Skip to ma content
search

Бээжиндеги Цинхуа университетинин изилдөөчүлөрү жакында WHERE-Bot аттуу ийилчээк жана жумшак (б.а. дене түзүлүшүн сыртка буруп, кыймылдаган жана ийкемдүү) жаңы роботту жасашканын https://techxplore.com/ интернет сайты 27-мартта кабарлады.

https://techxplore.com/news/2025-03-wheel-helical-based-soft-robot.html?fbclid=IwY2xjawKNDF5leHRuA2FlbQIxMABicmlkETFHdWlLZTVaaUJlZWhBM213AR6Ox-OGk4yoVPsOxma3abvltq404L9DpiT8cOGcNiD8RI34BTfvahDC1ZuncQ_aem_pcKnVej5WpAk19M0zPR2jA#google_vignette

Атайын структурасы жок чөйрөдө тоскоолдуктарды аныктоо үчүн сенсорлорду колдонбостон коопсуз кыймылдай алган бул робот бардык багыттар боюнча жылуу үчүн өзүнүн уникалдуу жана спирал формасындагы шакекче түзүлүшүн колдонот.

Techxplore.com белгилегендей, акыркы он жылдыктарда робототехника өндүрүшүндө ар кандай татаал шарттарда, анын ичинде түрдүү рельефтерде, жерде, абада, жада калса сууда да кыймылдай ала турган системалардын кеңири чөйрөсү киргизилди.

Адамдар же жакын жердеги объектилер менен кагылышпай, реалдуу динамикалык чөйрөдө жылуу үчүн роботтордун көбү сенсорлорго жана камераларга таянышат.

“Келечектеги изилдөөлөрүбүздө биз WHERE-Bot роботунун бекемдигин жана ар тараптуулугун жогорулатууга көңүл бурууну пландаштырып жатабыз. Учурда анын пружинасы олуттуу деформация учурунда сынып кала турган пластиктен жасалган. Биз мунун татаал рельефтерге туруштук бере ала турган бышык түрүн куруу үчүн күчтүүрөөк материалдарды изилдөөгө да ниеттенип турабыз. Андан тышкары, биз роботтун дизайнындагы функционалдык элементтерди бириктирүү менен ар кандай чөйрөдө, анын ичинде жерде, түтүк ичинде, суу астында, кумда, жада калса абада кыймылдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү жана кеңейтүүнү да мерчемдеп жатабыз”, – деди ийкемдүү роботту түзгөндөрдүн бири Дэнфэн Ян.

Роботехникадагы бул соңку жаңылык апрель айында америкалык коомдук жана техникалык кесиптик уюм – Электр жана электроника инженерлери институтунун (IEEE) Швейцарияда жумшак роботтор (soft robot) боюнча сегизинчи эл аралык конференциясында коомчулукка көргөзүлгөнү жатат.

Электр жана электроника инженерлери институту (IEEE) америкалык уюм болгону менен анын 190 мамлекетте 460 миңден ашуун мүчөсү бар.

Шилтемелер:

https://techxplore.com/news/2025-03-wheel-helical-based-soft-robot.html?fbclid=IwY2xjawKNDF5leHRuA2FlbQIxMABicmlkETFHdWlLZTVaaUJlZWhBM213AR6Ox-OGk4yoVPsOxma3abvltq404L9DpiT8cOGcNiD8RI34BTfvahDC1ZuncQ_aem_pcKnVej5WpAk19M0zPR2jA#google_vignette

Сүрөттө WHERE-Боттун каптал көрүнүшү ичинен сыртына оодарылып (эверацияланып) жылып бара жаткан учуру.

Close Menu
made in Moore Studio