Skip to ma content
search
Изилдөө Бишкек шаарында жүргүзүлүп, лабораториялык анализге шаардык чөйрөдөн алынган топурак жана суу үлгүлөрү тартылды. Анын жүрүшүндө Бишкектеги айлана-чөйрөнүн абалы микробиологиялык жана биохимиялык көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланды.

Изилдөөнүн негизги максаты – Бишкек шаарынын Аламүдүн дарыясынын жээгинде, Ботаникалык бак (Набережный–Ахунбаев) аймагында шаардык агломерациянын топурагынын, суусунун жана абасынын экологиялык абалын комплекстүү түрдө баалоо болду. Изилдөө 2025-жылдын 31-июлунда жүргүзүлгөн.

Топурак үлгүлөрү үч тандалган чекиттен 15–20 см тереңдиктен алынган. Ар бир үлгү 200 граммдан таза крафт баштыкчаларына салынып, атайын белгилер коюлду.

Суу үлгүлөрү дарыянын жээгинен жана ортосунан ар бир үлгү 0,5 литрлик таза пластик жана айнек бөтөлкөлөргө куюлуп, тиешелүү код менен белгиленди.

Сүрөт 1.  Аламедин дарыясынын жээгинен жана ортосунан суунун үлгүлөрү алынган учур.

Аба микрофлорасын изилдөөдө  седиментациялык ыкма, аба микрофлорасынан  бактерияларды бɵлүп алуу үчүн ЭПА (эт-пептон агары) жана козу карындарды бɵлүп алуу үчүн Сабуро чɵйрɵсү колдонулду.

Изилдөөлөрдө  көзөмөл каражаты катары дистилденген суу пайдаланылды. Андан тышкары, суунун курамындагы жез (Cu²⁺) иону титриметриялык ыкма менен аныкталды.

Сүрɵт 2. Кыргыз-Түрк Манас университетинин Фитопотология жана топурак таануу лабораториясындагы жумуш учуру.

Бардык лабораториялык иш-аракеттер санитардык-гигиеналык эрежелерди толук сактоо менен жүргүзүлдү. Үлгүлөрдү алууда жана иштетүүдө стерилдик шарттар камсыздалды.

Изилдөөнүн маалыматтары шаардык аймактардагы топурак, суу жана абанын сапатын комплекстүү түрдө баалоого мүмкүнчүлүк берди. Алынган көрсөткүчтөр экологиялык абалды жакшыртуу жана санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууда маанилүү маалымат базасын түзөт.

 

Аба чөйрөсү

 

Изилдөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар үч негизги чөйрө боюнча талданды: абанын, топурактын жана суунун абалы.

Абанын микробиологиялык абалын изилдөөдө биз санитардык-көрсөткүчтүү микроорганизмдердин жана жалпы микробдук санынын көрсөткүчтөрүн аныктадык.

Бул үчүн атайын Петри табакчалары колдонулуп, белгиленген жерлерден үлгүлөр чогултулду, анын негизинде төмөнкү жыйынтыктар алынды:

  • Т2(1): 354,16 КОЕ/м³
  • Т2(2): 437,5 КОЕ/м³
  • Т2(3): 541,6 КОЕ/м³
  • Т2(4): 416,6 КОЕ/м³

         Орточо микробдук саны: 437,4 КОЕ/м³

Сүрөт 3. Абанын лабораториялык жыйынтыгы.

Жогорудагы көрсөткүчтөр боюнча абанын жалпы микробдук жүгү орточо деңгээлде экени байкалды, ал эми сырттагы аба менен салыштырганда, микробдук деңгээл жогору болгон. Бул шаардык шартта булганычтардын жана шаардын ири активдүүлүгүнүн таасирин көрсөтөт. Муну биз  изилдөөнүн жүрүшүндө микроскоптон  да байкай алдык.

Сүрөт.4. Козу карындын жана бактериянын микроскоптон биохимиялык көрүнүшүнүн жалпы жыйынтыгы.

Аба чөйрөсүндө, ошондой эле, стафилококк, β-гемолитикалык стрептококк сыяктуу организмдер табылышы мүмкүн экени  буга чейинки башка изилдөөлөрдө айтылган. Биздин изилдөөдө ушул нерсе аныкталды. Аны биз лабораторияда көрө алдык.

Сүрөт. 5. Абадан бөлүнүп чыккан стафилококк бактерияларынын Микроскоп аркылуу алынган сүрөтү (1000 эсе чоңойтулган).

 

Топурак чөйрөсү  

 

Топурактын үлгүсү кургак жана таштуу жерден алынды. Визуалдык жана лабораториялык анализдердин негизинде, топурактын түсү боз-коңур деп аныкталды. Бул түс адатта чөлдүк жана жарым-чөлдүк климаттагы аймактарда кездешет жана органикалык заттардын орточо деңгээлде экенин көрсөтөт.

Бул типтеги топурак борпоң келип, сууну начар өткөрөт. Ал эми таштуу түзүлүшү өсүмдүктөр үчүн жагымсыз, себеби суу жана азык заттардын кармалышы кыйын болот. Биз алган үлгүдө гумустун деңгээли төмөн, бул органикалык заттардын аз экенин билдирет. Микробдук активдүүлүк да начар болгон, бул – микроорганизмдердин жашоосу үчүн ылайыктуу шарт жоктугунун белгиси.

Ошондуктан азотту топтоочу микроорганизмдер дагы биздин изилдɵɵдɵ  башка  тайпалардын үлгүлɵрүнɵ салыштырмалуу аз болуп чыкты.

Атмосфералык булгануу, транспорт  кыймылынын ургалдуулугу, курулуш жана таштанды таштоочу жайлардын жакындыгы шаардагы топурактын курамына терс таасирин тийгизет.

Топурактан алынган үлгүлөрдү изилдөөдө, микроскопиялык жана культуралык ыкмалар аркылуу ар кандай микрофлоранын өкүлдөрү аныкталды. Өзгөчө көңүлдү бурган жагдай – бул азот фиксациялоочу бактериялардын болушу. Аларга Azotobacter spp. жана Clostridium pasteurianum сыяктуу топтор кирет.

Бул бактериялар эркин жашоо образын жүргүзүп, атмосферадагы молекулярдык азотту (N₂) топурактагы өсүмдүктөр сиңире ала турган формасына – аммоний (NH₄⁺) жана нитраттарга (NO₃⁻) айландырып, топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.

Сүрөт 6. Топурактан алынган  жыйынтыктардын толук үлгүлөрү.

 

Топуракта  табылган башка микроорганизмдерге Bacillus spp., Actinomyces spp., ошондой эле шарттуу-патогендик микроорганизмдер кирет. Алардын көпчүлүгү топурактын органикалык заттарын ажыратууга жана топурак түзүмүн жакшыртууга катышат. Мындай биотүрдүүлүктүн бай болушу изилденген аймакта биологиялык активдүүлүктүн жогору экенин жана айлана-чөйрөнүн салыштырмалуу туруктуулугун көрсөтөт. Ошону менен катар, санитардык көрсөткүчтөр боюнча, энтеробактериялардын (мисалы, Escherichia coli) аябай төмөн деңгээлде байкалганы санитардык абалдын өтө начар эместигин, бирок шарттуу кооптуулук бар экенин билдирет.

 

Суу чөйрөсү

 

Суу үлгүсү Аламедин дарыясынан алынып, физикалык жана биологиялык параметрлер боюнча анализден өткөрүлдү. Алгач, бактериологиялык анализ аркылуу жалпы микробдук саны орточо деңгээлде экендиги аныкталды. Бул – шаардык суу объектилери үчүн кадимки көрүнүш. Ошондой эле, санитардык-көрсөткүч микроорганизмдерден E. Coli жана энтерококктар төмөн концентрацияда аз кездешти, бул суунун санитардык абалы туруктуу экенин, бирок үзгүлтүксүз көзөмөл зарыл экенин көргөзүүдө.

Үлгү алынган суу ылай аралашкан, бирок белгилүү бир тунуктоо процесси байкалган.

Суунун физикалык көрсөткүчтөрү:

Электр өткөрүмдүүлүгү: 139.5 µS/cm

Туздуулук: 83 мг/л

рН деңгээли: 8.5

 

Жогорудагы көрсөткүчтөр – суунун аз щелочтуу (же жумшак щелочтуу) мүнөзгө ээ экенин белгиси. Туздуулук жогорку деңгээлде эмес, бирок электр өткөрүмдүүлүгү боюнча бул суу иче турган суунун стандарттарынан жогору. Электр өткөрүмдүүлүк көбүнчө ион кошулмаларынын (натрий, кальций, магний ж.б.) көптүгүнөн болот.

Изилдөөнүн негизинде болжол менен 65,3% суудан алынган үлгүлөрдө микроорганизмдер аныкталды. Бул суунун сапаты санитардык талаптарга толук жооп бербеши мүмкүн экенин көрсөтөт. Бактериялардын жалпы үлүшү 3,4% деңгээлде, булардын арасында шарттуу-патогендик бактериялар болушу мүмкүн.

Химиялык анализдин жыйынтыгында, сууда жез (медь, Cu²⁺) элементинин орточо концентрациясы табылды. Бул концентрация Кыргызстандагы санитардык-экологиялык ченемдерге дал келет, бирок узак мөөнөттүү колдонууда организмге терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Жез сууда жогорку концентрацияда кездешсе уулуу элемент болуп эсептелет, бирок изилденген үлгүдө ал макулдашылган чектен ашкан жок. Ошону менен бирге, анын бар болушу адам организми жана айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү таасирлери тууралуу терең изилдөөлөрдү талап кылат.

Андан тышкары, суунун электролиттик курамы да изилденди. Электр өткөрүмдүүлүгү, туздардын курамы жана рН деңгээли суунун табигый жана антропогендик өзгөрүүлөргө кабылганын көрсөттү. Жалпысынан, рН деңгээли нейтралдуу чөйрөгө жакын болгону менен, айрым үлгүлөрдө бир аз кычкыл жакка ыктай турган көрсөткүчтөр байкалды. Бул суунун химиялык балансын үзгүлтүксүз байкап туруу зарылдыгын билдирет.

Ошондой эле, суу объектилеринде жездин болушу бул райондук санитардык көзөмөл органдары тарабынан атайын көзөмөлдү талап кылган фактор катары каралышы керек. Сууну ичүү же чарбада колдонуу үчүн алдын ала тазалоо жана фильтрациялоонун зарылдыгы байкалды.

Айрым үлгүлөрдө санитардык-патогендик бактериялардын төмөн концентрацияда табылышы, шаардык шартта жогорку калк жыштыгы жана жетишсиз тазалоо системалары сыяктуу көйгөйлөрдөн улам болушу мүмкүн. Бул коомдук ден- соолукка коркунуч жаратпаганы менен, жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы

 

Изилдөөнүн жүрүшүндө күтүлгөн жыйынтыктар көпчүлүк учурда тастыкталды.

Алынган топурак, суу жана аба үлгүлөрү бизге айлана-чөйрөнүн санитардык-гигиеналык абалы жөнүндө кеңири түшүнүк берди. Жыйынтыктоочу маалыматтарга ылайык, изилденген үч чөйрөнүн ар биринде өзгөчө экологиялык көрсөткүчтөр байкалды.

Аба үлгүлөрүн иликтөөдө жалпы микробдук саны норманын чегинде экени аныкталды.

Бирок, айрым учурларда стафилококк жана бета- гемолитикалык стрептококктор сыяктуу бактериялар аз санда байкалды. Бул абанын тазалыгы жалпы алганда канааттандырарлык экенинен кабар берет

Топурак органикалык заттарга жарды, таштуу түзүлүшкө ээ болуп, өсүмдүк өсүшү үчүн ылайыксыз. Топурак үлгүлөрүн изилдөөдө азот фиксациялоочу бактериялардын бар экени билинди.

Бул бактериялар өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн маанилүү болгон азот элементин биологиялык жол менен топуракка өткөрүп берет. Бирок, ошону менен бирге, топуракта башка шарттуу-патогендик микроорганизмдердин саны нормадан жогору экени байкалган учурлар да катталды, бул санитардык абалды жакшыртуу зарылдыгын көрсөтөт.

Ал эми суу булактары, айрыкча Аламедин дарыясы, ири шаардык жашоонун терс таасирине кабылган. Микроорганизмдердин көптүгү жана жогорку туздуулук суунун биологиялык жана физикалык сапатынын начар экенин тастыктайт.

Аталган жыйынтыктар коомдук, илимий жана мамлекеттик деңгээлде иштелип чыгуучу экологиялык саясий чаралар үчүн негиз боло алат деп толук кандуу айта алабыз. Кийинки этаптарда биологиялык жана химиялык көзөмөлдү бириктирип, мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү сунушталат. Ал эми суунун жана абанын санитардык абалын жакшыртуу боюнча кошумча чаралар талап кылынат.

Изилдөөдө колдонулган методдор натыйжалуу экени далилденип, келечекте дагы кеңири масштабда колдонууга ылайыктуу экени билинди.  Бул маалыматтар шаардык жана аймактык санитардык кызматтар үчүн практикалык мааниге ээ.

 

Макаланын авторлору ( солдон оңго):
Мээримай Кыргызбаева, Кочкор Эрматов атындагы жатак-мектеби, Жалал-Абад облусу, Сузак району;
Илим Молдокулов,  Токтогул Бабанов атындагы жатак-мектеби, Талас облусу, Айтматов району;
Кыз – Жибек  Калматова, N 1 жатак-мектеби, Баткен облусу, Раззаков шаары.

 

Эскертүү: Бул илимий изилдөө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Түркиянын Маариф фонду, «Ала-Тоо» Эл аралык университети, Кыргыз-Түрк Манас университети жана Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңешинин демилгеси менен уюштурулган «Жаш изилдөөчүлөр лагери» илимий-практикалык иш-чарасынын алкагында жүргүзүлгөн. Авторлор илимий жетекчилерге изилдөөнүн бардык этаптарында көрсөткөн баалуу кеңештери жана методикалык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Макала “Эл Илим” журналына Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан сунушталды.

 

Илимий терминдерге түшүндүрмө:

КОЕ/m3 – Колония түзүүчү бирдик (Колониеобразующая Единица). Бактериялар, козу карындар сыяктуу микроорганизмдердин абадагы өлчөө бирдиги болуп эсептелет. Абанын жалпы микробдук санына (ОМЧ) анализ жүргүзүү – абанын ар бир куб метрине (м³) туура келген КОЕ санын аныктайт, ал эми жол берилген ченемдер жайдын түрүнө жараша өзгөрөт. Абадагы КОЕ – абанын тазалыгынын маанилүү көрсөткүчү, анын микробдор менен булганышын чагылдырат жана КОЕни көзөмөлдөө ар түрдүү жайларда ден соолукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл.

Седиментациялык ыкма – бөлүкчөлөрдүн суюктукта же газда өз алдынча түшүүсүнө негизделген анализ ыкмасы. Бул ыкма аркылуу бөлүкчөлөрдүн өлчөмүн, салмагын билүүгө же үлгү алууга болот. Аны суюктук суспензияларды, порошокторду талдоо, абадагы микроорганизмдерди аныктоо же медициналык максаттарда колдонушат. Абанын микрофлорасын аныктоодо Петри табакчалары сиңирүүчү каражаты менен ачык абада коюлат, андан соң ага түшкөн бардык микроорганизмдер эсептелет.

Титриметриялык ыкма(титрлөө) – заттын курамын жана концентрациясын аныктоо үчүн колдонулган ыкма. Анын маңызы – белгилүү концентрациясы бар эритмени (титрантты) акырындык менен изилденүүчү затка кошуп, реакция толук бүткөн учурду табуу. Ошол учурда колдонулган эритменин көлөмү боюнча изилденген заттын концентрациясы эсептелет. Титриметриялык анализ ар кандай заттардын концентрациясын аныктоо үчүн өнөр жайда жана лабораториялык шарттарда кеңири колдонулат, ошондой эле суунун сапатын талдоо үчүн (мисалы, кычкылдуулугун же катуулугун аныктоо) пайдаланылат.

Суунун pH деңгээли – суунун сапаты үчүн абдан маанилүү көрсөткүч. Ал ичүүчү суунун коопсуздук стандарттарына, түтүктөрдүн дат басышына жана суу экосистемаларынын саламаттыгына  таасир этет.  Суунун курамы 0дөн 14кө чейинки шкала боюнча логарифмдик ыкма менен өлчөнүп,  салыштырмалуу кычкылдуулугу  же щелочтуулугу аныкталат. Суутек (H⁺) жана гидроксид (OH⁻) иондору тең салмактагы таза суу нейтралдуу болуп, анын pH көрсөткүчү 7ге барабар. Суунун  эгер pH  деңгээли 7ден төмөн болсо  кычкылдуу, ал эми 7ден жогору  болсо щелочтуу деп эсептелет.

 

Шилтемелер:

  1. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды.
  2. Макала ичиндеги сүрөттөрдү авторлор сунуш кылды.
  3. Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.
Close Menu
made in Moore Studio