Skip to ma content
search

Ай ар дайым адамзатка да, илимге да кызыктуу болуп келген. Учурда бир нече  космостук агенттик жаңы изилдөө миссияларын мерчемдөөдө. Айга адам акыркы жолу барып келгенден 50 жылдан ашуун убакыттан кийин Жердин жандоочусу кайрадан космостук изилдөөлөрдүн борборуна айланышынын себебин Мюнхен Техникалык университетинин (TUM) Айды жана планеталарды изилдөө боюнча профессору Филипп Рейсс (Philipp Reiss) түшүндүрөт.

 

Учурда ар кандай космостук агенттиктерден беш миссиянын өзү эле Айда сууну изилдөөгө багытталган. Айга болгон мындай чоң кызыгуу эмнеден келип чыгууда?

 

Апполон доору (АКШнын астронавттары алгачкы жолу Айга барган учур, 1969-1972-жылдар) менен салыштырганда, анда мотивация ачык эле саясий болсо, азыркы учурдагы мотивация – чыныгы илимий изилдөө.

Мындагы борбордук орунду өзгөчө Айдагы суу маселеси ээлейт. Жообу табыла элек суроолор али көп. Мисалы, суу кайдан келип чыккан жана ал кандай көлөмдө бар?

Колдонууга жарамдуу ресурстар келечекте сатылышы мүмкүн жана экономикалык потенциалды көрсөтөт.

Ошондой эле биз Айдын үстүндө көп илимий иштерди жасай алабыз. Таасир процесстерин изилдей алабыз, Айдын бетинин жашы жана геологиясы, Күн системасы жана асман телолорунун түзүлүшү тууралуу көп нерселерди билүүгө болот.

Бул темалар Апполон миссияларынын негизги көңүл борборунда турган эмес жана кийин да жарым-жартылай гана каралган. Мындан тышкары, Айдагы суу тууралуу билим болгону 25 жыл мурда эле пайда болду. Ага чейин Айда суу жок деп эсептелип келген.

 

Ай чийки заттарды камсыздап, алыскы планеталарга сапарлар үчүн борбор катары кызмат кылышы жана колониялаштырылышы керек деп эсептелет. Булардын кайсылары реалдуу жана качан ишке ашарын күтө алабыз?

 

Чечүүнү талап кылган биринчи маселе – отун. Бир жагынан ал эң чоң экономикалык потенциалга ээ, экинчи жагынан болсо биз Жерден космоско отун жеткирүү үчүн эбегейсиз аракеттерди көрүп жатабыз.

Айда күйүүчү май өндүрүү алыскы сапарлар үчүн таптакыр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмак.

Мындан тышкары, бул Жерден учурууда (космостук кемелер менен аппараттарды) чыгымдарды гана эмес, эмиссияларды да азайтат эле.

Мен биринчи демонстрациялык учуулар кийинки 10 жыл ичинде болот деп күтөмүн.

Бул Айда алгачкы түзмөктөр (аппараттар) реголит деп аталган таштан кычкылтек бөлүп чыгарып, сууну иштетет дегенди билдирет.

Андан кийинки кадам – чийки заттарды колдонуу болот. Ал эми Айдын өзүн колониялаштыруу болсо кыйла узак убакытты талап кылат.

Ресурстарды казып алуу жана иштетүү адамдарсыз эле мүмкүн болобу?

 

Көпчүлүк процесстер чынында эле роботтор аркылуу ишке ашат. Мисалы, адамдар Айдагы процесстерди жана машиналарды пландалган Gateway (Айдын орбитасындагы платформа-станция] космостук станциясынан, алыстан көзөмөлдөй алышат.

Бирок адамдар изилдөөдө, башкача айтканда ресурстарды табууда маанилүү роль ойношот.

Алар Айдын бетиндеги объектилерди жана ресурстарды сенсорлор менен жабдылган роботторго караганда жакшыраак кабылдай алышат.

Андыктан, Айда адамдар да, роботтор да талап кылынат. Андан кийин ресурстарды казып алуу жана иштетүү жумуштарын роботтор аткарат.

Айдан ресурстар казылып алынгандан кийин эмне болот? Биз башка планеталарга барабызбы же Жердин жандоочусунда изилдөөнүн бөлөк багыттары болобу?

 

Айда дагы көп нерселерди табууга жана изилдөөгө мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, Айдын алыскы бетинде телескопторду орнотуу жаңы ачылыштарга мүмкүндүк берет, анткени Жерден кийлигишүү болбойт. Ошол эле учурда биз Марска да багыт алабыз.

Менин оюмча, Айды Марска жетүү үчүн тепкич жана Марска миссияларды сыноочу жер катары колдонуу деген классикалык ыкма – өтө кыска көз караш. Технологиялык талаптар жана айлана-чөйрө шарттары абдан башка, бирок, албетте, көптөгөн синергиялар да бар.

Мындан тышкары, Айга Марска (Ай менен Жердин ортосу 384,5 миң , Жер менен Марстын аралыгы орточо  225  миллион  чакырым) караганда алда канча ылдамыраак жана ийкемдүү учууга болот. Ошондуктан, менин пикиримде, эки Аалам телолоруна тең миссияларды параллелдүү өнүктүрүү логикалуу.

Узак аралыктуу планеталар ортосундагы миссиялар үчүн болсо Жер менен Айдын арасындагы космостук аймак маанилүү болуп калышы мүмкүн.

Ири космостук кемелер Жерден же Айдан бөлүктөр менен келип, андан кийин Айдын аймагында чогултулуп, отун менен камсыздалат.

Эскертүү: Бул материал алгач Мюнхен Техникалык университетинин (TUM) интернет баракчасында жарыяланган.

Шилтемелер:

  1. Материалдын түп нускасы: https://www.tum.de/en/news-and-events/all-news/press-releases/details/oxygen-and-water-production-on-the-moon-in-the-next-10-years
  2. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Кум Mackinnon.
Филипп Рейсс

Филипп Рейсс (Philipp Reiss) - Мюнхен Техникалык университетинин (TUM) Айды жана планеталарды изилдөө боюнча профессору. 2019-2022-жылдары Европанын космос агенттигинин (ESA) Ай ресурстары боюнча Ландер тобунда, Адам жана роботтук изилдөөлөр дирекциясында иштеген. Космостук инженерия, астронавтика жана учуу системаларынын динамикасы боюнча адис. Доктор-инженер ((Dr.-Ing.) даражасын 2018-жылы Мюнхен Техникалык университетинен алган. Жетимиштен ашуун илимий эмгектин автору.

Close Menu
made in Moore Studio