Skip to ma content
search
Avatar photo

Наргиза Сатаева

Наргиза Сатаева - КРУИАнын Бийик тоо физиологиясы жана медицина институтунун окумуштуу катчысы, КРУИАнын Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасынын орун басары. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 2023-жылы TWAS-Борбордук жана Түштүк Азия аймактык өнөктөштүгү (TWAS-CASAREP) тарабынан 2023–2028-жылдар аралыгына TWAS тобунун жаш өнөктөшү катары дайындалган. 2024-жылы Кумамото университетинде (Жапония) “Sakura Science Exchange Program” программасы боюнча стажировкадан өткөн. “Илим жана технология коомдо” (STS forum) форумунун (2024-жыл, Киото, Жапония), “Жаш окумуштуулар менен Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын ортосундагы диалог” жаш лидерлер программасынын (2024-жыл, Киото, Жапония), Жаш окумуштуулардын III конгрессинин (2023-ж, Сочи, Орусия), “Илим континенти” жаш окумуштуулардын академиялык форумунун (Москва ш., 2023-жыл), КМШ мамлекеттердин жаш окумуштууларынын “Чек арасыз илим” форумунун (Нижний Новгород ш., 2022-жыл), “Адам жана тоолор” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын (Бишкек-Чолпон-Ата ш., 2022-жыл, 2019-жыл) жана башка көптөгөн эл аралык жана республикалык конференциялардын катышуучусу. КРУИАнын президиумунун Ардак грамотасы (2023-ж), жаш окумуштуулар арасында өткөрүлгөн сынакта “Жылдын мыкты жаш окумуштуусу” номинациясы боюнча 1-орун үчүн КРУИАнын диплому (2023-ж), Орусия Федерациясынын Президентинин кеңешчиси А.Кобяков тарабынан III Жаш Окумуштуулар Конгрессине (2023-ж, Сочи) кошкон салымы жана колдоосу үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган. email: nsataeva87@gmail.com

Close Menu
made in Moore Studio