Skip to ma content
search

Жасалма интеллект (ЖИ) белоктордун үч өлчөмдүү (3D) түзүлүшүн изилдөө процессин буга чейин эле түп-тамырынан өзгөрткөн. Бул чоң жетишкендик өткөн жылы химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Эми ЖИ белоктордун курамын аныктоого да жардам берүүдө. Бул тууралуу ушул жумада Science журналы жазды.

https://www.science.org/content/article/ai-revolution-comes-protein-sequencing?fbclid=IwY2xjawKNB31leHRuA2FlbQIxMABicmlkETFHdWlLZTVaaUJlZWhBM213AR6t-J2YBom9Jd9q4YUSwNoyu12vpbUtEWDJKCgwBPgmrH74oGg1qVtXzSJqrg_aem_lpQWiXvIxS2BCizTUhTsbQ

Бул технология салттуу ыкмаларга караганда ылдамыраак иштеп, мурда белгисиз болуп келген белокторду аныктоого мүмкүндүк берет. Анын медицинада, экологияда жана археологияда мааниси зор.

Европалык изилдөөчүлөр өткөн жумада InstaNova деп аталган ЖИ жаракаттардагы патогендик белокторду жана деңиз суусунун үлгүлөрүндөгү микробдор аралашмасынан пайда болгон белгисиз белокторду аныктай аларын билдиришти.

Бирок InstaNova бул жаатта жалгыз эмес. Акыркы төрт жылда изилдөөчүлөр белоктун түзүмүн аныктоочу 20дан ашык ЖИ иштеп чыгышты.

“Бул тармактын негизги багыты ушул экени айкын көрүнүп турат”, — дейт Вашингтон университетинин протеомика боюнча ЖИ иштеп чыгуучусу Уильям Нобл.

Башка тармактардагы изилдөөчүлөр да бул куралдарды колдонууга кызыкдар. Мисалы, эволюциялык биологдор аларды азыркы адамдар менен жок болуп кеткен туугандарыбыздын ортосундагы айырмачылыктарды ачып берүүчү байыркы белокторду аныктоо үчүн колдонуп жатышат.

“Эгер бул буга чейин эле пайдалуу болсо, анда келечекте андан да жакшырат”, — дейт Копенгаген университетинин палеопротеомика боюнча эксперти Энрико Каппеллини.

Белоктордун дүйнөсү алардын генетикалык долбоорлорунан – ДНК (дезоксирибонуклеин кислотасы) жана РНКдан (рибонуклеин кислотасы) алда канча татаал. Мисалы, адам геномунда болжол менен 20 000 ген бар, бирок бул гендер 10 миллион түрдүү белокту пайда кыла алат. Анткени ДНК РНКга көчүрүлгөндө же РНК белокторго которулганда өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Мындан тышкары, белоктор сансыз химиялык модификацияларга кабылышы ыктымал.

Биологдор салттуу түрдө белокторду пептиддер деп аталган кыска фрагменттерге бөлүп аныкташат. Алардын ар бири 5тен 20га чейин аминокислотадан турат. Окумуштуулар андан кийин бул фрагменттерди масс-спектрометрде таразалап, алардын салмактарын маалымат базаларындагы белгилүү пептиддердин салмактары менен салыштырышат. Андан кийин бул фрагменттер толук молекуланын түзүлүшүн аныктоо үчүн чогултулат.

Бирок бул ыкманын да чектөөлөрү бар. Маселен, масс-спектрометрия аркылуу табылган пептиддердин 70%ке чейини эч бир маалымат базасында жок.

“Салттуу протеомика бир аз Google издөө системасына окшош. Эгер ал жерде жок болсо, аны таба албайсыз”, — дейт Даниянын Техникалык университетинин протеомика боюнча эксперти Тимоти Патрик Женкинс.

2021-жылы окумуштуулар ChatGPT сыяктуу терең нейрон тармагын колдонгон биринчи ЖИ программасын иштеп чыгышкан. Ал жаңы белокторду аныктоодо ийгиликтүү болгон. Эми жаңы программалар андан да жакшыраак натыйжаларды көрсөтүп жатат.

Окумуштуулар ЖИ куралдары илимде чоң өзгөрүүлөрдү жасай аларына ишенишет.

Шилтемелер:

https://www.science.org/content/article/ai-revolution-comes-protein-sequencing?fbclid=IwY2xjawKNB31leHRuA2FlbQIxMABicmlkETFHdWlLZTVaaUJlZWhBM213AR6t-J2YBom9Jd9q4YUSwNoyu12vpbUtEWDJKCgwBPgmrH74oGg1qVtXzSJqrg_aem_lpQWiXvIxS2BCizTUhTsbQ

Сүрөт: Лоборатияда иштеп жаткан илимий кызматкер. ЖИ тарткан сүрөт.

Close Menu
made in Moore Studio