Skip to ma content
search

Жаңы изилдөөдө токойлор саламаттыкты жана бакубаттуулукту жакшыртууда өтө маанилүү роль ойноору, бирок бардык токойлор бирдей пайда алып келбей турганы айтылат.

Британиядагы Суррей университети (The University of Surrey) менен Белгиядагы Гент университети (The University of Ghent) жетектеген эл аралык ири изилдөө көрсөткөндөй, токойдун айрым өзгөчөлүктөрү — мисалы, жалбырактар жапкан аянттын тыгыздыгы жана дарактардын түрдүк ар түрдүүлүгү — адамдын ден соолугуна ар башка таасир этет.

Бул изилдөө Nature Sustainability журналында жарыяланды жана ал Dr. Forest долбоорунун алкагында бир катар эл аралык өнөктөштөр тарабынан жүргүзүлгөн.

https://www.nature.com/articles/s41893-025-01547-3

(Dr. Forest (Дарыгер Токой) — бул Европадагы бир нече илимий мекемелердин жана университеттердин катышуусунда ишке ашырылган долбоор. Ал Европадагы токойлордун түрдүк жана түзүмдүк ар түрдүүлүгү адамдын ден соолугуна жана жыргалчылыгына кандай таасир тийгизерин изилдейт).

Долбоор Европадагы беш өлкөдөгү 164 токойду изилдеп, токой башкаруу жана шаар пландаштыруу үчүн маанилүү маалыматтарды сунуштайт. Бул изилдөөгө арналган атайын макала Phys.org веб-сайтында жарыяланды.

https://phys.org/…/2025-05-forest-diversity-health…

Изилдөө токойлордун жети экологиялык өзгөчөлүгүн жана алардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин караган. Дарактардын түрдүк ар түрдүүлүгү адамдын ден соолугу жана жыргалчылыгы үчүн чектелүү, бирок оң таасирге ээ экени аныкталган.

Ошондуктан дарак түрлөрүн көбөйтүү токой башкаруучулар үчүн коопсуз жана пайдалуу чара болуп эсептелип, ал адамдын ден соолугуна гана эмес, дарак эмес жаратылыштын биотүрдүүлүгүн колдоого да кошумча пайда алып келет.

Токой түзүмү — айрыкча жалбырактар түзгөн “канопи” (дарактардын жалбырактары түзгөн токойдун үстүңкү катмары) түзүмү — ден соолукка эң чоң таасир эткен фактор катары аныкталган.

Тыгыз жалбырак каптаган токой үптү азайтып, көлөкө жана туруктуу микроклимат түзүү аркылуу шартты жеңилдетет. Ошондой эле жалбырак аянты кеңейип, абадагы майда чаң бөлүкчөлөрүн сиңирип, абанын сапатын жакшыртат — бул өзгөчө ысык толкундар жана булганган аба көп кездешкен шаарлар үчүн маанилүү.

Бирок жыш жалбырактуу токойлор кене көп жашаган нымдуу чөйрө түзүп, жугуштуу ооруга чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Ошондой эле токой түбүнө жарык аз жетип, дарылык өсүмдүктөрдүн өсүшүнө тоскоол болушу мүмкүн, бул алардын ден соолукка пайдасын азайтышы ыктымал.

Психикалык саламаттык жагынан алганда, токойдо болуу өзү эле пайдалуу экени аныкталган — бул тынчсызданууну жана стрессти азайтып, оң эмоцияларды күчөтөт.

«Биздин изилдөө көрсөткөндөй, токойлор жалпысынан психикалык саламаттыкка пайдалуу — мейли аларда биотүрдүүлүк жогору болобу же жокпу, стрессти жана тынчсызданууну азайтат. Англиянын өзүндө эле ар бир алтынчы адам депрессия жана тынчсыздануу менен жабыркайт. Бул изилдөө жөн гана токойдо болуу психикалык абалды жакшыртаарын көрсөтүп турат. Улуу Британия үчүн бул шаар токойлорун сактап калуу маанилүү экенин билдирет. Жарандар жашаган, иштеген жана эс алган жерлерге жакын токойлорго эркин кире алышы керек. Токой менен байланыш психологиялык саламаттыкты жакшыртаарын көрсөткөндүктөн, бул багытта NHS (улуттук саламаттык сактоо кызматы) тарабынан “жаратылыш рецепттери” сунушталышы мүмкүн», — дейт айлана-чөйрө психологиясы боюнча окутуучу доктор Мелисса Марселле.

Шилтемелер:

  1. Жаңылык https://phys.org сайтынан которулду.
  2. Илимий изилдөө тууралуу https://www.nature.com/articles/s41893-025-01547-3 сайтына жарыяланган.
  3. Сүрөт Unsplash.com сайтынан алынды.
  4. Илимий терминге түшүндүрмөнү Эл Илим фонду даярдады.

 

Close Menu
made in Moore Studio