АКШдагы Калифорния Санта-Барбара университетинин окумуштуусунун изилдөөсү суу катмарларды – аквиферлерди калыбына келтирүүнүн дүйнөдөгү айрым ийгиликтүү мисалдарын талдаган.
Калифорния Санта -Барбара университети (UCSB) – жер астындагы суу катмарлары боюнча изилдөөлөрдү соңку жылдары ырааттуу жүргүзүп келе жаткан илимий борборлордун бири.
Университеттин Брен мектебинин (Айлана-чөйрө илими жана башкаруу) суу ресурстары боюнча профессору, гидролог Скотт Жасечконун (Scott Jasechko) соңку илимий эмгегинин айрым бүтүмдөрү окуу жайдын интернет баракчасында жазылды.
Ал эми изилдөөлөрү чоң маалымат топтомдорун колдонуп, дарыя жана жер астындагы суулардын сапатын сактоо, көлөмүн туруктуу пайдалануунун жолдорун түшүнүүгө багытталган окумуштуунун илимий макаласы Science журналында жарыяланган.
Өзү дүйнө калкынын жарымы үчүн стакандан ичип жаткан суу жер астынан алынат. Жер астындагы суулар дүйнөлүк сугаттын 40% да камсыздайт.
Тилекке каршы, Калифорния Санта-Барбара университети белгилегендей, планетадагы аквиферлердин же жер астындагы суу бассейндеринин үчтөн биринен көбүндө суу деңгээли төмөндөп жатат.
Суунун деңгээлинин түшүшү бүтүндөй аймактарды кургакчылыкка, жердин чөгүшүнө же деңиз суусунун кирип кетишине аярлуу кылып койот, экосистемаларга зыян келтирет жана сууга жеткиликтүүлүктү азайтат.
Бул ресурсту туура коргоо – социалдык, гуманитардык жана экологиялык коопсуздуктун маселеси.
Бактыга жараша, ийгиликтүү мисалдар да бар. Калифорния Санта-Барбара университетинин профессору Скотт Жасечко Science журналында жарыяланган изилдөөсүндө аквиферлерди калыбына келтирүү багытында чара көрүлгөндөң кийинки 67 мисалды терең талдап чыккан.
Окумуштуу ошол ийгиликтүү демилгелердин көбү бир нече кийлигишүү ыкмаларын камтыганын, ал эми 80%дан ашыгы альтернативдүү суу булагын пайдаланууну киргизгенин аныктаган.
“Бул изилдөөдөгү мисалдар жер астындагы суулардын түгөнүшү сөзсүз боло турган нерсе эместигин эске салат. Алар адамдар бул көйгөйдү дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында кантип чечип келгенин көрсөтөт”,- дейт профессор Жасечко.
Кооптуу тенденцияны чечүү
Калифорния Санта-Барбара университети маалымдагандай, 2024-жылы профессор Жасечко жана анын кесиптештери жер астындагы суулардын деңгээлине дүйнө жүзү боюнча дээрлик 1700 аквиферди камтыган эң ири баалоону жүргүзүшкөн.
Ал изилдөө ресурстардын азайуусу менен бирге суунун деңгээлинин төмөндөшү да ылдамдап бара жатканын көрсөткөн. Ошол эле учурда, анда ийгиликтүү иш жүрүп жаткан айрым мисалдар да келтирилип, алар азыркы изилдөөнүн негизин түздү.
Профессор Жасечко бул ийгиликтүү учурларды кылдат изилдеп, кийлигишүү чараларын категорияларга бөлдү жана салыштырды.
Натыйжада жер алдындагы сууларды калыбына келтирүүнүн үч негизги стратегиясы аныкталды, алар:
- Альтернативдүү суу булактарын табуу
- Эрежелерди иштеп чыгуу жана экологиялык рынокторду киргизүү
- Аквиферлерди жасалма түрдө толуктоо
Аквиферлерди суунун жер астында жаан-чачындан, кардын эришинен жана жердин бетиндеги суулардын сиңишинен толукталып турган “банк эсептери” деп койсо болот.
Калифорния Санта-Барбара университети жазгандай, азыр мындай “эсептердин” көбү коркунучтуу деңгээлде жана калдыгы аз. Муну жашоо образыбызды жана керектөөнү өзгөртүү менен чечсе болот. Башкача айтканда, жер астындагы сууларга болгон суроо-талапты азайта турган эрежелерди кабыл алып, инфраструктура түзүү керек.
Ошондой эле мунун кошумча “киреше” булагын табууга да болот. Суунун альтернативдүү булактары жер астындагы сууларга муктаждыкты азайтып же аквиферлерди кайра толуктоо аркылуу “эсепке” кошумча салым киргизүүсү мүмкүн.
Профессор Скотт Жасечконун акыркы илимий макаласында ар бир учурдук изилдөөнүн факторлорунун айкалышы өзгөчө болгондуктан, майда-чүйдөсүнө чейин салыштыруулар жана талкуулар көп берилген. Ошого карабастан, бир нече жалпы тенденциялар байкалган. Изилдөө учурларынын үчтөн экисинде бир нече категориядагы кийлигишүү чаралары колдонулган.
“Бул жер астындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшүнө каршы күрөшүүдө көп багыттуу стратегиялардын маанисин баса белгилейт деп ойлойм. Мындан биз ала турган сабак – бардык жумуртканы бир эле себетке салбоо же биз изилдеген маселеге тиешелүү кылып айтканда, бүт сууну бир эле чакага куюп жибербөө”, – деди Жасечко.
Изилденген учурлардын 81%да жер астындагы сууларга болгон муктаждыкты азайтууга жардам берген альтернативдүү суу булагы колдонулган.
Профессор Жасечконун пикиринде, бул стратегиянын жагымдуулугунун бир себеби – ал адамдардын жүрүм-турумун эң аз өзгөртүүнү талап кылат.
“Эгер башка суу булагы жеткиликтүү болсо, аны пайдалануу суу муктаждыгын камсыз кылып, жер алдындагы сууларды сордуруунун зарылдыгын азайта алат. Бул жалпы суу керектөөнү кыскартуу тууралуу кыйыныраак талкууларды айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок альтернативдүү булактарды пайдалануунун да өзүнө жараша кемчиликтери бар”,- дейт илимпоз.
Тактап айтканда, бул чечим көп учурда кымбатка түшөт жана көйгөйдү башка аймакка жылдырып коюшу мүмкүн.
Тескерисинче, эрежелерди өзгөртүү аз административдик чыгымдарды жана энергияны талап кылгандыгы менен пайдалуу. Ошондой эле мындай чара жер алдындагы суулардын азайышына алып келген жүрүм-турумду түздөн-түз бутага алат. Бирок мындай чаралар жер алдындагы сууларды узак убакыттан бери пайдаланып келген жергиликтүү экономикаларга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.
Жер алдындагы сууларды толуктоо сууну сордурууну кыскартуунун зарылдыгын жоё алат. Профессор Жасечконун айтымында, бул чара экономикасын жер алдындагы сууларды пайдаланууга таянып курган жаматтар үчүн ишке жарамдуу стратегия болушу мүмкүн. Бирок, бул чарада суунун өзү кайсы бир булактан алынышы керек, ал эми аны аквиферге жеткирүү үчүн энергия талап кылынат.

Жер алдындагы суулардын азайуу тенденциясын тескери нукка бурган чаралар. Жер алдындагы суулардын азайышынын концептуалдык модели (солдо), чаралар (ортодо) жана жер алдындагы суулардын калыбына келиши (оңдо). Сүрөттүн автору J.Spahr.
Илимпоз изилдөөсүнүн жыйынтыгында жер алдындагы сууларды калыбына келтирүү аракетинде көңүл бурууну талап кылган он нерсени аныктаган. Алар:
- Ийгиликке жеткен учурлардын көбү ар түрдүү чараларды камтыган.
- Көпчүлүгүндө альтернативдүү суу булактарын колдонуу болгон.
- Жер алдындагы сууну сордурууну азайткан чаралар аквиферлердин калыбына келишине жардам берген.
- Жакшы эреже да туура ишке ашырууну жана көзөмөлдөөнү талап кылат.
- Кээде калыбына келүү бир нече жыл ичинде ишке ашуусу мүмкүн.
- Эгер калыбына келүү жай жүрсө, эрежени акырындык менен киргизүү пайдалуу болушу ыктымал.
- Калыбына келүү белгилүү бир аймакта ар кандай болушу мүмкүн.
- Жакшыртуулар туруктуу эмес жана оңой эле тескери кетиши да ыктымал.
- Жер алдындагы суулардын сапатын анын көлөмүн башкаруу менен бирге көзөмөлдөө маанилүү.
- Чараларды климаттагы өзгөрүүлөрдүн түздөн-түз жана кыйыр таасирлерин эске алуу менен пландаштыруу керек.
Кээ бир мисалдар
Бээжин шаары ар кандай стратегияларды айкалыштырып, чоң мегаполистин суу көйгөйлөрүн кантип чечсе боло турганын мыкты көрсөтөт.
1950-жылдардан 2000-жылдарга чейин Бээжин аймагындагы жер астындагы сууларды сордуруу кээ бир жерлерде суунун деңгээлин 20 метрден ашык түшүргөн.
2003-жылы өкмөт каналдарды, сордуруу станцияларын курууну баштаган жана 2015-жылга чейин шаарга жана анын айланасына суу түштүк тараптагы нымдуу аймактардан жеткирилген.
Ошол эле убакта, 21-кылымда шаар кайра иштетилген сууну көбүрөөк пайдаланууга киришкен, анын көпчүлүгү дарактарды жана чөптүү аянттарды сугаруу сыяктуу экологиялык максаттарга, ага катар көлдөрдү жана дарыяларды толуктоого багытталган.
Мындан тышкары, суу жеткирүүлөр башталгандан кийин, бийлик өндүрүштүк максаттар үчүн аймактын терең жабык аквиферлеринен сууну сордурууга тыюу салган.
Ушул чаралардан кийин аймактын какшып калган жана терең аквиферлери калыбына келе баштаган, ал эми Бээжинде жана анын айланасында жердин чөгүү ылдамдыгы жайлаган.
Кургап калган мурдагы булактар да кайрадан агып баштаган. Ошол эле учурда, аймактын сугатты талап кылган айыл чарбасы жогорку өндүрүмдүүлүктү сактап, жер астындагы суунун деңгээлинин төмөндөшү анын туруктуулугуна коркунуч келтирбейт.
“Бирок, жер астындагы суулар калыбына келүүдө деп эсептелсе да, бул маселе биротоло чечилди дегенди билдирбейт”, – деп эскертет профессор Жасечко.
1957-жылы АКШнын Висконсин штатындагы Грин-Бэй (Green Bay) шаарында жер астындагы сууларды Мичиган көлүнөн алынган суу менен толуктоо үчүн 43 чакырымдык түтүкчөнү куруп чыгышкан.
Бул стресске кабылган аквиферди калыбына келтирүүгө бир убакка чейин жардам берген, бирок кошумча суроо-талап суу деңгээлин кайра он жылдар бою түшүргөн.
2006-жылы шаар дагы бир 100 чакырымдык түтүкчөнү куруп, Чоң көлдөрдөн кошумча суу алып келүү менен аквиферин калыбына келтирүүнүн жолуна салган.
“Жер астындагы суулар калыбына келтирилгенден кийин да көзөмөл жүргүзүү маанилүү, анткени менеджерлер өзгөрүп жаткан шарттарга ылайык чараларды колдоно алышы керек”, – деди илимпоз.
Азыр профессор Жасечко жер алдындагы суулардын калыбына келүүсүнүн ылдамдыгы жана таралышы ар кандай бассейндерде эмнеге бир топко айрымаланарын изилдеп жатат.
Бул изилдөөлөр ар кандай кийлигишүүлөрдөн кийин жер астындагы суунун деңгээли канча убакта калыбына келиши мүмкүн экенин жакшыраак болжолдоого жардам берет.
“Маанилүү суроо: түгөнгөн аквиферлерди калыбына келтирүү үчүн кайсы деңгээлдеги жана масштабдагы чаралар керек? Бул суроолор жаматтар жана ресурстарды башкаруучулар үчүн абдан маанилүү, алар кырдаалды жакшырткысы келет, бирок кайсы көлөмдөгү чара зарыл экенин биле беришпейт”,- дейт илимпоз.
Табигый чектөөлөр
Калифорния Санта-Барбара университети белгилегендей, профессор Жасечко анын эмгеги толук анализ эмес экенин, ал тургай корреляциялык изилдөө да эместигин моюнга алат.
Биринчиден, анын илимий макаласы мурда башка илимпоздор жана ресурстарды башкаруучулар тарабынан изилделген аймактарды гана камтыйт жана алгач аракеттерден баштап, анан алардын натыйжаларын изилдөөгө багытталган эмес
“Бул, балким, жер алдындагы суулар боюнча илим-изилдөөлөр англис тилиндеги академиялык журналдарда жарыяланган аймактарды ашыкча чагылдырат. Бизге салыштырмалуу чаралар колдонулган бардык жерлердин базасы, ошондой эле жер алдындагы суулардын деңгээли чаралардан мурун жана кийин кандай болгону тууралуу маалыматтар керек”,- деди Жасечко.
Азыр ушул максатка профессор Жасечконун узак мөөнөттөн берки кызматташы, UCSB университетинин дагы бир профессору Дебра Перроне (Debra Perrone) жетүүгө аракет кылууда.
Калифорния Санта-Барбара университети алардын окумуштуусунун илимий макаласында баяндалган чечимдердин башка жерлерде да иштей тургандыгына эч кандай кепилдик жок экенине да көңүл бурат.
Эң негизгиси, ал чечимдерди жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу керек болот.
Бирок, профессор Жасечко ийгилик учурларды баяндап чыгуунун да мааниси бар деп эсептейт.
“Бул изилдөө менеджерлер жана кызыкдар тараптар үчүн жергиликтүү шарттарга ылайыктуу стратегияларды даярдоодо карала турган варианттар топтомун түзүүгө жардам бере алат.
Жер алдындагы суулардын азайышы дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган көрүнүш.
Биз караган учурлар көйгөйдү чечүүгө жолдор бар экенин көрсөтүп турат. Дүйнөлүк деңгээлде жаман учурлардын саны жакшы учурлардан көп.
Бирок, айрым башкаруучулар жана кызыкдар тараптар жер алдындагы суулардын азайышы көйгөйүн белгилүү бир жерлерде креативдүү жолдор менен чечкенине мен бир аз үмүттөнөм.
Анткени, алар стратегиялардын тизмеси мен башында ойлогондой кыска эмес экенин көрсөттү”, -деп айткан профессор Скотт Жасечко.
Илимий терминдерге түшүндүрмө:
Аквифер – жер алдындагы сууну сактаган катмар. Аквиферлердин негизинен эки түрү бар: жабык жана ачык. Жабык аквиферлердин үстүнөн суу өткөрбөгөн таш же чопо катмары жабат, ал эми ачык аквиферлер суу өткөрүүчү топурак катмарынын астында жайгашат.
Аквиферлердеги суу агымын изилдөө жана аквиферлерди мүнөздөө гидрогеология деп аталат.
Жер алдындагы суулар өзүн-өзү толуктоо ылдамдыгынан тезирээк пайдаланылганда түгөнүп калышы мүмкүн. Аквиферлер жаан-чачын аркылуу да кайра толуктала алат.
Аквиферлердин түгөнүшү негизинен айыл чарбадагы сугат иштеринин кеңейишинен улам күчөгөн.
Ошондой эле жер алдындагы суулар айыл чарба талааларына ашыкча көлөмдө пестициддер жана гербициддер чачылганда, септикалык суу кампаларынан агындылар чыгып кеткенде же таштанды жайлар туура капталбай же начар башкарылганда булганып калышы мүмкүн. Мындай учурда уулуу заттар топурак аркылуу өтүп, аквиферге сиңип кетет.
Аквиферлер жер алдындагы сууну табигый жол менен чыпкалап, аны майда тешикчелерден жана чөкмө катмарлардын арасынан өткөрөт, бул болсо суудан ар кандай заттарды тазалоого жардам берет.
Корреляциялык изилдөө – табигый түрдө кездешкен эки же андан көп өзгөрмөлөрдүн ортосундагы статистикалык байланышты эксперимент жүргүзбөстөн өлчөгөн изилдөө ыкмасы. Анда өзгөрмөлөр атайын өзгөртүлбөйт, тескерисинче алардын оң, терс же эч кандай байланышта эместиги аныкталат. Мындай изилдөөнүн максаты себеп – натыйжа байланышын далилдөө эмес, мыйзам ченемдүүлүктөрдү табуу жана жыйынтыктарды болжолдоо.
Корреляциялык изилдөө ар кандай илимий суроолор боюнча баалуу маалымат бере алганы менен (мисалы, узак убакыт отуруунун жүрөк ооруларына тийгизген таасири), ал себеп–натыйжа байланышын аныктабайт. Башкача айтканда, мындай изилдөө бир өзгөрмө экинчисинин өзгөрүшүнө түздөн-түз себеп болорун так далилдеп бере албайт.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Калифорния Санта-Барбара университетинин https://news.ucsb.edu/2026/022469/why-some-regions-are-winning-fight-against-groundwater-depletion интернет баракчасындагы материалдын негизинде жазылды.
- Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө Science журналында https://www.science.org/doi/10.1126/science.adu1370 жарыяланган.
- Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Сhristian Nielebo.
- Макала ичиндеги сүрөт Science журналындагы https://www.science.org/doi/10.1126/science.adu1370 илимий макаладан алынды, автору J.Spahr.
- Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



