1600 метр бийиктиктики  менен салыштырганда, алда канча жогору.

Кыргызстандын байкоо жүргүзүлгөн тоолуу аймактарынан чогултулган маалыматтар боюнча Күндүн ультракызгылт шооласынын индексинин орточо коркунучтуулук даражасы негизинен төмөнкүдөй:

  1. 1. 5 – 6 индекс – орточо;
  2. 2. 7 – 9 индекс – жогору;
  3. 3. 10 – 11 индекс – өтө жогору.

Андыктан, тоолуу аймактарда жашаган калк  Күндүн радиациясынан   коргоочу каражаттар, ультракызгылт шоолалардын таасиринен сактануучу негизги ыкмалар тууралуу билиши керек.

Ошондой эле Күндүн «ачуу»  нурунан сактанууда  крем, ласьон, чачылма суюктук (спрей) сыяктуу каражаттарды туура колдонуу, аларда жазылган SPF индексин эске алуу, күндөн коргоочу көз айнектерди туура тандоо, Күндүн ургалдуу тийген ультракызгылт  шооласынан сактанууда кайсыл кездемеден жасалган кийимдерди, баш кийимди кийүү керектигин калк арасында түшүндүрүү, өзгөчө алыскы бийик тоо шартында  жашагандар үчүн маалымат берүү жана жаш балдардын ден-соолугуна кам көрүү көңүл бура турган маселелерден.

Ага катар Күндүн UV индекси  нормадан жогору болгондо ден-соолукка тийгизүүчү таасири жана кесепеттери тууралуу да адистердин маалымат каражаттары, социалдык медиа аркылуу калкка айтып туруусу  абзел.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, учурда  адамдын ден-соолугунун 45-50% жашоо шартына, 10-20% тукум куучулукка, 8-10% практикалык саламаттыкты сактоого жана 20% адамды курчап турган сырткы чөйрөгө байланыштуу жана көз каранды.

Калк арасында экологиялык илимий билимди жайылтуу, жашоодо айлана-чөйрөнүн шартына туура келген гигиеникалык жүрүм-турумдарды калыптандыруу жана аны көнүмүш адатка айландыруу менен бирге, адамдардын ден-соолугун сактай билүүсүнө салым кошуу адистердин гана эмес, жоопкерчиликтүү жарандардын ыктыярдуу иши болушу зарыл.

 

Илимий терминдерге түшүндүрмө:

Озон – молекуласы  кычкылтектин үч атомунан турган стратосферада жайгашкан газ.

Озон катмары  –  стратосферага топтолгон  озон молекулаларынын жука катмары.

Озон “көзөнөгү” -атмосферанын жогорку катмарында төмөнкү температурада пайда болот.

Ультракызгылт радиация – Күндүн электромагниттик  шоолаларынын бир бөлүгү.

Ультракызгылт шоолалар (УКШ) – күн жарыгынын спектеринин көзгө көрүнбөгөн бөлүгү, толкунун узундугу 280-315 нм ди түзөт; тирүү жандыктар менен адамдын ден-соолугуна  тийгизген  кесепети жогору болгон нур.

Нанометр (нм) – миллиметрдин  миллиондон бир бөлүгүнө барабар болгон өлчөө бирдиги.

Күн  радиациясы –  ультракызгылт жана инфракызыл шоолалардан турат, көрүнгөн нурлар -48%, ультракызгылт шоолалар – 7-10%, инфракызыл шоолалар – 43-45%ды  түзөт.

Ультракызгылт индекс (UV – index) –  Күндүн организм жана ден-соолук учун  зарыл  ультракызгылт шоолаларынын глобалдык индекси.

Катаракт – көздүн  чечекейинин тунарышы, сокур болуунун бирден бир себеби.

Карцинома – бети кабырчыктуу кызыл  шишик.

Кератит – көздүн айнек челинин сезгенүүсү.

Коньюктивит – көздүн былжырлуу челинин сезгенүүсү.

Меланин – организмдин терисиндеги, чачындагы, көздүн тордомо челиндеги боёоочу  заттар ( пигменттер).

Мутация – генетикалык маалыматты сактоочу,  тукум  куучулук түзүмдөрдүн кандайдыр бир фактордун таасири  менен  туруктуу өзгөрүүсү.

Иммунитет – организмдин  курчап турган чөйрөнүн терс факторлорунун таасирине туруштук  бере алган  жана терс таасирден  коргогон касиети.

SPF –  косметикалык каражаттардын  Күндүн ультракызыгылт шоолаларынан коргоо даражасы (проценти).

 

Шилтемелер:

  1. Макала ичиндеги сүрөттөр жана таблицалар автор тарабынан сунуш кылынды.
  2. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Anthonny Mucci.
  3. Илимий терминдерге түшүндүрмө автор тарабынан даярдалды.
Айгүл Бекболотова

Айгүл Бекболотова, биология илимдеринин доктору, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору, эколог. 2002-2004-жылдары КРУИАнын Бийик тоо физиологиясы жана эксперименталдык патология институтунда эксперименталдык патофизиология лабораториясынын башчысы болгон. 2009-2011-жылдары “Кыргызстандын тоолуу аймактарында ультрафиолет нурлануусунун ургалдуулугуна байкоо жүргүзүү” долбоорун жетектеген. 165 илимий эмгектин, анын ичинде эки монографиянын автору. e-mail: doctor_bekbolotova@mail.ru

Close Menu
made in Moore Studio