Skip to ma content
search

Автор: Барбара Пинью (Bárbara Pinho).   

Европа Биримдиги каржылаган изилдөөчүлөр Европанын логистика тармагындагы айдоочулардын жетишсиздигин чечүү жана коопсуздукту, туруктуулукту жакшыртуу максатында жолдо өзү башкарган (self-driving) жүк ташуучу унааларды ишке киргизүүнү тездетип жатышат.

Жакынкы келечекте Европанын жолдорунда чоң кара айнектери бар, рулда айдоочусу жок, адаттан тыш көрүнгөн жүк ташуучу машинелер кеңири тараган көрүнүшкө айланышы мүмкүн.

Булар — Европанын жүк ташуу тармагынын келечегинде негизги ролду ойной турган автоматташтырылган алыскы аралыкка жүк ташуучу унаалар. Европалык изилдөөчүлөр аларды мүмкүн болушунча тоскоолдуксуз ишке киргизүү үчүн талыкпай иштеп жатышат.

Өзү башкаруучу автоунаалар мындан ары жаңылык эмес. Аэропорттордун айланасындагы кичинекей автономдуу автобустар, автономдуу метро линиялары же монорельстер, атүгүл айдоочусуз жеңил унаалар да акыркы жылдары кеңири тарады.

Бирок, өзү башкаруучу жүк ташуучу машинелер дагы деле негизинен сыноо баскычында. Алар чоң жана оор, ошондой эле коомдук жолдордо товарларды жеткирүү үчүн тез кыймылдашы керек болот. Ошондуктан изилдөөчүлөр алардын прогрессин кылдаттык менен карап жатышат.

Жаңы жүк ташуучу унааларды сынап жаткандардын бири — ITS Norway уюмунун изилдөө жана инновациялар боюнча директору, доктор Рагнхильд Вал (Ragnhild Wahl). Ал автоматташтырууну жогорулатуу аркылуу Европанын логистика тармагын жакшыртууга багытталган MODI деп аталган ЕБ каржылаган изилдөө демилгесин координациялайт.

“Бул долбоор автоматташтырылган унаалардын паркын толук масштабда жайылтууга негиз түзүүгө багытталган”, – деп түшүндүрдү ал. Негизги максат — Европа боюнча товарларды ташый турган өзү башкаруучу жүк ташуучу унааларды ишке киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү системаны түзүү жана сыноо.

 

Коопсуз ишке киргизүүнү камсыздоо

 

Жүк ташуу тармагын модернизациялоонун түпкү максаты — оор машинелер бортто адамдарга муктаж болбой, алдын ала аныкталган географиялык аймактарда жүргөн “4-деңгээлдеги” автоматташтырууга жетүү.

Бул жүк ташуучу унаалар тынымсыз, үзгүлтүксүз жүрө алышат, айдоо сааттарын узартат жана логистиканын натыйжалуулугун жогорулатат. Алар чечим кабыл алуу жана унааны башкаруу үчүн сенсорлорду, радарларды, камераларды жана өнүккөн AI (жасалма интеллект) алгоритмдерин колдонушат.

Ошондой эле, операцияларды күнү-түнү көзөмөлдөп турган алыскы операторлор менен башкаруу борборлору болот. Бирок жолдордо автоматташтырылган жүк ташуучу унааларды иштетүү үчүн, изилдөөчүлөр эч кандай күтүлбөгөн жагдай болбошун камсыз кылышы керек.

“Биз автоматташтырууга тоскоол болгон факторлорду аныктоо жана азайтуу үстүндө иштеп жатабыз”, – деди Вал. Анын эл аралык изилдөө тобу жердеги реалдуу логистикалык операцияларда CCAM (Cooperative, Connected and Automated Mobility – Кооперативдик, Туташкан жана Автоматташтырылган Мобилдүүлүк) чечимдерин иштеп чыгууда.

ЕБ CCAM изилдөөлөрүндө дүйнөлүк лидер болуп саналат жана MODI флагмандык демилгелердин бири катары транспорт тармагын модернизациялоонун мыкты жолу катары жайылтууда.

Транспортту жашылдандыруу жана цифралаштыруу менен бирге автоматташтыруу жүк ташу тармагы үчүн айдоочулардын өсүп жаткан жетишсиздигин чечүүгө да жардам бере алат.

Соңку маалыматтар Европа боюнча жүк ташыган айдоочулардын жетишсиздигин көрсөтүп турат. Эл аралык жол транспорту бирикмеси 2028-жылга чейин Европада 745 000 жүк ташыган айдоочу жетишпей калышы мүмкүн деп болжолдоодо — бул талап кылынган жумушчу күчтүн 17%.

“Айдоочулардын олуттуу жетишсиздиги бар жана ал жакынкы жылдарда начарлай берет”, – деди электрдик жана автономдуу унаалар боюнча адистешкен Einride швед жүк ташуу технологиялык компаниясынын долбоор менеджери Пиа Вийк (Pia Wijk).

Вийк ошондой эле MODI изилдөө тобунун курамында иштейт, анда ЕБнын жети өлкөсүндө, ошондой эле Норвегияда жайгашкан Volvo Technology AB жана DAF Trucks сыяктуу 36 мамлекеттик жана жеке уюмдардын адистери чогулган.

 

Жүктөрдү жашылыраак жана натыйжалуу жеткирүү

 

Алардын аракеттеринин борборунда өзү башкаруучу жүк ташуучу унаалар турат.

Бул жылмакай, ак, футуристтик көрүнгөн унаалардын алдында караңгыланган айнек бар, кошумча коопсуздук үчүн камералар жана сенсорлор менен толтурулган.

Einride компаниясынын жасалма интеллектке жана так сенсорлорго негизделген автономдуу технологиясы секундасына 5 миллиондон ашык маалымат чекиттерин талдайт, бул алардын айдоочусуз унааларына татаал маршруттарды навигациялоого, объекттерди так аныктоого жана тормоздоо аралыктарын алдын ала аныктоого мүмкүндүк берет.

Вийк автономдуу унаалар жол кырсыктарынан каза болгондордун санын азайтууга жардам бере алат деди. Бул – жарым-жартылай кырсыктарды болтурбоо функцияларына жана адамдык каталардын азайышына байланыштуу.

Nature журналында жарыяланган жакынкы изилдөөдө, автономдуу унаалар менен адам айдоочулары катышкан миңдеген кырсык отчетторун талдаган окумуштуулар көпчүлүк кырдаалдарда автономдуу унаалар адамдарга караганда коопсузураак экенин айтышты.

“Биз автономдуу технология транспортту мурункудан да коопсузураак кылуу потенциалына ээ деп эсептейбиз”, – деди Вийк.

Европа Комиссиясынын маалыматтарына ылайык, 2024-жылы уюм боюнча жол кырсыктарынан болжол менен 19 800 адам каза болгон.

Бул ЕБнын жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча уланып жаткан аракеттеринин алкагында мурунку жылга салыштырмалуу 3% азайгандыгын билдирет. Максат — 2030-жылга чейин жол кырсыктарынан каза болгондордун санын эки эсеге кыскартуу жана акыр аягында 2050-жылга чейин нөлгө жетүү, бул “Vision Zero” деп аталат. “Vision Zero” – жол кырсыктарынан каза болгондордун жана жабыркагандардын санын нөлгө жеткирүү максатын көздөгөн глобалдык демилге.

 

Татаал, реалдуу чөйрөлөрдө сыноо

 

MODI изилдөө тобу учурда Европа боюнча негизги транспорттук коридорлорго басым жасоо менен автоматташтырылган транспортту логистика тармагына кантип интеграциялоо керектигин изилдөөдө. Муну менен алар чечилиши керек болгон бир катар кыйынчылыктарды аныктап жатышат.

Ар кандай жүк ташуу сапарын коштогон маанилүү милдеттер — мисалы, чек арадан өтүү, документтерди толтуруу, күйүүчү май куюу жана жүктөө же түшүрүү — автоматташтырылган транспорттук чөйрөдө да натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу өтө маанилүү.

Долбоор 2026-жылдын мартында аяктаганга чейин, топ деталдуу таасирди баалоо жүргүзөт, алардын жыйынтыктарын чогултат жана компаниялар менен саясатчыларды маалымдоо үчүн бизнес моделдерди иштеп чыгат.

MODIнин негизги багыты — Нидерландиядагы Роттердамдан Норвегиядагы Ослого чейинки 1200 километрдик жол коридору. Изилдөөчүлөр анын автоматташтырылган кыймыл үчүн инфраструктуралык даярдыгын оң баалап жатышат.

Бул маршрут төрт улуттук чек араны камтыйт жана Норвегия ЕБнын курамына кирбегендиктен, ал ЕБ жана ЕБ эмес аймактардын ортосундагы бажы жана төлөм операцияларын да камтыйт.

MODI изилдөөчүлөрү ошондой эле коридордун боюндагы порт аймактарындагы төрт конкреттүү колдонуу учурлары аркылуу технологиялык чечимдерди сынап жатышат, алардын ар бири логистикалык камсыздоо чынжырынын ар кандай баскычын билдирет.

Роттердамда алар автономдуу унаалардын аралаш трафик менен порт чөйрөсүндө канчалык жакшы иштеп жатканын изилдеп жатышат. Гамбургда (Германия) автомагистралдар менен шаардык жолдордун ортосундагы жүрүүлөрү негизги элементтердин бири болуп саналат.

Гётеборгдо (Швеция) көңүл автоматташтырылган заряддоо, жүктөө жана түшүрүү сыяктуу хабдан хабга чейинки кыйынчылыктарга бурулган. Норвегияда чек арадан өтүүдө автоматташтырылган төлөмдөр сыналат.

Моссто (Норвегия) алар коомдук жолдордо жүрүп жатканда унаалар менен инфраструктуранын ортосундагы байланышты сынап жатышат.

 

Айдоочусуз келечек жакындап келе жатат

 

Einride 2024-жылдын декабрынан бери Швециянын эң ири дарыканалык электрондук сатуучуларынын бири үчүн кампалардын ортосунда жүк ташып, Европада өзүнүн автономдуу унааларын коммерциялык операцияларда колдонууда. Алардын жүк ташуучу машинелери Швециянын Транспорт агенттигинин уруксаты менен коомдук маршрутту колдонот.

Жакынкы келечекте, ITS Norway уюмунун изилдөө жана инновациялар боюнча директору, доктор Рагнхильд Валдын божомолуна ылайык, өзү башкаруучу жүк ташуучу унааларды колдонууга киргизүүдө эң жеңил жана коопсуз жолу бул — аларды алгач чектелген жана катуу көзөмөлдөнгөн аймактарда гана иштетүү.

Оор, алыскы аралыкка жүк ташуучу унааларга келсек, прогресс жайыраак болот. “Алыскы аралыкка жүк ташуу үчүн, автоматташтырылган жүк ташуучу унаалар жүздөгөн километрлерге жогорку ылдамдыкта жүрүшү керек, ошондуктан аларды ишке киргизүү кылдаттык менен пландаштырылышы керек”, – деди Вал.

Коомдук жолдорду автоматташтырылган унаалар үчүн ыңгайлаштыруу оңой эмес, анткени алар катуу эрежелер менен жөнгө салынат, татаал түзүлүшкө ээ жана жамааттар үчүн өтө маанилүү. Бул өзү башкаруучу унааларды киргизүүнү технологиялык жактан эле эмес, коомдук көз караштан алганда да олуттуу көйгөйгө айландырат. Бирок, алгачкы жыйынтыктар оптимизмди жаратат.

“Биз 1990-жылдары автоматташтырылган унаалар менен иштей баштаганыбызда, бардыгы аларга скептикалык мамиле кылган”, – деди Вал. “Азыркы учурда, роботакси жана аэропорттор сыяктуу көзөмөлдөнгөн чөйрөлөрдө жай кыймылдаган кичинекей бирдиктерди колдонуудан көрүнүп тургандай, өзү башкаруучу микроавтобустарды социалдык кабыл алуу өсүүдө.”

Чоңураак жүк ташуучу унаалар колдоого ээ болуу жана жөнгө салуучу тоскоолдуктарды басып өтүү үчүн көбүрөөк убакытты жана күчтү талап кылат. Ошентсе да, ЕБ тарабынан колдоого алынган MODI сыяктуу демилгелердин аркасында, айдоочусуз келечек жакындап келе жатат.

Бул макалада айтылган изилдөө ЕБнын Horizon программасы тарабынан каржыланган. Маектешкендердин пикирлери Европа Комиссиясынын пикирлерин билдирбейт.

Автор: Барбара Пинью (Bárbara Pinho).  

Эскертүү: Бул макала алгач Horizon – Европа Биримдигинин Изилдөө жана Инновация журналы тарабынан жарыяланган.

Түшүндүрмөлөр:

ITS Norway — бул Норвегиянын мамлекеттик жана жеке ишканалары үчүн улуттук бирикме. Анын негизги милдети — транспорт тармагында жаңы технологияларды колдонууну жайылтуу. Уюм акылдуу, коопсуз жана туруктуу транспорт чечимдерин ишке ашырууну, ошондой эле норвегиялык компаниялар үчүн бизнес мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүнү максат кылат.

MODI — бул Европа Биримдиги тарабынан каржыланган изилдөө демилгеси, анын негизги максаты — Европанын логистика тармагын автоматташтырууну жогорулатуу аркылуу жакшыртуу.

CCAM – бул (Cooperative, Connected and Automated Mobility) концепция унаалардын бири-бири менен, ошондой эле жол инфраструктурасы, жөө жүргүнчүлөр жана башка жол кыймылынын катышуучулары менен байланышып, маалымат алмашуусу аркылуу толук же жарым-жартылай автономдуу кыймылдашын билдирет. Мунун негизги максаты — жол коопсуздугун, транспорттун натыйжалуулугун жогорулатуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу.

Шилтемелер:

  1. Макаланын түп нускасы: https://projects.research-and-innovation.ec.europa.eu/en/horizon-magazine/self-driving-trucks-en-route-transform-europes-freight-sector
  2. Сүрөттөр Unsplash.com cайтынан алынды
  3. Терминдерге түшүндүрмөнү “Эл Илим” журналы даярдады
Барбара Пиньо

Барбара Пиньо (Bárbara Pinho) – португалиялык эркин журналист, илимий коммуникация боюнча адис. Макалалары Horizon, New Scientist, Chemistry World, Discover, Scientific American, Hakai, Tech Times журналдарында жарыяланып жүрөт.

Close Menu
made in Moore Studio