Skip to ma content
search

Окумуштуулардын жаңы изилдөөсүнө караганда, Жердин айлануу огу эки этап менен жылып, бул өзгөрүүлөр алгач Америкада, андан кийин Чыгыш Африка менен Азиядагы суу тосмолордун массалык түрдө курулушунан кийин байкалган.
Америка Геофизика биримдиги (AGU) кабарлаган жаңы изилдөөгө ылайык, соңку эки кылымдын ичинде адамзат Жер шарын айлануу огунан бир аз жылдырганга жетиштүү көлөмдөгү сууну суу сактагычтарда топтой алган.

https://news.agu.org/press-release/water-storage-in-dams-has-caused-minute-shifts-in-earths-poles/

Бул илимий уюмдун маалыматында белгиленгендей, Жердин эң сырткы катуу катмары коюу эриген тектин үстүндө жайгашкандыктан, ал астындагы магмага салыштырмалуу кыймылдай алат.

Планетанын бетинде масса кайра бөлүштүрүлгөндө – мисалы, мөңгүлөр калыңдаган, чоңойгон же жукарган, кичирейген учурда – бул сырткы катуу катмар тең салмактуулугун жоготуп, кыймылга келет.

Муну абада айланып жаткан баскетбол тобунун бир жагына ылайдын кесегин чаптап коюу менен салыштырса болот. Айлануу импульсун сактоо үчүн топтун ылай жабышкан бөлүгү экваторго карай бир аз жылат жана айлануу огунан алыстайт.

Жерде да ушундай нерсе болгондо, сырткы катуу катмар тең салмактуулугун жоготуп, кыймылдайт, натыйжада айрым жерлер Жердин айлануу огунун түз үстүнө туш келип калат. Мындай учурда географиялык уюлдар мурдагыга караганда башка чекиттерден өтөт. Бул кубулуш илимде “чыныгы уюлдук жылыш” (true polar wander) деп аталат.

Гарвард университетинен жаш илипоздор тобунун Geophysical Research Letters журналында жарыяланган жаңы изилдөөсүндө аныкталгандай, 1835 – жылдан 2011-жылга чейин дүйнө жүзүндө курулган 7 миңге жакын суу сактагыч Жердин уюлдарын жалпысынан бир метрге жылдырган жана дүйнөлүк деңиз деңгээлин 21 миллиметрге төмөндөтүүгө себеп болгон.

https://agupubs.onlinelibrary.wiley.com/doi/10.1029/2025GL115468

Изилдөөнүн авторлорунун пикиринде, жогорудагы жыйынтыктар адамзаттын ишмердүүлүгү Жерге кандай таасир берип жатканын дагы бир жолу көрсөтөт. Уюлдардын жылышы анча чоң эмес, бирок бул маалымат климаттык өзгөрүүлөрдөн улам ири мөңгүлөр жана муз катмарлары эрип кетсе, уюлдар кантип жылышы мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам берет.

“Биз сууну суу сактагычтарда кармап калганыбызда, бул суу океандардан алынып, дүйнөлүк деңиз деңгээлинин төмөндөшүнө гана алып келбестен, ошондой эле Жер шарындагы массаны башкача таркатат. Уюл болжол менен бир метрге жылгандыктан, биз жаңы муз дооруна түшүп кетпейбиз, бирок бул деңиз деңгээлине таасир тийгизиши мүмкүн”,- деди изилдөөнүн башкы автору, Гарвард университетинин Жер жана планеталык илимдер бөлүмүнүн аспиранты Наташа Валенчик.

Жаңы изилдөөдө адистер тобу дүйнөдөгү суу сактагычтар боюнча глобалдык маалымат базасын колдонуп, ар бир суу сактагычтын жайгашкан ордун жана кармап турган суу көлөмүн картага түшүрүшкөн. Алар 1835-жылдан 2011-жылга чейин курулган 6,862 суу сактагычтагы суунун топтолушу Жердин уюлдарына кандайча таасир тийгизгенин талдашкан.

“Жасалма суу сактагычтар себеп болгон чыныгы уюлдук жылышуу: 1835–2011” деп аталган изилдөө дүйнө жүзү боюнча суу сактагычтардын жалпы көлөмүнүн маалыматтык базада бар 72% камтыган. Авторлор маалымат базада жок болгон дүйнөлүк суу сактагычтардын калган 28%ы уюл кыймылына анча таасир этпеген деген бүтүмгө келишкенин да белгилешет.

Изилдөөнүн жыйынтыктары дүйнөдө суу сактагычтарды куруу Жердин уюлдарын эки өзгөчө этапта жылдырганын да көрсөткөн. 1835-жылдан 1954-жылга чейин Түндүк Америка жана Европа аймактарында суу сактагычтар көп курулуп, бул аймактарды Экваторго жакындаткан. Түндүк уюл 20,5 сантиметрге – Чыгыштын 103-меридианы багытын карай жылган. Бул меридиан Орусия, Монголия, Кытай жана Индокытай жарым аралы аркылуу өтөт.

Андан кийин, 1954-жылдан 2011-жылга чейин, Чыгыш Африкада жана Азияда көптөгөн суу сактагычтар курулуп, уюл батыштын 117-меридиан багытына 57 сантиметрге жылган. Бул меридиан Түндүк Американын батыш бөлүгү жана Түштүк Тынч океан аркылуу өтөт.

1835-жылдан 2011-жылга чейинки бүткүл мөөнөттө уюлдар болжол менен 113 сантиметрге жылган, анын ичинен 20-кылымда болжол менен 104 сантиметр кыймыл болгон.
Буга кошумча изилдөөнүн жыйынтыгы окумуштуулар келечектеги деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн эсептөөдө суу сактагычтардагы суунун топтолушун эске алышы керектигин да аныктаган.

20-кылымда дүйнөлүк деңиз деңгээли орточо жылына 1,2 миллиметрге көтөрүлүп турган, бирок адамдар анын төрттөн бир бөлүгүн суу сактагычтарда кармап кала алышкан.

“Бул олуттуу көрсөткүч. Деңиз деңгээли дүйнө жүзү боюнча бирдей эмес көтөрүлөт. Суу сактагычтарды жана резервуарларды кайда жайгаштырганыңызга жараша деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнүн геометриясы өзгөрөт. Ушул нерсе дагы эске алышыбыз керек болгон жагдай, анткени бул өзгөрүүлөр өтө чоң жана маанилүү болушу мүмкүн”,- дейт изилдөөгө катышкан он автордун бири, Гарвард университетинин Жер жана планеталык илимдер бөлүмүнөн Наташа Валенчик.

Изилдөөдө 6862 суу сактагыч камтылган болсо, суу сактагычтар жана алардын өзгөчөлүктөрү боюнча глобалдык маалыматтарды жыйнаган Global Dam Watch уюмунун (https://www.globaldamwatch.org) соңку эсебине караганда, дүйнөдө топтолгон суусунун көлөмү 0.1 км³ же 1 миллиард м³ жогору болгон 7,424 суу сактагыч бар.

Илимий терминдерге түшүндүрмө:

Жердин уюлдары – Жердин эки түрдүү уюлу бар: географиялык жана магниттик.

Географиялык уюл – Жердин айлануу огунун анын бетине кесилишкен эки чекитинин бири. Түндүк уюл Түндүк Муз океанында жайгашса, Түштүк уюл Антарктидада жайгашкан. Географиялык түндүк жана түштүк уюлдар Күн системасындагы башка планеталар же жандоочтор үчүн да аныкталат. Жердин бети менен салыштырганда, географиялык уюлдар бир нече жыл ичинде бир нече метрге жылып турушат.

Магниттик уюлдар – Жердин магниттик талаасынын сызыктары анын бетине тик келген чекиттер жана алар дайыма өзгөрүп турат. Магниттик Түндүк Уюл учурда Арктика аймагында жайгашкан, бирок ал азыр Сибирь тарапка жылып бара жатат. Магниттик Түштүк уюл болсо Антарктиданын жээгине жакын жайгашкан. Магниттик уюлдар географиялык уюлдар сыяктуу бири-бирине так карама-каршы жайгашкан эмес, анткени Жердин магниттик талаасы өтө татаал түзүлүшкө ээ.

Магма – Жердин астында жайгашкан ысык, суюк же жарым суюк таш материалы, газдарды жана катуу бөлүкчөлөрдү да камтышы мүмкүн. Ал 600дөн 1400 °C чейин температурада кристалданып, магмалык таштарды түзөт жана жогорку температурадагы геотермалдык ресурстардын булагы болуп эсептелет. Эгер магма жердин үстүнө чыгып кетсе, ал лава деп аталат.

Экватор – Жердин ортосун кесип өткөн сызык. Ал Жерди Түндүк жана Түштүк жарым шарга бөлөт. Экватордун узундугу болжол менен 40 миң километрге барабар.

Шилетемелер:

1. Жаңылык Америка Геофизика биримдигинин (AGU) https://news.agu.org интернет баракчасындагы маалыматтын негизинде жазылды.
2. Илимий жаңылыкка негиз болгон изилдөө Geophysical Research Letters https://agupubs.onlinelibrary.wiley.com/doi/10.1029/2025GL115468 журналында жарыяланган.
3. Сүрөт unplash.com сайтынан алынды, автору Tahamie Farooqui.
4. Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.

Close Menu
made in Moore Studio