Skip to ma content
search

Спутниктен байкоолордун жаңы жыйынтыктары көрсөткөндөй, Жер шарынын континенттери таза сууну жоготууларга 2002-жылдан бери  мурда болуп көрбөгөндөй учураган. Бул жоготууларга климаттын өзгөрүшү, жер астындагы сууларды ыраатсыз пайдалануу жана катуу кургакчылыктар себеп болгон.

Соңку жыйырма жылдан ашуун мезгилдин спутник аркылуу чогултулган маалыматтарын колдонуу менен жүргүзүлгөн глобалдык  изилдөөнүн  айрым  негизги бүтүмдөрүн ал изилдөөгө  жетекчилик  кылган  илимий  мекеме – АКШдагы  Аризона мамлекеттик  университети  (ASU ) 25-июлда  жазып  чыкты. 

https://news.asu.edu/20250725-environment-and-sustainability-new-global-study-shows-freshwater-disappearing-alarming

Ал эми илимий  изилдөөнүн  өзү  Science Advances журналына  жарыяланган.  

Изилдөө тобу кургак аймактар жыл сайын болжол менен Калифорния штатынан (аянты 423 970 км2)  эки эсе чоң аянтка кеңейип жатканын маалымдайт. Мындан тышкары, кургак аймактардын дагы да кургашы нымдуу аймактардын нымдуураак болуш ылдамдыгынан ашып түшүүдө. Бул – көптөн бери сакталып келген гидрологиялык мыйзамченемдүүлүктөрдүн тескери бурулуп жатышы. 

Мындай көрүнүштүн жеткиликтүү таза сууга болгон терс таасири абдан олуттуу. Азыр дүйнө калкынын 75%  акыркы 22 жыл ичинде таза суусун жоготуп келе жаткан 101 өлкөдө жашайт. 

Изилдөөчүлөр жердеги суу жоготуунун түрүн да  аныкташып, биринчи жолу анын 68% жер астындагы суулардан гана жоголгонун табышты. Андай көлөмдөгү жоготуу жердеги мөңгүлөр менен муз каптаган аймактарга караганда деңиз деңгээлинин жогорулашына көбүрөөк салым кошкон.

“Бул жыйынтыктар климаттын өзгөрүшүнүн суу ресурстарыбызга тийгизген таасири жөнүндө азыркыга чейин берилген эң кооптуу белги болушу мүмкүн. Континенттер кургап жатат, таза суунун жеткиликтүүлүгү азайып, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү тездөөдө. 

Жер астындагы сууларды ашыкча пайдаланууну улантуу миллиарддаган адамдардын азык-түлүк жана суу коопсуздугун коркунучка учуратышы мүмкүн. Бул – баарыбыз биригип аракет кыла турган учур. Дүйнөлүк суу коопсуздугу боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү керек,”- деди изилдөөнүн башкы жетекчиси жана ASU университетиндеги Туруктуу өнүгүү мектебинин профессору, белгилүү гидролог  Жей Фамильетти (Jay Famiglietti).  Ал мурда АКШнын космос агенттиги – НАСАнын Реактивдүү кыймыл лабораториясында суу илимпозу болгон. 

Изилдөөчүлөр АКШ менен Германиянын Gravity Recovery and Climate Experiment (GRACE) жана GRACE-Follow On (GRACE-FO) спутник миссиялары аркылуу алынган жыйырма жылдан ашуун мезгилдеги маалыматтарды талдап, 2002-жылдан бери кургактагы суу корлору кантип жана эмне себептен өзгөргөнүн изилдешкен. Кургактагы суу корлоруна Жер бетиндеги бардык суу жана өсүмдүктөрдөгү нымдуулук, топурактын нымдуулугу, муз, кар жана жер астындагы суулар кирет.

“Биз жоготуп жаткан, калыбына келбей турган суунун көлөмү таң калыштуу. Мөңгүлөр менен терең жер астындагы суулар – табият берген байыркы аманат каражаттар сыяктуу. Биз аларды узакка созулган кургакчылык сыяктуу муктаж учурларда гана пайдалануунун ордуна, каалаган учурда колдонуп, табигый ресурстарды өзүбүздөн өзүбүз алгандай болуп жатабыз. Мындан тышкары, нымдуу жылдары жер астындагы сууну толуктоо аракеттери көрүлбөй жатат. Бул болсо бизди жакындап келе жаткан таза суунун ‘банкроттугуна’ алып барат”,- деди изилдөөнүн башкы автору жана ASUнун илимий кызматкери Хришикеш А. Чанданпуркар (Hrishikesh A. Chandanpurkar).

 

Континенттик кургакчылыктын күчөшү

 

Изилдөө 2014–15-жылдар аралыгында, “мега Эль-Ниньо” деп эсептелген мезгилде болгон бурулуш учурду аныктаган. Климаттагы өзгөрүүлөр тездеп, күчөй баштаган ал учурда, ага жооп катары жер астындагы сууну пайдалануу көбөйгөн. Натыйжада, континенттик кургакчылык мөңгүлөрдүн жана муз катмарларынын эриш ылдамдыгынан ашып түшкөн.

Мындан тышкары, изилдөө 2014-жылдан кийин мурда билинбеген бир өзгөрүүнү  да аныктады. Ал кургакчылык байкалган аймактар негизинен Түштүк жарым шардан Түндүк жарым шарга өтүп, ал эми нымдуу аймактар тескерисинче, Түндүк жарым шардан Түштүккө өтүшкөнү. 

Континенттик кургакчылыктын негизги себептеринин бири – Түндүк жарым шардын орто кеңдиктеринде, мисалы, Европада, кургакчылыктын күчөгөн көрүнүштөрү. Мындан тышкары, акыркы он жылдыкта Канада менен Орусияда кар, муз жана түбөлүк тоңдун эриш деңгээли жогорулаган. Дүйнө жүзү боюнча жер астындагы суулардын туруктуу азайышы да бул процесске чоң таасир этүүдө.

Мурунку изилдөөдө окумуштуулар тобу 2002–2016-жылдар аралыгындагы спутниктик маалыматтардын негизинде жер үстүндөгү суу сакталуусун изилдешкен. Азыркысында болсо алар 20 жылдан ашык убакытты камтыган маалыматтарды карап чыгып, континенттик кургакчылыктын олуттуу жана чечүүчү өнүгүүсүн аныкташкан. Буга чейин аймактык кургакчылык үлгүлөрү жана жер үстүндөгү суу сакталуусунун жоготуулары белгиленген локалдуу “ысык чекиттер” эми бири-бири менен байланышып, төрт континенттик масштабдагы мега-кургакчылык аймактарын түзүүдө. Алар төмөнкүлөр:

Түндүк Американын түштүк-батышы жана Борбордук Америка: Бул аймакка Америка Кошмо Штаттарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү негизги азык-түлүк өндүрүүчү аймактар, ошондой эле Феникс, Тусон жана Лас-Вегас сыяктуу чоң чөл шаарлары жана Лос-Анджелес менен Мехико сыяктуу ири метрополиялар кирет.

Аляска жана Түндүк Канада: Бул аймак Аляска менен Британ Колумбиясындагы эрип жаткан тоо мөңгүлөрүн, Канаданын түндүк кеңдиктеринде кардын жана түбөлүк тоңдун эришин, ошондой эле Британ Колумбиясы менен Саскачеван сыяктуу негизги айыл чарба аймактарындагы кургакчылыкты камтыйт.

Түндүк Орусия: Бул аймакта түндүк кеңдиктер боюнча кар жана түбөлүк тоң катуу эрип жатканы байкалууда.

Жакынкы Чыгыш-Түндүк Африка жана Пан-Евразия: Бул аймакка Дубай, Касабланка, Каир, Багдад жана Тегеран сыяктуу ири чөл шаарлары; Украина, Түндүк Батыш Индия жана Кытайдын Түндүк Кытай түздүгү сыяктуу негизги азык-түлүк өндүрүүчү аймактар; кичирейип жаткан Каспий жана Арал деңиздери; ошондой эле Барселона, Париж, Берлин, Дакка жана Бээжин сыяктуу ири шаарлар кирет.

Чын эле, изилдөө көрсөткөндөй, 2002-жылдан бери орточо алганда тропикалык аймактар гана нымдуураак болуп келе жатат. Бул көрүнүш Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык топтун (IPCC) климаттык моделдери – келечектеги климаттык сценарийлерди алдын ала көрүү үчүн колдонулган татаал компьютердик программалар тарабынан алдын ала болжолдонгон эмес. 

 

Планетаны  ойгонууга чакыруу 

 

Континенттик кургакчылыктын мынчалык масштабда күчөшү айыл чарба, азык-түлүк коопсуздугу, биологиялык ар түрдүүлүк, таза суу запастары жана глобалдык туруктуулук үчүн олуттуу коркунуч жаратат. 

“Бул изилдөө абдан маанилүү. Ал бизге глобалдык деңгээлде жаңы саясат  жана жер астындагы суу ресурстарын башкаруу стратегиялары абдан зарыл экенин ачык көрсөтүүдө. Климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу аракеттери кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен, биз континенттик кургакчылыкты аймактык жана эл аралык деңгээлде жер астындагы сууну ырааттуу пайдалануу боюнча жаңы эрежелерди ишке ашыруу аркылуу чечсек болот. Бул болсо, деңиз деңгээлинин жогорулашын жайлатууга жана келечек муундар үчүн сууну сактоого көмөктөшөт”,- деп кошумчалады изилдөөнүн башкы жетекчиси, профессор Жей Фамильетти (Jay Famiglietti). 

Изилдөөдө жер астындагы суунун түгөнүшүн жайлатуу жана артка кайтаруу, калган таза суу ресурстарын коргоо жана суу тартыштыгы менен жээк аймактарындагы суу ташкындарынын күчөп жаткан коркунучуна ыңгайлашуу үчүн тез арада чара көрүү чакырыгы айтылган. 

Окумуштуулардын  пикиринде, келечек муундар үчүн сууну сактап калуу жана планетанын экосистемаларына андан ары зыян келтирбөө үчүн  сууну  башкаруу боюнча стратегия, эл аралык кызматташтык жана келечек муундардын муктаждыгын эске алган туруктуу  саясат абдан маанилүү.

Изилдөө тобунун курамына АКШдагы Аризона мамлекеттик университетинен (ASU) тышкары Индиянын FLAME, Cаудиянын Падыша Абдалла илим жана технология университетинин, Түштүк Кореянын KAIST  илим жана технология институтунун, NASAнын Реактивдүү кыймыл лабораториясынын  илимпоздору киришкен. 

 

Шилтемелер:

  1. Маалымат макала ASU университетинин интернет баракчасынан https://news.asu.edu/20250725-environment-and-sustainability-new-global-study-shows-freshwater-disappearing-alarming которулду. 
  2. Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө Science Advances журналында https://www.science.org/doi/10.1126/sciadv.adx0298 жарыяланган.
  3. Сүрөт ASU университетинин интернет баракчасынан алынды. 
Close Menu
made in Moore Studio