Skip to ma content
search

Химиялык инженерлер менен мал чарба илимпоздорунун кызматташтыгы жаныбарлардын калдыктарынан баалуу өнөр жай химиялык заттарын калыбына келтирүү үчүн система түзүшүп, айлана-чөйрөнүн туруктуулугуна жана айланма экономикага карай маанилүү кадам жасашты.

https://phys.org/news/2025-03-nanofiltration-valuable-industrial-chemicals-cattle.html?fbclid=IwY2xjawKNClRleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFHdWlLZTVaaUJlZWhBM213AR6t-J2YBom9Jd9q4YUSwNoyu12vpbUtEWDJKCgwBPgmrH74oGg1qVtXzSJqrg_aem_lpQWiXvIxS2BCizTUhTsbQ

Урбана-Шампейндеги Иллинойс университетинин изилдөөчүлөрү учма май кислоталарын (ангисче: Volatile Fatty Acids (VFA), орусча: летучие жирные кислоты) көптөгөн тармактардагы майда химиялык өндүрүштө маанилүү болгон органикалык молекулаларды – биореакторлордо ачытылган уй кыгынан бөлүп алуу үчүн нанофильтрация системасын иштеп чыгышты.

Жөнөкөй тилде айтканда, окумуштуулар уй кыгынан баалуу өнөр жай химикаттарын бөлүп алуучу жаңы технология түзүшкөн.

Бул айлана-чөйрөнүн сакталышына жана ресурстарды кайра пайдаланууга чоң салым кошот. Мындай кислоталар косметика, тамак-аш, дары-дармек жана пластмасса өндүрүшүндө кеңири колдонулат. Мурда бул заттарды мунайдан алышкан, бул көп энергияны талап кылып, айлана-чөйрөгө зыян келтирген.

Жаңы ыкма болсо:

  • Атайын тандалма мембраналарды колдонуу аркылуу, мурунку ыкмаларга салыштырмалуу 80% энергияны үнөмдөйт
  • Уй кыгын биореакторлордо ачытуу аркылуу пайдалуу химиялык заттарга айландырат
  • Калдыктарды баалуу ресурстарга айландырып, айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтат.

“Уй кыгы сыяктуу нерседен өнөр жай үчүн маанилүү болгон учма май кислоталарын ала алганыбыз укмуш. Биздин иштин аркасында, калдыктар баалуу ресурстарга айланып, химиялык өндүрүш натыйжалуу жана туруктуу болуп жатат” – дейт профессор Сяо Су.

Негизги жаңылык – окумуштуулар өзгөчө тандалма мембраналарды колдонуп, кыктагы ар түрдүү химиялык заттардын арасынан керектүүлөрүн так бөлүп ала алгандыгы. Алар ар кандай өлчөмдөгү учма май кислоталарын таасирдүү аныктап, бөлүп ала турган атайын мембраналарды жасашты.

Бул технология айыл чарба калдыктарын пайдалуу заттарга айландырып, ресурстарды кайра колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, айлана-чөйрө үчүн таза экономиканы түзүүгө жол ачат.

Шилтемелер:

https://phys.org/news/2025-03-nanofiltration-valuable-industrial-chemicals-cattle.html?fbclid=IwY2xjawKNClRleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFHdWlLZTVaaUJlZWhBM213AR6t-J2YBom9Jd9q4YUSwNoyu12vpbUtEWDJKCgwBPgmrH74oGg1qVtXzSJqrg_aem_lpQWiXvIxS2BCizTUhTsbQ

Сүрөттө: Учма май кислоталарын биологиялык калдыктардан бөлүп алуу процесси.

Close Menu
made in Moore Studio