24-26-апрелде Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Түркиянын Ататүрк университети биргеликте уюштурган “Илим жана технология боюнча 1-эл аралык Манас конгресси” деп аталган илимий жыйын өттү.
Үч күнгө созулган конгресске Кыргызстандан, Түркиядан, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн изилдөөчүлөр, окумуштуулар жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө физика, химия жана биология илимдери, математика жана компьютердик илимдер, инженерия жана технология, нанотехнология, ошондой эле айыл чарба жана тамак-аш илимдери сыяктуу ар түрдүү багыттар боюнча илимий баяндамалар окулду.
Конференцияга “Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн Эл Илим” коомдук фондунан коомчулук жана эл аралык байланыштар боюнча директор, журналист Заирбек Бактыбаев да катышып, айрым окумуштуулар менен кыргыз тилиндеги илимий-популярдуу контентти көбөйтүү жолдорун талкуулады.
Ошондой эле ал илимпоздорго өздөрүнүн илимий багыттары боюнча эмгектерин “Эл Илим” коомдук фондунун болочоктогу интернет платформасына жарыялоо боюнча сунуш берди. Окумуштуулар бул сунуш боюнча кызыгууларын билдирди.
“Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн Эл Илим” коомдук фонду март айынан тарта иштей баштады.
Фонд өлкөбүздөгү илимпоз адистердин жардамы менен глобалдык Интернет тармагында кыргыз тилинде илимий-элдик (популярдуу), илимий-маалыматтык, илимий-техникалык контентти жаратуу жана кеңейтүү үчүн атайын платформа түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде илим жана технология боюнча конференция 26-апрелде жыйынтыкталды.






