Европанын бул жаңы аспабы Жерди ар 100 мүнөттө айланып, күн сайын дүйнө жүзү боюнча абадагы булганыч заттар жана атмосферадагы аз өлчөмдөгү газдар тууралуу маалымат берип турат.
Европанын космос агенттиги (ESA) MetOp-SG спутнигинин учурулушун “полярдык орбитадан аба ырайыны жана климатты көзөмөлдөөнүн жаңы доорунун башталышы” катары мүнөздөдү.
Агенттик кабарлагандай, жаңы жана экинчи муундагы MetOp-SG спутниги космоско Француз Гвианасындагы (Франциянын Түштүк Америкадагы аймагы) Куру космодромунан 13-август күнү Ariane 6 ракетасы аркылуу учурулган.
18-августа болсо Европанын 30 өлкөсүн камтыган EUMETSAT аба ырайы спутниктери уюму MetOp-SG-A1 спутниги үчүн бардык операцияларды өзүнө алганын жарыялады. “Үч күндүн ичинде адистер көптөгөн татаал кадамдарды жана манёврларды аткарып, спутникти Жердин төмөнкү орбитасына, Жер бетинен болжол менен 800 чакырым бийиктикке багытташты. Биз спутникти толук кандуу ишке киргизүү фазасына өтүп жатабыз, ал сандык аба ырайын болжолдоо үчүн эң маанилүү маалымат булактарынын бири болуп калат. Бул адам өмүрүн сактап кала турган божомолдорду жакшыртууга, Европада жана дүйнө жүзү боюнча климатты көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жардам берет”, – деп айтылат EUMETSAT тараткан маалыматта.
MetOp-SG миссиясынын өзгөчөлүктөрү
MetOp-SG миссиясы алдыдагы 20 жыл ичинде иштей турган алты спутниктен турат. Алар үч жуп болуп иштейт: ар бир жупта А түрүндөгү жана B түрүндөгү спутник бар. Бул спутниктерде бири-бирин толуктаган заманбап жабдуулар жайгашкан. Алар температураны, жаан-чачынды, булуттарды жана шамалды так өлчөп, аба ырайынын божомолун жана климатты талдоону жакшыртат.
“Так жана өз убагында жасалган божомолдор азыр абдан маанилүү, жана MetOp-SG миссиясы аба ырайынын божомолун жана климатты көзөмөлдөөнү жакшыртууда негизги роль ойнойт”,- деди Европанын космос агенттигинин (ESA) Жерди байкоо программаларынын директору Саймонетта Чели (Simonetta Cheli).

Бул жаңы спутниктин татаал аспаптар топтомуна Copernicus Sentinel-5 жаңы аспабы кирет, ал абаны булгоочулар, озон жана климатка байланыштуу газдар тууралуу маанилүү маалыматтарды берүүсү үчүн иштелип чыккан.
Европа комиссиясынын Космос саясаты, спутниктик навигация жана Жерди байкоо боюнча директору Кристоф Каутц (Christoph Kautz) “бул жаңы аспап Жерди ар 100 мүнөттө айланып, абадагы булганыч заттар жана атмосфера газдары боюнча күн сайын маалымат чогултат. Ал маалыматтар Copernicusтун Атмосфераны көзөмөлдөө жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматтарына жөнөтүлөт. Алар бийликке абанын булганышын көзөмөлдөөгө, климаттын өзгөрүшүн байкоого жана туура чечимдерди кабыл алууга жардам берет”,-деп белгиледи.
Бири-бирин толуктоо
MetOp-SG спутниктери Жерди уюлдан уюлга айланып жүрөт жана Жер өз алдынча айланган сайын дүйнөнүн дээрлик бардык бөлүгүн болжол менен 24 саатта камтыйт. Алардын салыштырмалуу төмөн орбитасы ар кандай атмосфералык шарттарды жогорку тактыкта өлчөөгө мүмкүндүк берет.
Бул мүмкүнчүлүк Европанын башка негизги аба ырайы миссиясы – Meteosat сериясы менен толукталат. Meteosat спутниктери геостационардык орбитада иштейт, бирок экватордон 36 000 км бийиктикте жайгашкан.
Бул орбита Жердин айлануусуна карабастан спутниктерди белгилүү бир жерде туруктуу кармайт. Натыйжада, Жердин чоң бөлүгү дайыма көзөмөлдө болуп, тез өзгөрүп жаткан аба ырайын байкоого мүмкүнчүлүк берет.
Meteosat үчүнчү муунунун экинчи спутниги- MTG-S1 жана ага кошулган Copernicus Sentinel-4 аспабы июль айында учурулган.
Жердин ар тараптуу көрүнүштөрүн эске алуу менен, орбитада эки түрдүү аба ырайы миссияларынын болушу аба ырайын болжолдоо, моделдөө жана климаттык анализ үчүн маалыматтын эффективдүүлүгүн жогорулатат
Бул миссиялар Европанын космос агенттиги – ESA менен Eumetsatтын көп жылдан берки кызматташтыгынын жыйынтыгы. ESA спутниктерди долбоорлоп, жасап чыгууга жооптуу болсо, Eumetsat учуруу кызматтарын уюштурат, жердеги башкаруу системасын иштетет, спутниктерди башкарат жана алынган маалыматтарды метеорологиялык коомчулукка жеткирет.
Илимий терминдерге түшүндүрмө:
Полярдык орбита – бул спутниктин Жерди айланып өткөн орбитасынын түрү, анда ал түндүктөн түштүккө кыймылдап, Жердин эки уюлунун жанынан өтөт. Мындай орбита аркылуу спутник Жердин бүт бетин камтый алат, анткени планета анын астында айланып турат. Полярдык орбиталар адатта төмөн бийиктиктерде, болжол менен 200дөн 1000 чакырымга чейинки аралыкта жайгашат.
Атмосферадагы аз өлчөмдөгү газдар – Жердин атмосферасында өтө аз көлөмдө (1%дан аз) кездешкен газдар. Алар атмосферанын майда бөлүгү болсо да, климатты жөнгө салуу жана абанын сапатын аныктоо сыяктуу ар кандай процесстерде абдан маанилүү ролду ойнойт.
Copernicus – мурун GMES (Global Monitoring for Environment and Security) деп аталган, Евробиримдиктин Жерди байкоо программасы.
Геостационардык орбита – Жердин экваторунун үстүндө түзүлгөн тегерек орбита, анда спутниктин орбиталык убактысы Жердин айлануу мезгилине (24 саат) дал келет. Бул спутникке Жердин белгилүү бир чекитинен караганда токтоп тургандай көрүнүүгө мүмкүнчүлүк берет, андыктан ал байланыш жана аба ырайын байкоочу спутниктер үчүн идеалдуу болуп эсептелет. Бийиктиги Жердин экватору үстүндө болжол менен 35 786 чакырымды түзөт.
Шилтемелер:
- Жаңылык Европанын космос агенттиги (ЕSA) менен EUMETSAT уюмунун төмөнкү маалыматтарынын негизинде жазылды: https://www.esa.int/Newsroom/Press_Releases/First_MetOp-SG_satellite_and_Sentinel-5A_launched https://www.eumetsat.int/eumetsat-assumes-control-inaugural-metop-second-generation-satellite
- Сүрөт EUMETSAT уюмунун https://www.eumetsat.int/ интернет баракчасынан алынды.
- Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



