Skip to ma content
search

Эл аралык тажрыйбага жана учурда жасалып жаткан иштерге караганда, ириде жасалма интеллекттин инфраструктурасын түзүү – жаңы доорго даярдыктын жана санариптик суверенитеттин өзөк маселеси. 

ЖИнин инфраструктурасы иретинде учурда анын дата борборлору, фабрикалары курулууда. 

Тигил же бул өлкөдө жеке адамдар ЖИнин ар кандай майда жана жеңил  аспаптарын өз алдынча колдоно берүүсү мүмкүн. 

Бирок, ЖИни экономиканын тармактарына, медицинага, илимий изилдөөлөргө, билим берүүгө, физикалык жумуштарга кеңири интеграциялоонун ыргагы ЖИнин  инфраструктурасынын, адистер менен адамдардын даярдык деңгээлине жараша жүрөт.

Илимий түшүнүк катары 1950 – жылдардын экинчи жарымында эле пайда болгон жана эми эмгек өндүрүмдүүлүктү көтөрүү үчүн адамга жардамга келе жаткан жасалма интеллект камтуучу тармактар барган сайын кеңейгени турат.

Жалпы алганда дүйнөнүн ички дүң өндүрүшүнүн көлөмү жыл өткөн  сайын жогорулаганы, кээде туруктуу  абалда болгону же ылдыйлаганы менен кеминде акыркы чейрек кылым  ичи эмгек өндүрүмдүүлүгү өспөй  калганы  белгилүү.

Адамзаттын тарыхында буга чейин боло жүргөндөй эле эми кезектеги – төртүнчү  индустриалдык ыңкылап мына ошол эмгек өндүрүмдүүлүктү көтөрөт деп күтүлгөн.

Андыктан, азыр баштапкы баскычтарында турган жасалма интеллектти төртүнчү индустриалдык ыңкылаптын практикалык түрдө ишке аша баштоосу жана адамдын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну карай маанилүү кадам катары кароого болот.

2025 – жылдын ноябрь айында, Париж шаарында “ЖИни кабыл алуу (Adopt AI)” деген тема астында өткөн эл аралык саммитке катышкан учурда уккан-билгеним жана түшүнгөнүм – алдыда жасалма интеллект аралашпаган тармак калчыдай эмес.

Ар тармактын өзүнүн жасалма интеллектиси чыгат.

Эң ириде экономикалык мотивация чоң, орто жана майда компанияларды ЖИнин жаңы моделдерин, алгоритмдери менен агенттерин табууга жана иштеп  чыгууга түрткү бере берет.

Глобалдык инновация боюнча StartsUs Insights деген порталда жарыяланган маалыматтарга  караганда, 2025-жылдын аягына  карата дүйнөдө 212 миңден ашуун жасалма интеллект компаниясы иштеп жатты жана булардын 62 миңден ашууну ЖИ менен байланышкан стартап компаниялар.

Алдыда ишине ЖИнин системаларын ийгиликтүү жана туура интеграциялаган өлкөбү же ишкана болобу аларда эмгек өндүрүмдүүлүгү өсөт, продукциянын же кызмат көрсөтүүнүн сапаты артат жана бул жетишкендик эң негизгиси продукция өндүрүү, кызмат көрсөтүү же илимий изилдөө жүргүзүүбү, мурдагыдан аз чыгым менен, ага катар убакыт жагынан да тез аткарылуусу керек.

Түшүндүрмөсү боюнча да “жасалма интеллект (AI) – компьютерлерге мурда адамдын интеллектин талап кылган иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк берген технологиялардын жыйындысы. Аларга үйрөнүү, логикалык ой жүгүртүү, тилди түшүнүү, маалыматтарды талдоо жана пайдалуу сунуштарды берүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөр кирет.

Жасалма интеллект илимдин көптөгөн тармактарын камтыйт, анын ичинде компьютердик илимдер, маалыматтарды талдоо жана статистика, аппараттык жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу, лингвистика, нейроилимдер, ошондой эле философия жана психология.

Жасалма интеллекттин ыкмалары ар түрдүү болгону менен, алардын баары негизинен маалыматтарга, алгоритмдерге жана эсептөө кубаттуулугуна таянат. ЖИ системалары чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө аркылуу үйрөнүп, өркүндөйт жана адамдар байкабай калышы мүмкүн болгон үлгүлөрдү жана байланыштарды аныктайт. Бул маалыматтар окутуу материалы катары кызмат кылат, ал эми маалыматтын сапаты жана көлөмү жасалма интеллекттин иштөөсү үчүн абдан маанилүү”.

 

Маалымат (дата) болбосо, жасалма интеллект болбойт

 

Адистердин түшүндүрмөсүн айтканда, маалымат (дата) жасалма интеллект үчүн унаага жүрүшү үчүн күйүүчү май  сөссүз керек болгондой эле нерсе. Маалыматсыз (датасыз)  ЖИ моделдери өнүгө албайт, иштей да албайт.

2025-жылдын аягы генеративдик жасалма интеллектин туңгуч үлгүсү – ChatGPT ишке киргизилгенинин үчүнчү жылы  болду.

Жасалма интеллектин Чоң тил моделине (LLM) таянган бул аспапты АКШда алгач  2015-жылы коммерициялык эмес уюм катары негизделген OpenAI компаниясы 2022-жылдын  ноябрь айында ишке киргизген.

Андан бери генеративдик жасалма интеллектин башка үлгүлөрү да түзүлдү, учурда ири технологиялык компаниялардын ар  бири өзүнүн генеративдик жасалма интеллектин иштеп чыгуу же мурдагысынан өркүндөтүү үстүндө.

Ал эми 2025-жылдын 20-январынан тарта Кытайдын DeepSeek компаниясынын генеративдик жасалма интеллект үлгүсүн ишке киргизүүсү – бул чөйрөдөгү  глобалдык таймаштын белгиси катары бааланган.

Адамга азыр эң жөнөкөй иши катары –  табигый тилге окшошпосо да текст даярдап, сүрөт, үн, видео жаратып, булардан таталыраагы  программалык код жазып берип жаткан генеративдик жасалма интеллект, IBM компаниясынын түшүндүрмөсү боюнча, “адамдын мээсиндеги үйрөнүү жана чечим кабыл алуу процесстерине окшоштурулган, терең үйрөнүү моделдери деп аталган татаал машиналык үйрөнүү алгоритмдерине таянат.

Бул моделдер өтө чоң көлөмдөгү маалыматтардагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү жана өз ара байланыштарды аныктап, коддоп алуу аркылуу иштейт.

Андан кийин ошол маалыматты колдонуучулардын табигый тилдеги суроолорун же өтүнүчтөрүн түшүнүү жана аларга ылайыктуу жаңы мазмун менен жооп берүү үчүн пайдаланышат”.

Генеративдик жасалма интеллекттин түпкү же фундаменталдык моделин түзүүдө жана аларды машыктырууда адистер Интернеттен жана башка булактардан алынган эбегейсиз көлөмдөгү маалыматты (датаны) колдонушкан.

Gartner, McKinsey сыяктуу консалтинг компаниялардын эсебинде, дүйнөдө ишканалар жараткан маалыматтардын болжол менен 90%га чейинки бөлүгү – структураланбаган маалыматтар.

Интернеттен жана башка туташкан технологиялардан келип чыккан, бул ири маалымат топтомдоруна электрондук каттар, текст түрүндөгү документтер, социалдык медиадагы посттор, интернеттеги сүрөттөр, видеолор, мультимедиа файлдары кирет.

Генеративдик жасалма интеллект ушул структуралбаган  маалыматты  да өзүнө камтыды, башкача айтканда кызыкдар тараптардын аларды колдонуусуна жол ачты.

Бул “тазаланбаган”  маалыматтар да  алдыда компаниялар үчүн киреше табуунун булагы болот алат деп күтүлгөнү менен аларды сапаты  боюнча көйгөй бар.

2025-жылдын аягына карата ЖИнин моделдери негизинен чечилген маселе болуп калды, бирок ЖИ үчүн текшерилген жана сапаттуу маалымат (дата) али жетишсиз экен.

Атүгүл ЖИ үчүн сапаттуу маалымат азыр глобалдык интернет мейкиндигиндеги  маалыматтык жана тексттик ресурстун 55%га чейинки бөлүгүн түзгөн  англис тилинде да жетишсиз.

Генеративдик ЖИнин кайсыл модели болбосун ал санарип мейкиндикте буга чейин топтолгон жана адам жараткан тексттик-маалыматтык ресурсту колдонууда.

Эгер, кыргыз тили бул кылымда өнүксүн десек, санарип мейкиндикте туура маалыматтуу жана сапаттуу тексттерди, өзгөчө илимдин, технологиянын, өндүрүштүн багыттары, соода жана каржы-экономика боюнча көбөйтүү – алдыда келе жаткан доордун талабы.

ЖИ адистеринин аныктамасы боюнча кыргыз тили Табигый тилди иштетүү (NLP) куралдары жетишсиз болгон аз ресурстуу тилдердин катарында.

Ресурсу аз дегенде ЖИ адистери санарип маалыматтары менен тексттери аз, изилдөөлөр чектелүү, технология платформаларында колдонулбаган тилдерди эске алышат.

Биз эми технологиянын алдыдагы чейрек кылымдагы эле күтүлгөн өнүгүшүн эске алсак, кыргыз тилинин санариптик изинин сапатын арттырып, санарип мейкиндикте маалыматтык жана тексттик көлөмүн азыртан көбөйтө берүүнүн пайдасы гана болот.

Генеративдик ЖИнин глобалдык моделдери ошол тексттерди окуйт, балким келечекте кыргыздын өзүнүн генеративдик ЖИ модели жаралып, ага негиз катары кызмат кылат.

 

ЖИнин дата борборлору жана санариптик суверенитет

 

Кеңири жайылуу алдында турган ЖИ дооруна инфраструктуралык даярдык ишинде болсо глобалдык атаандаштык жүрүп жатканы байкалгансыйт.

ЖИнин  инфраструктурасы үчүн эң өзөк нерсе – анын  дата борборлору.

IBM компаниясынын түшүндүрмөсү боюнча “ЖИнин  дата борбору – жасалма интеллект колдонмолорун жана кызматтарын окутуу, ишке киргизүү жана жеткирүү үчүн зарыл болгон атайын IT-инфраструктура жайгашкан объект. Ал ЖИнин иш жүктөмдөрүн иштетүү үчүн өнүккөн эсептөө, тармактык жана сактоо архитектураларына, ошондой эле энергия менен камсыздоо жана муздатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Салттуу дата борборлорунда ЖИнин дата борборлоруна окшош көптөгөн компоненттер болгону менен, алардын эсептөө кубаттуулугу жана башка IT-инфраструктура мүмкүнчүлүктөрү олуттуу айырмаланат.

Бул эки дата борбордун айырмачылыктары жогорку кубаттуулуктагы ЖИнин иш жүгүнүн (workload) өзгөчө талаптарынан келип чыгат. Салттуу дата борборлорундагы инфраструктура ЖИнин иш жүгүн тез эле көтөрө албай калат. ЖИге ылайыкташтырылган инфраструктура булут, жасалма интеллект жана машиналык үйрөнүү тапшырмалары үчүн атайын иштелип чыккан”.

Андыктан, технологиялык ири корпорациялар менен АКШ, Кытай, Индия өңдүү ири өлкөлөрдүн өкмөттөрү ЖИ үчүн жарышта жаңы дата борборлорун түзүүгө же учурда иштеп жаткан дата борборлорду ЖИге ылайыктап, өркүндөтүүгө жүз миллиарддаган доллар каражат сарптап жатканы мына ушул себептен.

Бүгүн дата борборлор – түзүлүүсү кымбат, энергияны жана сууну абдан көп керектеген обьектилер.

Евразия экономикалык союзунун мамлекеттеринен Армения америкалык тарап менен биргелешип, 2026-жылы  наркы 500 миллион доллардык дата борбордун алгачкы бөлүктөрүн  ишке  киргизет деп күтүлүүдө.

Эки тарап үчүн орток Firebird.AI. компаниясы башкаруучу дата борбордо америкалык NVIDIA  компаниясынын кубаттуу  чиптерин орнотуу маселеси да  макулдашылган.

Бизнес жана технология жаатындагы Gartner, Inc. аналитикалык компаниясынын эсептери боюнча ЖИнин инфраструктурасын жаратуу жана түзүү иштери үчүн 2025-жылы ичи дүйнөлүк сарптоо дээрлик 1,5 триллион долларды түзсө , ал эми 2026-жылы эки триллион долларга жетери болжолдонууда.

McKinsey консалтинг компаниясынын анализине караганда, 2030-жылга чейин ЖИге ылайыкташкан дата борборлоруна суроо-талап орточо алганда эле  жылына 33%га өсүп турат.

Ал эми 2030-жылга барып, дата борборлордун кубаттуулугунун 70%ы ЖИнин өнүгүшүнөн улам, ага ылайыкташуусу талап кылынат.

Учурда дүйнөдө 12 миңдей дата борбору бар экен.

Алардын кеминде үчтөн эки бөлүгү АКШ, Европа жана Кытайдын аймагында.

McKinsey консалтинг компаниясынын Глобалдык институтунун эсебинде, АКШ менен Кытай бириккенде дүйнөнүн дата борборлорунун кубаттуулугунун 86% ээлеп турат.

Бул аларда  ЖИнин негизи канчалык деңгээлде топтолуп калганын айкын көрсөтөт.

Дата борборлор суперкомпьютерлер менен жабдылууда. Жасалма интеллекттин келечегин изилдеген көп тармактуу жана коммерциялык эмес Epoch AI  изилдөө институту чогулткан маалыматка караганда, 2025-жылдын аягына карата жасалма интеллекттин  суперкомпьютерлеринин 75%ы АКШда жайгашкан, ал эми 15%ы Кытайда.

Парижде “ЖИни кабыл алуу(Adopt AI)” саммити учурунда мен маектешкен адистердин божомолдору боюнча азыркыдан он жылга чейинки убакыт ичинде ошол суперкомпьютерлер андан да кубаттуу жана ыкчам иштеген кванттык компьютерлер менен алмаштырылып калуусу мүмкүн.

“ЖИни кабыл алуу (Adopt AI)” саммитинин катышуучулары экономикалык илимдер боюнча Нобель сыйлыгынын 2025-жылкы лауреаты, профессор Филипп Агьондун (Phlippe Aghion) cөзүн угууда. Париж, 25-ноябрь, 2025-жыл.

Глобалдык технологиялык жана экономикалык атаандаштыктын алдыдагы жаңы баскычын утурлай жасалма интеллект суверенитети жөнүндөгү маселе да күн тартипке чыгууда.

Алсак, Евробиримдикте азыр алар АКШ менен Кытайдыкына таянбастан өзүнүн ЖИ моделдерин иштеп чыгып, өзүнүн ЖИ системаларын колдошу керек деген чакырыктар айтылып, бул багытта аракеттер көрүлүүдө.

ЖИ суверенитетин камсыз кылуудагы чечүүчү нерсе – ЖИнин дата борборлору.

 

ЖИнин фабрикалары

 

ЖИ дооруна инфраструктуралык даярдыктын  дагы  бири  – ЖИнин фабрикалары.

NVIDIA компаниясынын түшүндүрмөсү боюнча “ЖИ фабрикасы  – маалыматтан баалуулук жаратуу үчүн курулган атайын эсептөө инфраструктурасы. Ал маалыматты кабыл алуудан тартып, моделдерди окутуу, тактоо жана ЖИнин чоң көлөмдөгү инференциясына чейин жасалма интеллекттин бүтүндөй жашоо циклин башкарууга арналган.

ЖИнин инференциясы- жасалма интеллекттин жашоо циклинин бардык этаптарында жүрүүчү маанилүү кайталануучу процесс. Анын жүрүшүндө окутулган моделдер реалдуу убакыт режиминде божомолдорду жана чечимдерди чыгарат.

ЖИ фабрикасынын негизги продуктысы – интеллект, ал токендердин өткөрүмдүүлүгү (token throughput) аркылуу өлчөнөт жана чечим кабыл алууну, автоматташтырууну жана жаңы ЖИ чечимдерин өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Дата борборлору ар кандай тармактардагы жалпы багыттагы эсептөө тапшырмаларын аткарууга ылайыкталган болсо, ЖИ фабрикасы жасалма интеллекттин иш жүгү үчүн атайын оптималдаштырылган.

ЖИ фабрикалары өз ара тыгыз байланышкан бир катар процесстер жана компоненттер аркылуу иштейт. Алардын ар бири ЖИ моделдерин түзүүнү жана ишке киргизүүнү оптималдаштыруу үчүн даярдалган”.

2024-2025-жылдар аралыгында ЖИ фабрикаларын түзүү Евробиримдикте  активдүү практикаланды.

Еврокомиссиянын расмий маалыматына караганда, 2025-жылдын  аягына  карата биримдиктин өлкөлөрүндө курулган же  курула турган ЖИ фабрикаларынын саны 19 болду.

Еврокомиссиянын түшүндүрмөлөрүндө көргөзүлгөндөй,  ЖИ фабрикаларынын максаты-кичи жана орто бизнес, стартаптар үчүн бизнес-инновацияларды кеңейтүү жана масштабдоодо акысыз  колдоо  көргөзүү.

Ага катар стартаптарга жана өнөр жайга, илимий коомчулукка жасалма интеллект үчүн ылайыкташтырылган суперкомпьютерлерге жеткиликтүүлүктү камсыздап, адистештирилген эксперттик колдоону сунуштоо.

Бул объекттер ири масштабдагы ЖИ моделдерин иштеп чыгууга, жасалма интеллект технологияларын кеңири колдонууга өбөлгө түзүп, жасалма интеллект тармагында көндүмдөрдү жана экспертизаны өнүктүрүүгө салым кошушу керек.

Евробиримдиктин өз ичинде да, ЖИ фабрикалары – туура багыттагы кадамдардын бири, бирок коммерциялык инновация бир гана мындай инфраструктуранын негизинде пайда боло албайт деп эсептегендер да  бар.

Балким, Кыргызстан үчүн да бизнес жана илим изилдөө мекемелери кызматтын пайдалана алгыдай ЖИ фабрикасын түзүү – бул багыттагы иштердин туура башталышы үчүн оптималдуу вариант болот.

Oxford Insights деген уюм 2025-жыл үчүн “Өкмөттүн ЖИге даярдык индекси (Government AI Readiness Index 2025)” деген баяндамасында Кыргызстанды 195 мамлекет ичинен 116 – орунга койгон.

 

ЖИнин  2030 – жылга карай колдонулуу деңгээли

 

ЖИнин технологиялары алдыда кандай ыргакта өнүгөрүн эч ким так кесе билбейт, атүгүл аны иштеп чыгып жаткандар да.

Глобалдык жарыштын таасири менен бул чөйрөгө каражат ашыкча кирип кетти, инвесторлордун үмүтү акталбай “ЖИнин көбүгү” жарылышы мүмкүн, 2030-жылга чейин олуттуу  революциялык өзгөрүү күтүлбөйт деген пикирлер да жок эмес.

Бирок, ошол эле учурда ЖИге ээ болгондор менен анысы жоктордун ортосунда ажырым жаралат, “глобалдык масштабдагы чоң теңсиздикке күбө болобуз” деген божомолдорду да окуп жатабыз.

Биз алдыда айрым конкреттүү эсептер айтылган баяндамаларга учкай токтололу.

Маселен, Microsoft компаниясынын ЖИ экономикасы институтунун (AI Economy Institute) жазганына караганда, “жасалма интеллект – адамзат тарыхындагы эң ылдам жайылган технология.

Үч жылга жетпеген убакыттын ичинде 1,2 миллиарддан ашуун адам ЖИ куралдарын колдонуп көрдү. Аны кабыл алуунун ылдамдыгы интернеттен, жеке компьютерден, атүгүл смартфондон да тез болду.

Бирок мурунку жалпы максаттагы башка технологиялар сыяктуу эле, ЖИнин пайдасы тең бөлүштүрүлүп жаткан жок. Глобалдык Түндүктө ЖИни колдонуу деңгээли Глобалдык Түштүккө салыштырмалуу болжол менен эки эсе жогору”.

Ал эми McKinsey консалтинг компаниясынын Глобалдык институту “Агенттер, роботтор жана биз: Жасалма интеллект доорундагы көндүм өнөктөштүгү” деген баяндамасында, “келечектеги жумуш  адамдардын, агенттер жана роботтордун өнөктөштүгүндө жүрөрүн жана баары жасалма интеллекттин негизинде иштей турганын” белгилейт.

Ага катар бул баяндамада “адам көндүмдөрүнүн көпчүлүгү сакталат, бирок алар башкача колдонулат. Бүгүнкү күндө жумуш берүүчүлөр издеп жаткан көндүмдөрдүн 70%дан  ашыгы автоматташтырууга жана автоматташтырууга болбогон иштерде тең колдонулат. Бул айкалыш көпчүлүк көндүмдөр актуалдуулугун сактайт, бирок алар кандай жана кайсы жерде колдонулары өзгөрүп турат дегенди билдирет”,- деп да көргөзүлөт.

Көндүмдөрдүн кантип өзгөрөрүн баалоо үчүн McKinsey консалтинг компаниясынын Глобалдык институту   Көндүм Өзгөрүү Индексин  (Skill Change Index, SCI) түзгөн.  Бул – учурдагы жумушчу күчү колдонгон ар бир көндүмдүн автоматташтыруу потенциалын убакытка салмакталган түрдө өлчөөчү көрсөткүч.

Аталган индекс боюнча 2030-жылга карата дээрлик ар бир кесипте көндүмдөрдүн өзгөрүшү болот.

Ал эми жумушту автоматташтыруу жараянынын ыргагы ар бир өлкөгө жана аймакка жараша жүрчүдөй.

Физикалык жумуштарды автоматташтыруу үчүн роботтор керек болсо, физикалык эмес жумуштар үчүн ЖИнин агенттери зарыл болот экен.

Google Cloud компаниясынын түшүндүрмөсү боюнча “жасалма интеллект агенттери -колдонуучулардын атынан максаттарды көздөп, тапшырмаларды аткаруу үчүн ЖИни колдонгон программалык системалар.

Агенттер ой жүгүртүү, пландаштыруу жана эстеп калуу жөндөмдөрүн көрсөтөт, ошондой эле чечим кабыл алуу, үйрөнүү жана ыңгайлашуу үчүн белгилүү бир деңгээлдеги автономияга ээ.

Алардын мүмкүнчүлүктөрү негизинен генеративдик жасалма интеллекттин көп модалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана ЖИнин негизги (foundation) моделдери аркылуу ишке ашат.

ЖИ агенттери текст, үн, видео, аудио, код жана башка көп  модалдуу маалыматтарды бир эле учурда иштеп чыгып, сүйлөшө алат, ой жүгүртөт, үйрөнөт жана чечим кабыл алат.

Алар убакыттын өтүшү менен үйрөнүп, транзакцияларды жана бизнес процесстерин жеңилдетет. Агенттер башка агенттер менен бирге иштеп, координацияланып, андан да татаал иш агымдарын аткара алышат”.

McKinsey консалтинг компаниясынын Глобалдык институтунун эсебинде, алсак АКШда бүгүнкү технологиялар эле теориялык жактан азыркы жумуш сааттарынын жарымынан көбүн автоматташтыра алат.

Bain консалтинг компаниясы болсо “Жумуш 2030” баяндамасында автоматташтыруу 2030-жылга карата учурдагы жумуш орундардын 20-25%  жок кылышы мүмкүн, мунун эң чоң соккусу орто жана төмөн кирешелүү жумушчуларга тийиши ыктымал деп божомолдойт.

Конкреттүү өлкөлөрдү алсак, мисалы Францияда өкмөттүн 2025-жылы июлда кабыл алынган, “ЖИни колдонууга батыныңыз” планы боюнча  2030-жылга чейин ири компаниялардын 100%ы, орто жана чакан ишканалардын 80%ы жана өтө чакан ишканалардын 50%ы  жасалма интеллектти колдонушу зарыл.

ЖИ боюнча учурдагы эки лидердин бири, коңшу Кытайда өкмөттүн “ЖИ Плюс (AI Plus) демилгеси” деген планы бар.

ЖИни Кытайдын “экономикасы менен коомунун бардык тармактарында кеңири жана терең интеграциялоону илгерилетүүнү көздөгөн” ал  планга ылайык, ЖИ 2030-жылга карата экономиканын 90%ын камтышы  керек.

Шилтеме:

  1. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Steve Johnson.
  2. Макала ичиндеги сүрөт https://adoptai.artefact.com сайтынан алынды, автору Artefact компаниясы.                                                               
Улан Эшматов

Улан Эшматов (Улан Алымкул уулу) - журналист, “Эл Илим” санарип журналынын башкы редактору. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин 1995-жылы аяктаган. Андан бери журналисттик кесипти үзгүлтүксүз аркалап келе жатат. 2025-жылы “Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн Эл Илим” коомдук фондун негиздеди, Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоцияциясы - КАИЭЖАны түзүүнүн демилгечиси жана негиздөөчү мүчөсү болду. Журналисттердин бир катар эл аралык конференцияларынын катышуучусу.

Close Menu
made in Moore Studio