Skip to ma content
search

Адам сымал же гуманоид роботтор курулуш тармагында он жыл аралыгында кеңири колдонула башташы мүмкүн. Ал үчүн алдыда технологиялык тоскоолдуктарды жеңүү жана жумушчуларды адам-робот кызматташтыгы үчүн даярдоо милдети турат. 

Дүйнөдө курулуш тармагы жумушчу күчүнүн олуттуу жетишсиздигине, коопсуздукка байланышкан туруктуу көйгөйлөргө жана эмгек өндүрүмдүүлүктүн узак мөөнөттөн берки төмөндөшүнө дуушар болуп келет. 

Бул жагдай – тармакта технологиялык инновацияларга болгон муктаждык абдан курч экендигинин белгиси. 

Роботтор кайталанма, кооптуу жана жогорку тактыкты талап кылган иштерди аткаруу аркылуу  жумушчулардын жүгүн жеңилдетет. 

Бирок курулуш аянтчалары татаал, структурасы жок жана өтө өзгөрмө чөйрө бойдон калгандыктан, тармакты толук автоматташтыруунун кыйынчылыктары да бар. 

АКШдагы Вирджиния технологиялык университети (Virginia Tech) жана Иллинойс университетинин Урбана–Шампейн шаарындагы филиалынын  изилдөөчүлөр тобу курулуш тармагында адам-робот кызматташтыгы үчүн эксперттердин катышуусу менен иштелип чыккан жөндөмдөрдүн (компетенция) алгачкы алкактык  моделин  сунуштаган изилдөө жүргүзүшкөн. 

Анын учкай  тыянактары менен  Евробиримдиктин илим чөйрөсүнө адистешкен Alpha Galileo маалымат порталы тааныштырды. 

Ал эми изилдөөнүн өзү Кытайдын инженердик илимдер академиясынын жетекчилиги астында иштеген Frontiers of Engineering Management (FEM) эл аралык академиялык журналында жарыяланган. 

“Роботтор курулуш иштерин жүргүзүү ыкмаларын өзгөртүп жатат, бирок бир эле технология жетишсиз. Бул изилдөөдө аныкталган компетенциялар реалдуу курулуш шарттарында чечүүчү мааниге ээ болгон техникалык, когнитивдик жана жүрүм-турумдук аспекттерди чагылдырат.  

Биздин модель роботтор менен иштөөгө даяр, туруктуу жумушчу күчүн түзүүгө багытталган жол картасын педагогдорго, тармак лидерлерине жана саясатты аныктоочуларга сунуш кылат. 

Ал өнүгүп жаткан курулуш секторунун муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүү”, -деп түшүндүрүшөт авторлор изилдөөнүн  маанисин. 

Изилдөөчүлөр курулушта адамдын ой жүгүртүүсүн роботтук тактык менен айкалыштырган адам-робот кызматташуусу бул тармак үчүн кыйла ыңгайлуу   деген чечимге келишкен. 

 

Адам-робот кызматташтыгынын көндүмдөрү менен жөндөмдөрү

 

Изилдөөнүн алкагында Дельфи ыкмасы боюнча эки айлампалуу сурамжылоо жүргүзүлүп, курулуш тармагынын адистеринин роботтоштурулган системалар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн кызматкерлерге керектүү билимдерди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү аныктоого багытталган пикирлери жыйналган.

Бул илимий аракет окутуу программаларын иштеп чыгууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле робот техникасын курулуш процесстерине коопсуз жана натыйжалуу интеграциялоого колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Изилдөөчүлөр ишти роботтоштурулган системаларга, коопсуздук протоколдоруна, адам-робот өз ара аракеттенүү интерфейстерине, сенсордук технологияларга жана тапшырмаларды пландаштыруу механизмдерине байланыштуу мүмкүн болгон компетенция элементтерин аныктоо үчүн адабияттарды ар тараптуу карап чыгуу жана контент-талдоо жүргүзүүдөн башташкан. 

Бул баштапкы компетенциялар 20 билим тармагына, 10 көндүмгө жана 12 жөндөмгө топтоштурулуп, андан соң Дельфи ыкмасы боюнча эки айлампалуу сурамжылоонун жүрүшүндө тармактык эксперттер тобу тарабынан бааланган.

Эксперттер анатомия жана роботтордун техникалык мүнөздөмөлөрү, курулуш роботторунун колдонуу чөйрөлөрү, сенсордук жана кабыл алуу технологиялары, адам–машина интерфейстери, роботторду башкаруу системалары жана коопсуздук стандарттары сыяктуу бир катар артыкчылыктуу билим тармактары боюнча мунасага  келишти. 

Alpha Galileo порталынын маалыматында көргөзүлгөндөй, чечүүчү мааниге ээ болгон көндүмдөрдүн катарына тапшырмаларды пландоо, техникалык компетенттүүлүк, программалоо, коопсуздукту башкаруу, адам менен роботтун өз ара аракеттенүүсүндөгү натыйжалуу коммуникация, ошондой эле маалыматтарды талдоо жана машиналык окутууну колдонуу киргизилди. 

Эң маанилүү жөндөмдөргө коопсуздук талаптарын аңдап түшүнүү, үзгүлтүксүз билим алуу, маселелерди чечүү, ыңгайлашуучулук, сынчыл ой жүгүртүү жана мейкиндиктик ой жүгүртүү кирет. 

Бул сапаттар курулуш чөйрөсүнүн динамикалуу жана алдын ала божомолдош кыйын шарттарында иштөө үчүн зарыл.

Аталган жыйынтыктар изилдөө тобуна курулуштагы адам менен роботтун өз ара аракеттенүүсү үчүн атайын ылайыкташтырылган биринчи бирдиктүү компетенциялык алкактуу моделди иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. 

Компетенциялык алкактуу модель курулушта кадрларды даярдоону жаңылоо боюнча практикалык сунуштарды камтыйт. 

Билим берүү мекемелери бул компетенциялар тармагын инженердик жана курулуш башкаруу программаларына киргизе алышат. 

Ал эми иш берүүчүлөр коопсуздукту жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу багытындагы атайын программаларды түзө алышат. 

Өкмөттөр да адам менен роботтун өз ара аракеттенүүсү менен байланышкан кызматтар үчүн стандартташтырылган квалификацияларды бекитүүдө ушул моделди пайдаланса  болот. 

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, робототехниканы текшерүүлөрдө, конструкцияларды чогултууда жана материалдарды иштетүүдө колдонуу кеңейген сайын, кызматкерлерди жаңы компетенциялар менен камсыз кылуу- автоматташтыруу процессин тездетүү, тобокелдиктерди азайтуу жана өндүрүмдүүлүк менен коопсуздукту максималдаштыруу үчүн негизги факторго айланат.

 

Адам сымал роботтордун курулушка кирүү мөөнөтү

 

Курулуш – эмгек өндүрүмдүүлүгү эң ылдыйкы тармак экенин McKinsey консалтинг компаниясы да 2025-жылдын соңунда жарыяланган, “Курулуш тармагындагы адам сымал (humanoid) роботтор: келечекке көз караш” деген атайын баяндамасында белгилейт. 

Баяндамада айтылгандай, курулуш технологиясы акыркы эки он жылдыкта олуттуу өнүккөнүнө карабастан, 2000-2022-жылдар аралыгында курулуш тармагындагы өндүрүмдүүлүктүн  жылдык  көрсөткүчү (CAGR) болгону 0,4% түзгөн. 

Бул өнөр жайдын башка тармактары, мисалы, өндүрүш тармагынын ошол мезгилдеги 3,0% орточо өсүү көрсөткүчү (CAGR) менен салыштырганда алда канча төмөн. 

Курулуш өндүрүмдүүлүгүндөгү өсүү өнүгүп келе жаткан рыноктордогу  иш-аракеттердин гана натыйжасы болгон. 

Жумушчу күчүнүн тартыштыгын жеңилдетүү максатында, кээ бир компаниялар кыш коюу  жана бетон даярдоо сыяктуу кеңири таралган айрым иш-аракеттерди атайын роботторду колдонуп,  автоматташтырган. 

Эми кийинки логикалык кадам – ар кандай чөйрөдө көп түрдүү, өз ара байланышсыз тапшырмаларды аткара алган универсалдуу роботторду колдонуу. 

McKinsey консалтинг компаниясынын эсебинде, курулуш тармагында адам сымал роботторду кеңири колдонуу болжол менен он жылдан кийин гана мүмкүн болот. 

Себеби, бул роботтор үчүн так түзүмү жок  курулуш аянтчаларында багыт табуу азырынча кыйын. 

Бирок, тармак лидерлери адам сымал роботторду колдонуу боюнча  даярдыкты азыртан баштоону караштырганы жакшы.

Анткени, жакындагы технологиялык жетишкендиктер аларды ылдамдатылган графикте  ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. 

McKinsey консалтинг компаниясынын көз карашында, адам сымал роботторду курулушка киргизүү жараянынын келечегинде жетекчилер үчүн башкы артыкчылык – роботтор кызматкерлердин ордун баспай, аларга колдоо көрсөтүүчү  жумушчу чөйрөнү түзүү болушу керек. 

Кызматташтыктын мындай формуласы көп тапшырмаларды аткара турган менеджерлерге, жумуш ашыкча жүктөлгөн кызматкерлерге жана долбоорлордун тезирээк бүтүшүн каалаган кардарларга пайда алып келет.

Адам сымал роботтор азырынча өнүгүүнүн салыштырмалуу алгачкы баскычында турат.

Бирок, аларды иштеп чыгуучулар, башка кызыкдар тараптар технологиялык, каржылык жана операциялык тоскоолдуктарды жеңе алса,  адам сымал роботтор бүтүндөй тармактарды өзгөртүүгө жөндөмдүү. 

 

Илимий терминдерге түшүндүрмө: 

Дельфи (Delphi survey) сурамжылоосу – татаал маселелер боюнча эксперттердин пикирлерин чогултуу үчүн колдонулуучу коммуникациялык ыкма. Ал анонимдүү анкеталардын бир нече айлампасы аркылуу жүргүзүлүп, консенсуска жетүү же ар түрдүү көз караштарды изилдөөнү максат кылат. 

Топтук ой жүгүртүүдөн качуу үчүн жыйынтыкталган жооптор кайрадан катышуучуларга берилип, пикирлерди этап-этабы менен тактоо камсыздалат.

Бул ыкма RAND Corporation тарабынан иштелип чыккан жана келечектеги өнүгүүлөрдү болжолдоодо, саясатты иштеп чыгууда жана долбоорлорду башкарууда кеңири колдонулат. 

Адатта, пикирлер туруктуу болуп калгыча же макулдашууга жеткенге чейин 2–4 айлампа пикир алмашуу жүргүзүлөт.

Адам сымал робот (humanoid robot) – адамдын дене түзүлүшүнө окшош, башкача айтканда башы, тулку бою, колдору жана буттары бар машина. Ал адамдар жашаган чөйрөдө иштөө жана ар түрдүү тапшырмаларды аткаруу үчүн жасалат. 

Мындай роботтор көп учурда эки бут менен басуу (бипедалдык кыймыл), адамдар жана курал-жабдыктар менен өз ара аракеттенүү үчүн жасалма интеллектти колдонушат.

Гуманоид роботтор универсалдуу болушу үчүн инженердик жактан мейкиндикте адам  сыяктуу жүрүп, объекттерди кармай жана башкара алгыдай иштелип чыгышы керек. 

Ушул өзгөчөлүктөрүнүн аркасында алар саламаттыкты сактоодо, өндүрүштө жана үй шартында колдонууга ылайыктуу болот. Ал эми салттуу роботтор көбүнчө бир гана белгилүү тапшырма үчүн жасалат.

 

Шилтемелер: 

  1. Маалымат макала  Alpha Galileo  порталында жарыяланган  https://www.alphagalileo.org/en-gb/Item-Display/ItemId/267186?returnurl=https://www.alphagalileo.org/en-gb/Item-Display/ItemId/267186  маалыматтардын негизинде жазылды. 
  2. Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө https://link.springer.com/article/10.1007/s42524-025-4224-x  Frontiers of Engineering Management журналында жарыяланган. 
  3. Маалымат макаланы жазууда McKinsey консалтинг компаниясынын https://www.mckinsey.com/industries/engineering-construction-and-building-materials/our-insights/humanoid-robots-in-the-construction-industry-a-future-vision баяндамасы да колдонулду. 
  4. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору  Buddy An
  5. Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады. 
Close Menu
made in Moore Studio