Skip to ma content
search

Урматтуу  окурман,

Сиз окуп  жаткан  кыргыз тилиндеги илимий -элдик (популярдуу)  алгачкы  санарип  журнал.

Эмне үчүн  журналыбыздын  ачылыш  макаласын чейрек кылым алдыга озунуп,  Илим  жана инновация -2050  деп  атадык?  Мунун жөнү бар.

Быйыл, 2025-жылы 100 жылдыгы белгиленип жаткан кванттык механика  менен физиканын бир кылым, жарым кылым, чейрек кылым мурдагы ачылыштары менен жетишкендиктеринин пайдасын адамзат күндөлүк турмушунда бүгүн  көрүүдө.

Чейрек  кылым – фундаменталдык  илимдин натыйжасы  үчүн аз  эле  мерчем. Эгер илимде  бүгүн ачылыш жасалып  жаткан болсо,  анын  турмуштук  колдонмосун  адамзат келечекте алат.

Ооба, азыр  технология  фундаменталдык  илимден алдыга озуп кеткендей, каражат да,  көңүл дагы технологияга гана бурулгандай  сезилет.

Бирок, дүйнөлүк аттуу-баштуу окумуштуулардын  ырастоосунда, бүгүнкү  технологиялык жылыштар  да  кайра  эле  фундаменталдык илимдин ондогон жылдар  мурдагы жетишкендиктеринин туундусу жана натыйжасы.

Андыктан, фундаменталдык  илим ачылыштарды  жасап, алдыга жылбаса, дүйнө да  алдыга жылбай, өнүгүү токтоп калышы  мүмкүн дешет фундаменталдык  илимге инвестицияны азайтпоонун  жактоочулары.

Ал эми 2050-жылга көз чаптырсак, бул – дүйнө климаттык  нейтралдуулукту  багындырып,  азыр аныктыгы улам сезилип жаткан  глобалдык  жылуулуктун  негизги  себеби  болгон парник же булганыч газдардын өндүрүштөн жана күнүмдүк  турмуштан бөлүнүшүн токтотуу жетишилет деп максат  койгон жана  үмүт арткан мерчем.

Ал үчүн адамдын, мейли өндүрүштө же күнүмдүк турмушта  болсун, колдонгон технологиясы менен түзмөктөрү буга  чейинкиден эффективдүү, экономдуу  жана экологияга зыянсыз иштеши, ал  эми  аларды  жасоо  үчүн энергия жана башка   ресурстар мурдагыдан аз  керектелиши зарыл.

Мунун баарына адамзат кайра эле илим аркылуу жетише алат.

Адамзаттын алдында глобалдык  жылуулукту  коштогон суу  тартыштыгы  менен кургакчылыктын  кесепеттерин  минималдаштыруу, токойдун өндүрүш үчүн кыркылышын  азайтып, тескерисинче аянтын  көбөйтүү, айыл чарбасында синтетикалык  жер  семирткичтердин  үлүшүн, алардын экологияга терс кесепетин  азайтуу, ошол  эле  учурда  2050-жылга чейин  саны өсө турган калктын  муктаждыгын канаттандыруу  үчүн өндүрүмдүүлүктү  көтөрүү өңдүү милдеттер да  турууда. Бул  милдеттер, эгер аткарылса,  кайра эле  илимдин  жардамы  менен болот.

 

Технология жана инновация 2050-жылды карай

 

Жасалма интеллект  менен машиналык эсептөөнүн  моделдери бардык  тармактарда колдонула  баштагандыгын, айдоочусуз унаалар реалдуулукка айланганын  эске албаганда да, биз  бүгүн  угуп, окуп  жаткан  нерселер: кванттык  компьютер  жана  кванттык  эсептөө, оптикалык  жана  миллион  кубиттик  процессорлор, 6G технологиясы, акылдуу химиянын мүмкүнчүлүктөрү, наноматериалдар  менен  алардын  тактык  касиети, азыркыдан тез учуучу учактар жана башкалар.

Адамзат өнүгүүнүн  жаңы  баскычына  чыгыш үчүн  эмгек  өндүрүмдүүлүгүн  өстүрүш керектеги  узактан бери айтылып келген.

Эми  жасалма интеллект бүтүндөй тармактарды кайра калыптандырат жана өндүрүмдүүлүктүн жаңы доорун ачат  деп мерчемделүүдө.

2050-жылга чейин машиналар адамдарга жөн гана жардам бербестен, алар менен бирге иштеп, күнүмдүк жумуштардан тартып татаал чечимдерди кабыл алууга чейин ар түрдүү тапшырмаларды аткарышат. Автоматташтыруу иш дүйнөсүн да түп тамырынан өзгөртөт.

Улам кайталанып  туруучу  кадимки  жумуштар жасалма интеллект жана робототехника тарабынан аткарылып, ошол эле учурда адамдардын чыгармачылыгына жана стратегиялык ой жүгүртүүсүнө талап  жогорулайт деп  күтүлүүдө.

Бүгүн  биз  угуп  жаткан  дагы  бир нерсе – Марска алып  баруучу  космос кемелери  жана  Күн парус  технологиясы.

Алдыда  космосту  изилдөө үчүн атаандаштык күч алчыдай, өткөн кылымдын орто ченинде башталган космостук учуулар, бул кылымдын ортосун карай бөлөк планеталардын кеминде бирин өздөштүрүү аракети менен уланчыдай.

“2050-жылга чейин адамзаттын жылдыздарга жетүү кыялы чындыкка бир кыйла жакындайт. Марс менен Ай мурдагыдай алыс, кол жеткис дүйнөлөр болбойт, алар адамзат үчүн жаңы чек арага айланат”, – дешет бул тармактын билермандары.

Конкреттүү аракеттерге келсек, АКШнын космос агенттиги – НАСА Айга адамды кайра жөнөтүүнү азыр 2026-жылдын апрель айына мерчемдеп турат (бул мөөнөт өзгөрүшү да мүмкүн). Коңшу Кытай  Айга  адам жиберүүнү  2030-жылга чейин  деп  пландап жатса, Индия да Айга  өз алдынча адам алып барууну  2040-жылга чейин деп эсептөөдө.

Айды азыркы изилдөөлөрдөгү максаттардын бири – Жердин жандоочусун Марска учуу үчүн таяныч катары колдонуу.

Бүгүнкү эсептер  боюнча 2050-жылга  карата  дүйнө калкынын  шаарлашуу  жараяны  уланып, элдин  дээрлик 70%га  жакыны шаарларда  жашап  калат.

Ал мезгилди  карай  Интернет азыркыдан да  кең жана терең мейкиндикке  айланат, дүйнө калкынын  кеминде 90%нын ага кошулуу мүмкүнчүлүгү болот.

“Виртуалдык жана кошумча реалдуулук технологиялары физикалык аралыктын маанисин азайтып, чыныгы жана санариптик дүйнөлөрдүн ортосундагы чек араны бүдөмүктөйт. Мээ-компьютер карым-катышы  орун алып же  адамдын  мээсиндеги  нейрондук сигналдарды  аракеттерге  которгон байланыш орнойт”, –  деп  божомолдошот  бул  чөйрөнүн адистери.

“Эл Илим” журналы алдыда глобалдык илим жана технологиянын жаңылыктары менен жараяндарын Кыргыз Республикасы жана кыргыз тилдүү дүйнө үчүн ырааттуу  жана ишенимдүү жол менен чагылдырууну, бул ишке Кыргызстандын илимпоздорун да тартып, алардын эмгектерин кеңири коомчулукка тааныштырууну да   максат  кылып  турат.

Жеке жана ыктыярдуу демилге катары башталган бул аракет Сиздин колдоого да такай муктаж болот, урматуу Окурман.

Урматтоо менен Улан Эшматов,

“Эл Илим” журналынын башкы  редактору,

 Эл Илим коомдук фондунун негиздөөчүсү

 

Шилтеме:

  1. Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Steve Johnson.
Улан Эшматов

Улан Эшматов (Улан Алымкул уулу) - журналист, “Эл Илим” санарип журналынын башкы редактору. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин 1995-жылы аяктаган. Андан бери журналисттик кесипти үзгүлтүксүз аркалап келе жатат. 2025-жылы “Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн Эл Илим” коомдук фондун негиздеди, Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоцияциясы - КАИЭЖАны түзүүнүн демилгечиси жана негиздөөчү мүчөсү болду. Журналисттердин бир катар эл аралык конференцияларынын катышуучусу.

Close Menu
made in Moore Studio