“Эл Илим” коомдук фондунун негиздөөчүсү Улан Эшматов 2-апрелде Улуттук илимдер академиясынын жаш окумуштуулары менен жолугушту. Илимдер академиясында өткөн бул жыйындын негизги максаты – жаш илимпоздорду фонддун глобалдык интернет тармагында кыргыз тилиндеги илимий-элдик (популярдуу), илимий-техникалык жана илимий-маалыматтык контентти түзүү жана жайылтуу ишине активдүү тартуу болду. Улан Эшматов жаш окумуштуулардын илимди жайылтуудагы ролу чоң экенин белгиледи.
Тараптар илимди коомчулукка жеткиликтүү кылуу үчүн илимий журналистиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешип иштөөнү макулдашты. Жолугушуу учурунда жаш окумуштуулар фонддун платформасында контент жаратуу боюнча ой-пикирлерин ортого салышып, мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
“Эл Илим” коомдук фонду быйыл 18-мартта негизделген жана өлкөдөгү алгачкы илимий журналистика борбору катары иш алып барууга умтулууда.
Фонддун негиздөөчүсү, аналитик-журналист жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мейкин” медиа сыйлыгынын 2024-жылдагы жеңүүчүлөрүнүн бири – Улан Эшматов. Анын айтымында, фондун негизги максаты – илимий журналистиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү, илимий – элдик (популярдуу) контентти кыргыз тилинде жайылтуу, жаңы муундагы илимпоздордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коомчулукту сапаттуу илимий маалымат менен камсыз кылуу.
Бул демилге Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө жана аны элге жеткирүүгө жаңы дем берүүчү кадамдардын бири катары бааланууда.
Фонддун негизги багыты – Кыргызстанда илимий журналистиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана илимий – элдик (популярдуу) контентти кыргыз тилинде кеңейтүү болуп саналат.



