АКШнын космос агенттиги – NASA астронавттарынын Artemis II сапары Айга адамдын жарым кылым ашуун убакыттан cоң алгачкы ирет кайра барышы болгону турат.
Artemis II экипажынын Айга учуусу азыр март айына мерчемделүүдө.
Айга баруу өткөн кылымда космостук жарыштын натыйжасы болсо, Жердин жандоочусун бул кылымда изилдөө илимий жана коммерциялык да максатты көздөйт.
Аталган максаттар менен бирге Айга баруу адамдын Марс планетасына жетүүсүнө даярдыктын абдан маанилүү баскычы катары да каралууда.
АКШдан башка Айга адам жөнөтүү мүдөөсү Кытай менен Индияда да бар.

1-сүрөт. Artemis II сапарынын Orion космостук кемеси жана отундуу ракета күчөткүчтөрү Флорида штатындагы Кеннеди космос борборунун 39B старттык комплексинде даярдыкта турган учур. Автор -NASA/Jim Ross
Айдын бетине адам буту өткөн кылымда эле тийген. NASA Apollo программасынын алкагында, 1968-1972-жылдардын аралыгында Айга жалпысынан 24 астронавты учуруп, алты жолку сапарда алардын 12си Айдын бетинен басышкан.
Анда туңгуч эки астронавт Айдын бетине 1969 – жылдын 20-июлунда түшсө, акыркы эки астронавт Айдын бетинен 1972-жылдын 14 – декабрында кайтышкан.
Apollo программасында астронавттар Айдын бетинде, эң кыска сапарында 21 саат 37 минут, эң узагында 3 күн 3 саат жүрүшкөн.
Жерден орточо 384,400 чакырым аралыкта турган Айга жана анын жакынкы айланасына ошол мезгилден бери адам баласы барган эмес.
Салыштырма маалымат катары келтирсек, Жердин төмөнкү орбитасында АКШ, Орусия, Европа, Жапония, Канаданын космос агенттиктери бирге куруп, 1998-жылдан бери иштей баштаган, 2030-жылы жабылат деп күтүлгөн Эл аралык космос станциясы (ISS) Жерден орточо 400 чакырым эле алыстыкта турат.
Эми бул кылымда Айдын орбитасында космостук станция курууну максат кылган Artemis программасын NASA 2017-жылдан тарта расмий баштаган. Ал баскыч-баскыч менен ишке ашырылууда.
Artemis I жана Айга адамсыз учуу
NASA жарым кылым ашуун мезгилден кийин Айга кайра баруу программасынын биринчи баскычында Orion космостук кемесин адамсыз учурууну 2022-жылы 16-ноябрдан 22-декабрга чейин аткарган.
Анда Orion кемеси Жерден Айды карай багыт алып, кайра Тынч океанга конгонго чейинки убакыт 25 күн, 10 саат, 53 минутага созулган.
Бул учуруунун башкы макаты Orion кемесин, айрыкча анын жылуулук калканын, ошондой эле SLS (Space Launch System – Космостук учуруу системасы) ракеталык системасын сыноо болгон.
Ал жолкуда адамсыз барган Orion кемеси Айдын жанынан эки жолу учуп өткөн.
Artemis II жана Айдын тескери бетин көрүү
Artemis II сапарын аткаруу үчүн NASA узактан бери төрт астронавты даярдады.
Бул ирет Orion кемесинин ичинде америкалык астронавттар: Рейд Уайзман (Reid Wiseman), Виктор Гловер (Victor Glover), Кристина Кох (Christina Koch) жана Канаданын космос агенттигинен (CSA) Жереми Хансен (Jeremy Hansen) болот.
Экипаждын башчылыгына Рейд Уайзман бекитилген.
Artemis II миссиясынын Айдын айланасына сапары жалпысынан 10 күнгө жакын созулат.
Бул ошондой эле Orion космос кемесинин адам түшүү менен биринчи жолу сыналышы болот.

2-сүрөт. Artemis II сапарынын астронавттары (солдон-оңго): Рейд Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана Жереми Хансен. Автор – NASA/Frank Michaux
NASA агенттигинин маалыматына караганда, экипаж миссиянын алгачкы эки күнүндө Orion космостук кемесинин системаларын текшерип, Жерге жакын аймакта анын башкарылышын кол менен сыноодон өткөрүп көрөт.
Ушундан кийин гана Жердин орбитасынан чыгып, Айга карай багыт алуу үчүн экипаж кеменин кыймылдаткычтарын күйгүзөт.
Астронавттардын Айдын Жерден көрүнбөгөн тескери бетинин айланасына төрт күндүк учуусу жана кайра Жерге кайтып келүүсү 8 саны сымал траектория боюнча жүрөт.
Астронавттар Orion Айдын бетинен болжол менен 6,4 -9,4 миң чакырым аралыкта учкан кезде Ай кол менен түз сунулган баскетбол тобу сыяктуу болуп көрүнүп, илимий байкоолор үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк жаралат.
“Orion Айдын Жерге дайыма карабаган тескери бети аркылуу учканда экипаж беттеги геологиялык өзгөчөлүктөрдү, мисалы, тигинен түшкөн кратерлерди жана лавалардын байыркы агымдарын анализдеп, сүрөткө тартып алат.
Алар бул үчүн окуу учурунда жана Жердеги Айга окшош аймактардан алган кеңири геологиялык тажрыйбасына таянат.
Астронавттар ошондой эле беттеги формалардын, текстуралардын жана түстөрдүн айырмачылыктарын сүрөттөп берүү көнүгүүсүн жасашат.
Мындай маалыматтар аймактын геологиялык тарыхын ачып берет жана Artemis III экипажы Айдын бетин изилдеген учурга маалымат чогултушу үчүн абдан маанилүү болот”, – деп жазат NASA сапардын илимий максаты тууралуу.

3-сүрөт. Artemis II сапарынын траекториясы. Автор – NASA
NASA кошумчалагандай, Orion кемеси менен барган астронавттар Айдын тескери бетинин кээ бир бөлүктөрүн көз менен көргөн биринчи адамдар болушу мүмкүн.
Өткөн кылымда Apollo программасынын тогуз миссиясында да астронавттар Айдын тескери бетинин айрым бөлүктөрүн көрүшкөн, бирок бүтүндөй эмес, анткени алар орбиталарында кайсы бөлүктөр жарыкта болгондугу менен чектелген.
Artemis III жана Айдын түштүк уюлуна конуу
Artemis II ийгиликтүү аяктагандан кийики этап, АКШнын космос агенттигинин планы боюнча – Artemis III. Аны ишке ашыруунун мөөнөтү азыр 2028-жыл деп мерчемделүүдө. Бирок, бул мөөнөт артка жылып кетиши да мүмкүн.
Artemis III адамдын 50 жылдан ашуун мезгилден кийин Айдын бетине кайра келүүсү, ошондой эле NASA жаңы тарыхты жаратып, Айдын Түштүк уюлуна жакын аймакты изилдөө үчүн ал жерге адамды алгачкы ирет түшүрүүсү болот.
Artemis III сапарында да төрт астронавты салган Orion кемеси астронавттар Айдын бетине түшүүсүнүн алгачкы баскычында Айдын түз сызыктуу гало-орбитаcына (NRHO- Near-Rectilinear Halo Orbit) жайгашат.
“NASA жүздөгөн мүмкүн болгон орбиталардын ичинен NRHOну тандады, анткени ал Artemis миссияларынын узак мөөнөттөгү максаттарына жетүүгө жардамдашат.
NRHO Жер менен туруктуу байланышта болууга жана Айдын бардык аймактарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул орбита Жер менен Айдын гравитациялык тең салмактуулугунда болгондуктан, күйүүчү майды үнөмдүү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн да камсыздайт.
Келечектеги сапарларда NASA жана өнөктөштөрү Gateway деп аталган Ай космос станциясын NRHOдо куруп, Artemis миссиялары үчүн борбор катары колдонушат”,- деп айтылат NASA агенттигинин расмий интернет баракчасында алдыдагы иш мерчем тууралуу.
Айдын бетине Starship менен жетүү
Artemis III сапарында экипажды Айдын орбитасындагы Orion кемесинен Айдын бетине кондуруу жана кайра ошол жерге алып келүү милдетин SpaceX компаниясынын Адамды кондуруу системасы (HLS – Human Landing System) – Starship модулу аткарат.
Artemis III сапарына чейин SpaceX Starship модулун Айдын бетине кеминде бир ирет адамсыз кондуруп, сынап көрмөкчү.
Бул модул Айдын NRHO орбитасына астронавттардан мурда өз алдынча учурулат.
Адегенде модулду күйүүчү май менен камсыздоо үчүн SpaceX Жердин орбитасына отун кампасын чыгарат, ал кампага майды бир нече ирет колдонулуучу танкерлер жеткирет.
Starship Жердин орбитасында отун кампасы менен тогошуп, күйүүчү май менен камсыз болгон соң Айдын NRHO орбитасына жол тартып, болжол менен алты күндө жетет жана ал жерде Artemis III экипажын күтүп турат.
Миссиянын андан аркы уланышы тууралуу NASA агенттигинин расмий интернет баракчасында “эки космостук кеме NRHOго келгенде, Orion Starship модулунун конуу системасы менен тогошуп, XXI кылымдагы биринчи Ай экспедициясына даярданат.
Экипаж жана алардын керектүү нерселери даяр болгондон кийин, эки астронавт Starshipке өтүп, экөөсү Orionдо калат.
Orion тогошуудан ажырап, Айдын NRHO орбитасында болжол менен 6,5 күндөй турат.
Бул мезгил аралыгында Starship менен экспедицияга кеткен эки адам Айдын бетинде иштерин бүтүрүп, кайра космостук кемеге кошулууга үлгүрөт”,- деп көргөзүлөт.

4-сүрөт. SpaceX компаниясынын Айга конуучу Starship модулунун көркөм концепциясы. Автор – SpaceX
NASA Айдын Starship модулу коно турган Түштүк уюлун “уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар жана космостук терең илимий ачылыштарга үмүт берген” аймак катары баалаган.
Ал эми Айдын бул өңүрүнүн өзүндөгү алгачкы изилдөө тууралуу NASA агенттигинин интернет баракчасында “Айда жүргөн мезгилде астронавттар Starship модулунун ичинде илимий иштерди аткарып, ошондой эле Айдын бетин изилдөө үчүн бир катар Ай жүрүштөрүн (moonwalks) жасашат.
Ай жүрүштөрү учурунда астронавттар сүрөт, видео тартышып, геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, үлгүлөрдү чогултуп жана белгилүү илимий максаттарга жетүү үчүн башка маалыматтарды топтошот.
Айдын Түштүк уюл аймагындагы көрүнүш Apollo миссиялары учурунда Айдын экватордук бөлүгүндө тартылган сүрөттөрдөн кескин айырмаланат.
Күн горизонттун үстүндө гана көрүнүп, жер бетине узун жана кара көлөкөлөрдү түшүрөт.
Бул аймакты экипаж чекеден жарык берген фонарлардын жана навигациялык шаймандардын жардамы менен изилдейт.
Artemis III астронавттары чогулткан маалыматтар жана материалдар Түштүк уюлдун табышмактуу аймагын, Айды жана Күн системабызды түшүнүүбүздү тереңдетет”, – деп белгиленет.

5-сүрөт. Artemis III сапарынын траекториясы. Автор – NASA
Ай бетиндеги экспедиция аяктаган соң, эки астронавты салган Starship модулу кайра NRHO орбитасында турган Orion кемесине келет.
Экөөсү кайра тогошкондон кийин экипаж орбитада беш күнгө чейин болуп, үлгүлөрдү Starship модулунан Orion кемесине өткөрүп, Жерге кайтуу сапарына даярданат.
Жерге болсо төрт астронавт тең Orion кемесинде кайтышат.
Жердин атмосферасына кирүү учурунда ал кеменин ылдамдыгы саатына болжол менен 40 000 чакырымга жетет экен.
Космостук кеме 11 парашюттун жардамы менен Тынч океанга конот.
Марска барууга даярдык көрүү
NASA агенттигинин пикиринде “Artemis III терең космосту изилдөөнүн бүгүнкү күнгө чейинки тарыхындагы инженердик ой жүгүртүүнүн жана адамдык акыл-эстин эң татаал жетишкендиктеринин бири болот. Астронавттардын байкоолору, алып келген үлгүлөрү, чогулткан маалыматтары Күн системабызды жана өз планетабызды түшүнүүбүздү кеңейтип, кийинки муунду шыктандырат.
Бул миссия адамдар Айга туруктуу түрдө жетүүчү келечекке жол ачат жана планеталар аралык адамдык экспедицияларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Ар бир Artemis миссиясы билимдерибизди тереңдетип, операцияларыбызды өркүндөтүп, технологияларыбызды далилдеп, адамдардын Марска болгон алгачкы миссиясына даярдык көрүүгө жардам берет”.
Марс планетасына жетүү үчүн туруктуу таяныч база куруу көздөлгөн Ай менен Марстын аралыгы алардын орбиталарынын алмашуусуна жараша эң жакын дегенде 54 миллион чакырымдан, эң алыс дегенде 400 миллион чакырымдан ашып кетет. Алардын орточо аралыгы 225 миллион чакырым.
Күндүн айланасында ар башка орбита менен жылгандыктан Жер менен Марстын аралыгы да дээрлик ушундай.
Бирок эксперттик түшүндүрмөлөр боюнча, Жерге караганда Айдан Марска учуу (отун Айда даярдалган шартта), Марстан Айга караганда Жерге учуу энергияны аз керектейт.

6-сүрөт. Жер менен Эл аралык космос станциясынын (ISS), ошондой эле Жер менен Айдын жана Жер менен Марстын ортосундагы аралыктын инфографикасы.
Алдыда Айды Марс планетасына барууда таяныч катары пайдалануу үчүн Айдын өзүндө күйүүчү май өндүрүп, суу чыгаруу мүмкүнчүлүгүн ачуу – эң чечүүчү мааниге ээ маселелерден.
Германиядагы Мюнхен Техникалык университетинин (TUM) Айды жана планеталарды изилдөө боюнча профессору Филипп Рейсс (Philipp Reiss) алдыдагы он жыл ичинде Айда суу жана кычкылтек өндүрүлүшү мүмкүн деп болжолдойт.
Космос агенттиктери жана илимпоздор эгер Айдын түштүк уюлунда муздун кору жетиштүү болсо, андан ичүүчү суу алууга, ошондой эле космос кемелери менен ракеталарга керек криогендик отун үчүн суутек жана адамдын дем алуусу үчүн кычкылтек өндүрүүгө болот деп болжолдошот.
Алардын көз карашында, мындай мүмкүнчүлүктүн жаралышы – Марска багытталган миссиялар жана Айдагы кен казуу иштери үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Айдын кен байлыгы жана эл аралык келишимдер
Artemis программасынын алкагында, АКШ жана башка жети өлкө “космосту жарандык максатта изилдөө жана пайдаланууну башкарууну жакшыртуу үчүн” жалпы принциптердин жыйындысын сунуштаган Artemis келишимин 2020-жылы түзүшкөн.
2026-жылдын январь айына карата бул эл аралык келишимге 60 мамлекет кошулду.
Келишимге АКШдан бөлөк Айга адам жөнөтүү дымагы бар эки өлкөнүн бири – Индия да кирген. Бирок, Кытай келишимде азырынча жок.
Алгачкы тайконавтын (космонавтын) 2003-жылы учурган жана 2020, 2024-жылдары Chang’e аппараттары Айдан топурактын үлгүлөрүн алып келген Кытайдын 2030-жылга карата Айга адам жөнөтүү жана 2035-жылга карта Айдын бетинде же орбитасында “эл аралык” деп аталган Ай станциясын куруу планы бар. Кытай бул планына Орусияны өнөктөш катары тартууда.
Chandrayаan космос аппараттары 2008, 2019, 2023-жылдары Айдан топурактын үлгүлөрүн алып келген жана 2027- жылга өз алдынча алгачкы үч космонавтын Жердин төмөнкү орбитасына учурууну мерчемдеген Индия болсо Айга адам жиберүү максатын 2040-жылга карата ишке ашырууну көздөйт.
Талдоочулар 21-кылымда Айды өздөштүрүүгө өкмөттүк космос агенттиктер менен катар жеке компаниялар да тартылгандыктан, бул иштин илимий гана эмес, коммерциялык кызыкчылыктары да бардыгын жана тиешелүү эл аралык келишимдер эскиргенин эскертип жатышат.
Маселен, “Космос мейкиндиги жөнүндө” ( Outer Space Treaty) 1967-жылкы эл аралык келишим космос эч бир мамлекеттин менчиги болбошу керектигин жана изилдөөлөр “бардык адамзатка” пайда алып келери тууралуу жарыя кылат. Бирок, анда пайданы бөлүшүүнү милдеттүү кылган эч кандай механизм каралган эмес.
Ал эми 1979-жылкы Ай келишими Айдын ресурстарын “бардык адамзаттын жалпы мурасы” деп белгилөөгө жана алардын пайдаланылышы үчүн эл аралык режим түзүүгө аракет кылган.
Бирок, бул келишимди болгону 15 өлкө гана ратификация жасаган жана алардын арасында космосту изилдеген күчтүү мамлекеттер болгон эмес.
Айда бар деп саналган кендерге уран, калий, фосфор, суу муздары, платина тобуна кирген металлдар жана гелий-3 кирет.
Булардын ичинен гелий-3 – келечекте салыштырмалуу таза термоядролук энергияны өндүрүүгө жардам бере алат деп эсептелген жана сейрек кездешкен изотоп.
Шилтемелер:
- Маалымат макаланы жазууда NASA агенттигинин https://www.nasa.gov/humans-in-space/artemis/ интернет баракчасындагы материалдар колдонулду.
- Сүрөттөр NASA агенттигинин https://www.nasa.gov/gallery/artemis/ интернет баракчасынан алынды.



