Skip to ma content
search

Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана Өнүгүү агенттиги (UNCTAD) жасалма интеллекттин (ЖИ) дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.

https://unctad.org/press-material/ais-48-trillion-future-un-trade-and-development-alerts-divides-urges-action?fbclid=IwY2xjawKNAr9leHRuA2FlbQIxMABicmlkETFHdWlLZTVaaUJlZWhBM213AR6t-J2YBom9Jd9q4YUSwNoyu12vpbUtEWDJKCgwBPgmrH74oGg1qVtXzSJqrg_aem_lpQWiXvIxS2BCizTUhTsbQ

Жасалма интеллект (ЖИ) экономикаларды өзгөртүүдө – ал жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратса да, теңсиздикти күчөтүү коркунучун да алып келет. БУУнун Соода жана Өнүгүү агенттигинин (UNCTAD) 2025-жылдагы “Технология жана Инновация” баяндамасында ЖИ өнүгүүгө күчтүү түрткү бере аларын, бирок ал өзүнөн-өзү бардык өлкөлөр үчүн инклюзивдүү боло албай турганы эскертилет.

Бул технологиянын мүмкүнчүлүгүн туруктуу өнүгүү үчүн колдонуу максатында өлкөлөр азыртан чара көрүшү керек – санарип инфраструктурасына инвестиция салып, көндүмдөрдү өнүктүрүп, ЖИ башкаруу механизмдерин бекемдөө зарыл.

Баяндамада ошондой эле төмөнкү маселелер белгиленет:

  • Жасалма интеллект рыногунун көлөмү 2033-жылы 4,8 триллион долларга жетет деп болжолдонууда – бул Германиянын экономикасына барабар. Бирок анын пайдасы саналуу өлкөдө гана топтолууда. (Жасалма интеллект рыногунун көлөмү2023-жылы 189 млрд болгон).
  • Дүйнөлүк жумуш орундардын 40% ЖИ таасирине кабылышы мүмкүн, бул эмгек рыногун алдын ала жөнгө салууну талап кылат.
  • Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн үчтөн биринен азы гана ЖИ боюнча улуттук стратегияга ээ.
  • 118 өлкө ЖИ башкаруусуна катыша албай жатат, бул глобалдык инклюзивдүүлүктү чектейт.
  • Өнүгүп келе жаткан экономикалар ЖИ инфраструктурасына, маалыматка жана көндүмдөргө инвестиция салышы керек.

UNCTAD башкы катчысы Ребека Гринспан ЖИ өнүгүүсүндө адамдар башкы орунда турушу керектигин баса белгилеп, “технологиядан адамдарга басым жасоо үчүн эл аралык кызматташтыкты күчөтүү зарыл” деп билдирди.

Бирок дүйнөдө ЖИ инфраструктурасына жана адистигине жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Азыркы учурда 100дөн ашуун ири компания – негизинен АКШ менен Кытайда – дүйнөлүк корпоративдик R&D (изилдөө жана иштеп чыгуулар) чыгымдарынын 40%ын түзөт.

Технологиялык лидерлер – Apple, Nvidia жана Microsoft сыяктуу компаниялардын ар бири болжол менен 3 триллион доллардык баалуулукка ээ, бул бүткүл Африка континентинин ички дүң продукциясына барабар. Улуттук жана корпоративдик деңгээлдеги бул рыноктук үстөмдүк технологиялык ажырымдарды тереңдетип, көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ЖИден пайда көрүү мүмкүнчүлүгүн чектеп коюшу мүмкүн.

Баяндама айтылгандай, ЖИ дүйнөлүк жумуш орундарынын 40%ына таасир этиши мүмкүн, бул өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу менен катар автоматташтыруунун жана жумуш орундарын жоготуунун тобокелдиктерин да алып келет.

Айрыкча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө таянган тармактар жабыркашы ыктымал. Ошентсе да, ЖИ жаңы тармактарды түзүп, жумушчуларды күчтөндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн жумушчу күчүн кайра даярдоо жана жаңы көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча инвестициялар зарыл.

Сүрөт: БУУнун Соода жана Өнүгүү агенттигинин инфографикасы.

Close Menu
made in Moore Studio