Осака Метрополитен университетинин изилдөөчүлөрү ачыткыдан (дрож) метанолду биологиялык жактан ажырай турган пластмассаларда жана фармацевтикада колдонулган негизги кошулма болгон D-сүт кислотасына айландыруучу идеалдуу генетикалык “рецептти” табышты. “Бул ыкма мунайга негизделген процесстерге көз карандылыкты азайтууга жана туруктуу химиялык өндүрүшкө салым кошууга жардам берет”, -деп кабарлады Европанын илим чөйрөсүнө адистешкен Alphagalileo маалымат кызматы.
Сүт кислотасы тамак-аш, косметика, фармацевтика жана биопластикада кеңири колдонулат. Анын эки түрү бар: L-сүт кислотасы жана D-сүт кислотасы. Булардын ичинен D-сүт кислотасы – таңкыс продукция жана баасы алда канча кымбат.
Осака Метрополитен университетинин Инженердик жогорку мектебинин доценти жана изилдөөнүн башкы автору Риосуке Ямада белгилегендей, алар дал ушул D-сүт кислотасын өндүрүүнүн натыйжалуу жолун издешкен жана бул үчүн алар ачыткынын метанолду колдоно ала турган түрүн пайдаланышкан.
Жүргүзүлгөн лабораториялык сынактардын натыйжасында жапон ичилдөөчүлөрү D-сүт кислотасын метанолдун негизинде өндүрүүнүн башка методдоруна салыштырмалуу өндүрүштү 1,5 эсеге жогорулата турган идеалдуу аралашманы табышкан.
Жерден казылып алынуучу отундун азайып бара жаткандыгы жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири боюнча глобалдык кооптонуулар күчөгөн азыркы тапта метанол сыяктуу кайра жаралуучу көмүртек булактарынан химиялык заттарды синтездөө мүмкүнчүлүгү туруктуулукту камсыз кылуудагы маанилүү жетишкендик болуп эсептелет.
“Бул ошондой эле салттуу жана мунайга негизделген химиялык өндүрүшкө турмушка жарамдуу альтернативанын сунушталып жатканы “, – дейт жапон изилдөөчүлөр тобунун башчысы Риосуке Ямада.
Метанолду колдонуу чөйрөсү жыл өткөн сайын кеңейүүдө. Энергиянын калыбына келип туруучу булактарынан алынган метанол анын экинчи мууну деп саналат жана негизинен биомассадан, өнөр жай калдыктарынан өндүрүлөт.
Шилтемелер:
- Жаңылыктын түп нускасы: https://www.alphagalileo.org/en-gb/Item-Display/ItemId/256406/fbclid/IwY2xjawKNjRlleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFQZjlnaURBQzYxYW1aelBOAR7JGi-Rq709cGeVfju67WikjoZkywKWQug6nnpeafEr630aiSkTp-N42ZqCpQ_aem_0eBC-AgqumEM_1qjw7OcYA?returnurl=https%3A%2F%2Fwww.alphagalileo.org%2Fen-gb%2FItem-Display%2FItemId%2F256406
- Сүрөт org сайтынан алынды.



