Америкалык Кардиология колледжинин жылдык илимий сессиясында (ACC.25) сунушталган жаңы изилдөөгө ылайык, семирүү, кант диабети жана жүрөк оорулары сыяктуу кардиометаболикалык дарты бар адамдар өсүмдүк азыктарына басым жасаган диетаны кармануу менен узак жашоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртышы мүмкүн.
Бул изилдөөнүн учкай тыянактарын 23-март күнү Scitechdaily интернет басылмасы кабарлады.
Андагы маалыматка караганда, өсүмдүк диетасынын жалпы калкка тийгизген таасирин изилдеген мурунку эмгектерден айырмаланып, азыркы эмгек дүйнө жүзү боюнча барган сайын кеңири таралган кардиометаболикалык оорулары бар адамдарга өсүмдүк диетасынын таасирин өзгөчө баалаган биринчи изилдөө болду.
“Кардиометаболикалык оорусу барлардын арасында ден-соолукка пайдалуу өсүмдүк тамак-ашына көбүрөөк басым жасоо жалпы жүрөк-кан тамыр жана рак оорусунан өлүмдүн төмөндөшү менен олуттуу байланышта болгон” деди Чжанлинг Чен, медицина илимдеринин кандидаты, Борбордук Түштүк Кытай университетинин экинчи Сянья ооруканасынын жүрөк-кан тамыр медицинасы бөлүмүнүн дарыгери жана изилдөөнүн авторлорунун бири.
Кардиометаболикалык бузулуулар генетикалык, экологиялык факторлордун жана жашоо мүнөзүнүн жыйындысынан келип чыгат.
Алар жүрөк-кан тамыр системасынын саламаттыгына жана организмдин тамак-ашты натыйжалуу иштетүү жөндөмдүүлүгүнө таасир этет.
Сөз болуп жаткан изилдөөдө окумуштуулар Улуу Британия, АКШ жана Кытайдан ири кардиометаболикалык оорулары бар 78 000ге жакын адамдын маалыматтарын талдап чыгышкан.
Шилтемелер:
2. Сүрөт жасалма интеллект менен жасалды.



