Улуу Британия жана Кытай окумуштуулары Менделдин буурчак өсүмдүгүнүн гендери тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялашты. Бул тууралуу макала кытайдын China Daily коомдук – саясий гезитинин веб-сайтына 26-апрелде жарыяланды.
https://www.chinadaily.com.cn/…/WS680c139aa3104d9fd3821…
Макалада айтылганга караганда, эл аралык илимий команда, негизинен Кытай менен Улуу Британиянын окумуштуулары австриялык биолог Грегор Мендел 160 жылдан ашуун убакыт мурун колдонгон жети негизги өзгөчөлүктүн генетикалык негизин аныкташты. Ал эми илимий ачылыш тууралуу материал Nature журналына чыккан.
Изилдөөнү Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясына караштуу Шенжэндеги Айыл чарба геномика институтунун илимий кызматкери Чэн Шифэнг, ошондой эле Улуу Британиядагы Джон Иннес борборунун профессорлору Ноам Чаюут жана Ноэль Эллис жетектешти.
Изилдөөчүлөр заманбап геномика ыкмаларын, жогорку тактыктагы фенотиптөө жана биоинформатика ыкмаларын колдонуп, Менделдин 1865-жылдагы буурчак өсүмдүктөрү боюнча белгилүү эксперименттерин кайрадан анализдешти.
Менделдин иши генетикалык тукум куучулуктун негизги мыйзамдары — ажыроо жана көз карандысыз ажыроо принциптерин ачкан. Акыркы жылдарда анын ишинде каралган жети жуп өзгөчөлүктүн көбүнүн генетикалык негиздери аныкталган эле, бирок үчөө белгисиз бойдон калып жаткан болчу. Жаңы изилдөө бул белгисиздикти толук чечти.
Илимпоздор Джон Иннес борборунун буурчак өсүмдүктөрүнүн Pisum коллекциясынан 700дөн ашык үлгүнү тандап, алардын негизинде кеңири жана ар түрдүү генетикалык база түзүшкөн. Бул үлгүлөр 2019-жылдан кийин Кытайга жеткирилип, өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарында өстүрүлгөн.
“Сейрек кездешкен варианттарды табуу үчүн кеңири жана өкүлчүлүктүү үлгү алуу абдан маанилүү болду,” — деди профессор Ноам Чаюут China Daily веб-сайтындагы макалада.
Андай жазылганга караганда, Чэн жана анын командасы өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрүн кылдат анализдеп, генетикалык өзгөрмөлөрдүн жогорку тактыктагы картасын түзүштү. Натыйжада, мурда белгисиз болгон генетикалык варианттар аныкталды.
Изилдөө учурунда көпчүлүк мутациялар гендердин иштебей калышына алып келери жана бул Мендел байкаган доминанттык жана рецессивдик тукум куучулуктун көрүнүштөрүн түшүндүрөрү аныкталды.
“Бул жалпы командалык иш болду. Фенотиптик маалыматтар Улуу Британияда да, Кытайда да чогултулду жана биз көп тармактуу ыкманы колдондук. Мендел учурда ген деген эмне экенин билбестен тукум куучулук мыйзамдарын ачкан. Бүгүнкү күндө биз заманбап шаймандар менен ошол убакта Мендел байкаган өзгөрүүлөрдү так гендер жана мутациялар боюнча көрө алабыз. Бул мутациялардын көбү гендин иштебей калышына алып келет, бул болсо Мендел байкаган доминанттык жана рецессивдик тукум куучулукка молекулалык түшүндүрмө берет,” — деди Чэн Шифэнг China Daily басылмасына берген маегинде.
Ошондой эле изилдөөдө жаңы генетикалык элементтер табылды. Алардын ичинде гүлдүн түсүн кайра өзгөртө алган табигый вариант жана гүлдүн кадимки эмес (нормадан тыш) өсүшүн токтотууга жардам берген Mfa деген модификатор ген бар. Бул ачылыш буурчак өсүмдүгүндө тукум куучулук процесстери мурда ойлогондон да татаал экенин көрсөттү.
Көп жылдан бери түшүндүрүлбөй келген кабык түсүнүн генетикалык негизи да аныкталды. Изилдөөнүн авторлорунун бири, доктор Жюли Хофер, бул ачылыш геном түзүмү ген функциясына кандайча таасир этерин дагы бир жолу далилдегенин белгиледи.
“Кабык түсүнүн генетикалык негизин түшүндүрүү көп жылдар бою мүмкүн болбой келген. Биздин ачылыш геном түзүмү ген функциясына канчалык назик түрдө таасир эте аларын көрсөтөт”, – деди Nature макаласынын авторлорунун бири, доктор Жюли Хофер.
Профессор Ноэль Эллис белгилегендей, бүгүнкү күндө Мендел аныктаган факторлор молекулярдык деңгээлде түшүндүрүлүп, бул мыйзам ченемдүүлүктүн кызыктуулугу жана татаалдыгы мурдагыдан да тереңирээк ачылып олтурат.
Шилтеме:
- Макала https://www.chinadaily.com порталынан которулду.
- Макалада айтылган эми илимий ачылыш тууралуу материал Nature журналына чыккан.
- Сүрөттөр unsplash.com сайтынан алынды. Автору Ihar Palitanski.



