Skip to ma content
search

Окумуштуулардын эл аралык тобу мал сарайларынын абасындагы кайсы бактериялар аллергиялык оорулардан, анын ичинде астма жана чөп чаңчасына болгон аллергиядан коргоочу “фермердик эффектке” жооп берерин биринчи жолу аныкташты. 

 

Фермердик чөйрөдө чоңойгон балдар өз теңтуштарына салыштырмалуу аллергияга, астмага жана чөп чаңчасына болгон аллергияга (поллинозго) азыраак чалдыгышат.

Илимпоздор “фермердик эффект” (ферма чөйрөсүндө чоңоюунун ден соолукка пайдалуу таасири) деп атаган бул көрүнүш дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө байкоо ирээтинде жүргүзүлгөн бир катар изилдөөлөрдө мурда эле аныкталган.

Окумуштуулардын божомолуна ылайык, аталган көрүнүш мал сарайларынын абасында кездешкен ар түрдүү бактериялардын иммундук системанын аллергиялык ооруларга мүнөздүү болгон ашыкча сезгенүү реакцияларын басаңдатуу жөндөмүнө байланыштуу.

Бирок бул коргоочу таасирди кайсы бактериялар пайда кылаары ушул убакка чейин белгисиз болгон. 

Эми Германиянын Людвиг-Максимилиан атындагы Мюнхен университети (LMU Munich) маалымдагандай, ага караштуу университеттик клиниканын доктор фон Хаунер атындагы Балдар ооруканасынын жана Helmholtz Munich уюмунун Астма жана аллергияны алдын алуу институтунун профессору Маркус Эге (Markus Ege) жетектеген эл аралык окумуштуулар тобу бул бактерияларды биринчи жолу аныктады.

Изилдөөчүлөр мал сарайларынын абасындагы кайсы бактериялар “фермердик эффектти” пайда кыларын, ошондой эле ал бактериялардын курамындагы кайсы заттар коргоочу таасир берерин жана алар организмдеги кайсы рецепторлор менен байланышарын да биринчи жолу такташты. 

Изилдөөнүн жыйынтыктары The New England Journal of Medicine – Evidence илимий журналында жарыяланды.

 

Гигиеналык гипотеза жана изилдөө ыкмасы 

 

LMU университети жазгандай, акыркы ондогон жылдардан бери 1989-жылы сунушталган “гигиеналык гипотеза” тууралуу көп айтылып келет. Бул гипотеза Батыштын өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрүндө жашаган балдардын арасында аллергия, астма жана чөп чаңчасына болгон аллергия (поллиноз) отуз жыл бою кескин көбөйгөндөн кийин сунушталган.

Бул оорулардын баарына мүнөздүү өзгөчөлүк – иммундук система ашыкча сезгенүү реакциясын жаратып, жаңылыш түрдө организмдин өзүнүн ткандарына каршы чабуул коюшу.

Гигиеналык гипотезага ылайык, мунун себеби баланын иммундук системасынын эрте куракта жетиштүү деңгээлде өнүкпөй калганына байланыштуу.

Курчап турган чөйрөдөгү микроорганизмдер жана кадимки сасык тумоону пайда кылган вирустар менен аз байланышкан балдардын иммундук системасынын туура эмес иштеп калуу ыктымалдыгы жогору болот.

Анткен менен “гигиеналык гипотеза” азыркыга чейин толук далилдене элек, себеби ал негизинен байкоо мүнөзүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына гана таянат. 

“Мындай изилдөөлөр аздыр-көптүр ынанымдуу байланыштарды (корреляцияларды) гана көрсөтө алат. Ал эми биздин жаңы изилдөө бул гипотезаны кыйла бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Анткени биз болжолдонгон себеп-натыйжа байланышынын негизги бөлүктөрүн – кайсы бактериялар катышарын, алардын коргоочу таасир берген зат алмашуу продуктуларын жана ал заттар организмдеги кайсы рецепторлор менен өз ара аракеттенерин – аныктай алдык”, -дейт эпидемиолог профессор Маркус Эге. 

Окумуштуулар Европанын айылдык аймактарында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө катышкан 1 000ден ашык баланын маалыматтарын талдап чыгышты. 

Ар бир баладан эки түрдүү үлгү алынган: мурун көңдөйүнөн  мазок жана матрастагы чаңдын үлгүсү. Мындан тышкары, фермада жашаган 47 баланын уй сарайларынан да чаң үлгүлөрү чогултулган.

Андан соң изилдөөчүлөр бул үлгүлөрдө кайсы бактериялар менен козу карындар бардыгын, ар кандай микроорганизмдер бири-бири менен кандай байланышта экенин жана микроорганизмдердин белгилүү бир топтору балдарды астмадан коргой  алар-албасын иликтешкен.

Бул максатта эпидемиологдор менен биоинформатиктер генетикалык жана метаболомикалык анализдердин заманбап ыкмаларын колдонуп, компьютердик моделдерди иштеп чыгышкан. 

Ыктымалдыгы төмөн варианттарды этап-этабы менен четтетүү аркылуу алар акырында негизги ролду ойногон микроорганизмдерди аныкташкан.

Мындан тышкары, окумуштуулар балдардын өздөрүнүн генетикалык өзгөчөлүктөрү бул коргоочу механизмдин иштешине таасир этерин же этпесин да изилдешкен. 

 

Изилдөөнүн жыйынтыгы эмнеге жол ачат 

 

“Биз бактериялардын чакан тобун аныктадык жана  аларды эми түр деңгээлине чейин так аныктай алабыз. Алардын катарына Romboutsia timonensis жана Glutamicibacter arilaitensis сыяктуу бактериялар кирет. Бул грам-оң бактериялардын биргелешкен таасири астмадан коргоочу жалпы ферма эффектисинин үчтөн экисине, ал эми чөп чаңчасына болгон аллергиядан (поллиноздон) жана атопиялык экземадан коргоочу таасирдин жарымына туура келет”, – деп түшүндүрдү изилдөөнүн биринчи автору, Helmholtz Munich уюмунун Астма жана аллергияны алдын алуу институтунун биоинформатиги Джулия Пагани (Giulia Pagani). 

LMU университети белгилегендей, бул бактериялар уйдун тамак сиңирүү системасында кездешет. Ал жерде алар кинуренин, ксантин, альфа-линолен кислотасы жана стеаридон кислотасы сыяктуу заттарды өндүрөт же метаболизмге учуратат. 

Бул кошулмалар дем алуу аркылуу оңой кабыл алынып, адамдын дем алуу жолдорунун клеткаларындагы AhR жана PPARγ деп аталган эки рецептор тарабынан таанылат. 

“Бул рецепторлор бир нече функцияны аткарат. Анын ичинде иммундук системадагы функциялары да бар жана алар ашыкча сезгенүү реакцияларын  алдын алууга катышат окшойт”,-дейт профессор  Маркус Эге. 

Буга чейин аталган рецепторлордун фермердик эффекттеги ролу белгисиз болчу.

Ошентип, окумуштуулар биринчи жолу бул процесстин толук биологиялык чынжырын көрсөтө алышты:

уй → сарайдын абасы → бактериялар → бактериялардын метаболизм продуктулары → адамдын рецепторлору → астмадан коргонуу.

Изилдөөнүн жаңы жыйынтыктары эми лабораторияларда иштеген окумуштууларга ферма эффектисинин молекулалык жана клеткалык механизмдерин тереңирээк изилдөөгө мүмкүндүк берет. 

Бул болсо келечекте ферма эффектисин туурай алган, бирок балдардын уй сарайларында же башка мал кармалган жайларда убакыт өткөрүүсүн талап кылбаган жаңы дары-дармекти иштеп чыгууга жол ачат. 

 

Илимий  терминдерге түшүндүрмө: 

 

Грам-оң бактериялар –  кристалл-кызгылт көк бойокту кармап калып, Грам ыкмасы менен бойоо учурунда кызгылт көк түскө бойолуучу микроорганизмдер. Алар пептидогликандын (бактериянын клетка дубалын түзгөн зат) бир нече катмарынан турган калың клетка дубалына ээ жана сырткы мембранасы болбойт. Бул өзгөчөлүктөрү аларды грам-терс бактериялардан айырмалап турат. 

 

Кинуренинорганизмде алмашылгыс аминокислота триптофандын метаболизминде пайда болгон маанилүү зат. Ал иммундук системанын жана мээнин иштешинде маанилүү роль ойнойт. Тамак-аш аркылуу организмге түшкөн триптофандын басымдуу бөлүгү серотонинге эмес, кинуренин жолу аркылуу метаболизмге учурайт. 

 

Ксантин адамдын жана жаныбарлардын көпчүлүк ткандарында жана биологиялык суюктуктарында, ошондой эле өсүмдүктөрдө кездешүүчү пуриндик негиз, башкача айтканда, азот камтыган органикалык кошулма. 

Ал пуриндердин метаболизминдеги маанилүү аралык метаболит болуп, андан ары заара кислотасына айланат. Кофеин, теофиллин жана теобромин сыяктуу белгилүү стимуляторлор ксантиндин туундуларына кирет. 

 

Альфа-линолен кислотасы (ALA)курамында 18 көмүртек атому бар, алмашылгыс омега-3 тобундагы көп каныкпаган (эки же андан көп кош байланыш бар) май кислотасы. 

Адамдын организми аны өзү синтездей албагандыктан, альфа-линолен кислотасын зыгыр уругу, чиа уругу жана жаңгак сыяктуу азыктардан алуу керек. 

Ал организмдеги маанилүү биологиялык процесстерге катышып, жүрөк-кан тамыр системасынын жана мээнин нормалдуу иштешине салым кошот. 

 

Стеаридон кислотасы (SDA) курамында 18 көмүртек атому бар омега-3 тобундагы көп каныкпаган (эки же андан көп кош байланыш бар) май кислотасы. 

Ал альфа-линолен кислотасынан (ALA) синтезделет жана эйкозапентаен кислотасынын (EPA) түздөн-түз метаболизмдик прекурсору болуп саналат. 

Табиятта стеаридон кислотасы, мисалы, кара карагаттын уругунан алынган майда аз өлчөмдө кездешет. 

Адам организминде SDA ALA кислотасына караганда EPAнын деңгээлин натыйжалуураак жогорулатышы мүмкүн. 

 

Арилуглеводороддук рецептор (AhR) –  клеткалардын ичинде жайгашкан жана гендердин активдүүлүгүн жөнгө салууга катышкан белок. 

Ал организмге сырттан келген айрым химиялык заттарды, айлана-чөйрөдөгү токсиндерди (мисалы, диоксиндерди жана түтүндүн курамындагы айрым заттарды), ошондой эле тамак-ашта кездешкен жана ичегиде пайда болгон айрым табигый кошулмаларды таанып, аларга организмдин жооп кайтаруусун жөнгө салууга жардам берет. 

 

Пероксисомалардын көбөйүшүн активдештирүүчү гамма-рецептор (PPARγ) –  белгилүү молекулалар – лиганддар менен байланышканда активдешип, гендердин активдүүлүгүн жөнгө салуучу транскрипциялык фактор катары иштеген ядролук рецептор. 

Ал адипогенездин (май клеткаларынын калыптанып, жетилүү процессинин) негизги жөнгө салуучусу жана липиддердин алмашуусунда, глюкозанын туруктуу деңгээлин сактоодо, сезгенүү процесстерин жөнгө салууда маанилүү роль ойнойт. 

Пероксисомалар – клеткадагы зат алмашууга катышкан майда түзүлүштөр. 

 

Шилтемелер: 

1. Маалымат макала LMU университеттик клинкасынын https://www.lmu-klinikum.de/newscenter/press-releases/the-farm-effect-clearer-than-ever/3aac34865e847223 интернет баракчасындагы материалдын негизинде жазылды. 

2. Макалага негиз болгон илимий изилдөө The New England Journal of Medicine – Evidence  https://evidence.nejm.org/doi/full/10.1056/EVIDoa2500271 журналында жарыяланган. 

3. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору  – National Institute of Allergy and Infectious Diseases (АКШ)

4. Илимий  терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады. 

Close Menu
made in Moore Studio