Макалада гляциолог адистердин эл аралык соңку үч изилдөөсүнүн айрым бүтүмдөрү менен тааныштырабыз.
Жер шарындагы мөңгүлөрдүн эрип жана жукарып жатканы азыр жаңылык эмес.
Бирок, мөңгүлөрдөгү муз массасынын жоголуу жана эрүү ыргагынын учурдагы абалы менен келечеги кандай, мөңгүлөрдүн алдыга жылып кетүүсүнө эмне үчүн көңүл буруу керек?
Муз массасынын 2025-жылдагы жоготуусу
Nature Reviews Earth & Environment журналынын Climate Chronicles жыйнагында 2026-жылдын 7-апрелинде жарыяланган жаңы эл аралык изилдөө мөңгүлөрдүн массасынын өзгөрүшү боюнча эң соңку глобалдык баалоону сунуштайт жана температуранын көтөрүлүшүнөн улам жоготуулардын ылдамдап жатканын да көрсөтөт.
Бул изилдөөнүн айрым бүтүмдөрү менен өз интернет баракчасында Австралиядагы Монаша университети (Monash University) тааныштырды.
Университеттин Жер, атмосфера, айлана-чөйрө мектебинин (School of Earth, Atmosphere and Environment ) жана Антарктиданын экологиялык келечегин камсыз кылуу (SAEF) программасынын изилдөөчүсү, доктор Леван Тиелидзе (Levan Tielidze) – изилдөөгө Австралиядан катышкан автор.
Доктор Тиелидзе изилдөөнүн жыйынтыктары мөңгүлөрдүн азайышынын масштабы менен бул жараяндын ыкчамдыгын көргөзүп турганын белгилейт.
“Мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнүн эң айкын көрсөткүчтөрүнүн бири жана биз азыр болуп көрбөгөндөй глобалдык муз жоготуусун байкап жатабыз.
Эң чоң жоготуулар катталган алты жылдын баары акыркы жети жылдын ичинде болгондугу системанын канчалык тездик менен өзгөрүп жатканын көрсөтүп турат.
Бул өзгөрүүлөр тоо ландшафттарын гана өзгөртпөстөн, дүйнөлүк деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө олуттуу салым кошуп, миллиондогон адамдардын суу ресурстарына да таасирин тийгизүүдө”,- дейт доктор Тиелидзе.
Монаша университети келтирген маалыматка караганда, изилдөө мөңгүлөрдөгү муз массасынын жоготуусу 20-кылымдын аягында жылына 100 гигатоннадан аз болсо, акыркы он жыл ичинде жылына болжол менен 390 гигатоннага чейин көбөйгөнүн ачыктады.
Ал эми 2025-жыл ичи Жер шарынын мөңгүлөрү болжол менен 408 гигатонна музун жоготуп, дүйнөлүк деңиз деңгээлинин 0,4-1,1 миллиметр көтөрүлүүсүнө салым кошту.
2025-жылы дүйнө жүзүндөгү 19 ири мөңгү аймагы төртүнчү жыл катары менен таза массалык жоготууга учурады, эң чоң аймактык жоготуулар Батыш Түндүк Америка жана Борбордук Европа сыяктуу чөлкөмдөрдө катталды.
Узак мөөнөттөн алганда, мөңгүлөр 1975-жылдан бери 9583 гигатонна музун жоготкон, анын дээрлик 80%ы 2000-жылдан кийин болгон.
Бул изилдөө Дүйнө мөңгүлөрүн мониторингдөө кызматынын (WGMS- World Glacier Monitoring Service) түйүнү тарабынан жүргүзүлүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жана жеринен алынган талаа байкоолору менен спутниктик маалыматтарды бириктирүү аркылуу бүгүнкү күнгө чейинки эң комплекстүү глобалдык мөңгү баалоолорунун бирин сунуштады.
“Эгерде глобалдык температуралар бүгүн эле турукташып кетсе да, мөңгү массасынын олуттуу бөлүгү эрип кетүүгө буга чейин эле байланган.
Бирок ар бир даражанын үлүшү маанилүү. Жылуулукту азайтуу келечектеги мөңгү жоготуусун жана анын кесепеттерин түздөн-түз кыскартат”, – дейт изилдөөгө Австралиядан катышкан илимпоз, доктор Леван Тиелидзе.
Авторлор муздун эрүүсү жогорку ылдамдыкта улана берсе, көптөгөн мөңгүлөр он жылдар ичинде жоголуп кетиши мүмкүн экенин, бул деңиз деңгээлине, экосистемаларга жана таза суу жеткиликтүүлүгүнө бири экинчисин шарттаган (каскаддык) терс кесепеттерди алып келерин да эскертишет.
Дүйнө мөңгүлөрүнүн эрүү ыргагы
2025-жылдын 15 -декабрында Nature Climate Change илимий журналында дүйнө мөңгүлөрүнүн алдыда эрүүсүнүн болжолдуу ыргагын чагылдырган изилдөө жарыяланган.
Изилдөөдө Швейцариянын Цюрихтеги федералдык технология институтунун (ETH Zurich) Гидравлика, гидрология жана гляциология лабораториясынан (VAW) гляциолог Ван Трихт (Van Tricht) баштаган окумуштуулар тобу бул кылымда жыл сайын канча мөңгү толугу менен эрип жок болушу мүмкүн экенин аныктоону максат кылышкан.
Изилдөөдө келтирилген маалыматтарга караганда, глобалдык эсеп базасында 211 490 мөңгү бар.
Илимпоздор мөңгүлөрдүн компьютердик моделдерин колдонуу менен дүйнөдө абанын температурасынын жылуусу 1,5°Cден 4°Cге чейин көтөрүлгөн сценарийлерде абал кандай боло турганын болжолдошкон.
Изилдөөдө көргөзүлгөндөй, бүгүнкү күндө дүйнө жыл сайын болжол менен 1 000 мөңгүнү жоготуп жатат.
Глобалдык жылуулукту чектөө боюнча 2015-жылкы Париж келишиминин милдеттемелерине ылайык, дүйнө 2050-жылга карата аба температурасы индустриалдык доорго чейинкиден (1850-1900-жылдар) 1,5°Cден ашык жогорулабоосуна жетишүүсү керек.
Швейцариялык гляциолог, профессор Ван Трихт (Van Tricht) баштаган окумуштуулар тобунун эсеби боюнча, глобалдык жылуулукту 1,5°C менен чектөө мүмкүн болгон учурда да 2041-жылга карата жыл сайын жоголгон мөңгүлөрдүн саны 2 000ге жетет.
Мындай ылдамдыкта 2100-жылга карата планетада болжол менен 95 957 мөңгү гана калат, бул учурдагы мөңгүлөрдүн жарымынан бир аз азыраак.
Бирок, БУУ жана окумуштуулардын топтору дүйнө азыр глобалдык жылуулуктун 1,5°C чегинен ашып кетүү жолунда бара жатканын эскертип келишет.
Өкмөттөрдүн учурдагы саясатынын негизинде глобалдык температура 2,7°Cге көтөрүлүшү мүмкүндүгүнө негизденүү менен эсептегенде, гляциологдор 2040 – 2060-жылдар аралыгында жыл сайын болжол менен 3 000 мөңгү жоголо турганын болжолдошот.
2100-жылга карата 2,7°C жылуулук шартында учурдагы мөңгүлөрдүн бештен бири гана, тактап айтканда 43 852 мөңгү сакталат.
Ал эми эң начар сценарийде, эгерде температура 4°Cге көтөрүлүп кетсе, 2050-жылдардын ортосуна карата жыл сайын 4 000ге чейин мөңгү жоголушу мүмкүн.
Мындай шартта, азыркы кылымдын аягына чейин мөңгүлөрдүн болгону 9%ы же 18 288 гана мөңгү сакталып калмак.
Мөңгүлөрдүн алдыга жылышы
Дүйнөдөгү мөңгүлөрдүн көпчүлүгү климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам эрип жатса, бир аз, бирок маанилүү бөлүгү таптакыр башкача жүрүм-турум көрсөтүүдө.
Британиядагы Портсмут университети (University of Portsmouth) билдиргендей, алар жетектеген эл аралык окумуштуулар тобу алдыга жылган мөңгүлөр боюнча кеңири глобалдык талдоо жүргүзүштү.
https://www.port.ac.uk/news-events-and-blogs/news/new-research-reveals-how-warming-climate-is-changing-troublesome-glacier-behaviour
Университеттин жазганына караганда, мөңгүнүн кыймылы – мөңгү күтүүсүздөн кадимкиге караганда бир топ ылдамыраак жылган учур.
Бул музду мөңгүнүн четине тез жеткирип, көбүнчө анын алдыга жылышына алып келет.
Мындай окуялар адатта бир нече жылга созулат, ал эми көптөгөн мөңгүлөр ондогон жылдарга созулган жана салыштырмалуу активдүү эмес мезгилдер менен бөлүнгөн кайталанма жылууга дуушар болушат.
Окумуштуулардын эл аралык тобу 2026-жылдын 12-февралында Nature Reviews Earth & Environment журналында жарыялаган изилдөөдө алдыга жылган 3100дөн ашык мөңгүнү камтыган маалымат базасын түзүшкөн.
Бул мөңгүлөр дүйнө жүзүнө туш келди таралбастан, Арктикада, Азиянын бийик тоолорунда жана Анд тоолорунда (Түштүк Америка) тыгыз жана тобу менен жайгашкан.
Изилдөө мөңгүнүн алдыга жылуусун башкарган негизги өзгөчөлүктөрдү жана процесстерди камтыйт, мындай жүрүм-турумдун түрлөрүн мүнөздөйт жана алдыга жылуучу типтеги мөңгүлөрдүн дүйнөлүк жайгашуусун, ошондой эле алардын белгилүү аймактарда топтолушуна себеп болгон климаттык шарттарды картага түшүргөн.
“Алдыга жылуучу типтеги мөңгүлөр абдан өзгөчө жана кээде көйгөйлүү болушу мүмкүн. Бирок, мындай мөңгүлөр дүйнөдөгү бардык мөңгүлөрдүн болгону 1%ын түзсө да, алар глобалдык мөңгү аянтынын дээрлик бештен бир бөлүгүнө таасирин тийгизет.
Андай мөңгүлөрдүн кыймылы миңдеген адамдарга таасир берген, олуттуу, кээде катастрофалык табигый кырсыктарга алып келиши мүмкүн”,- дейт изилдөөнүн башкы автору, Портсмут университетинин Айлана-чөйрө жана жашоо илимдер мектебинин гляциологу, доктор Гарольд Ловелл (Harold Lovell).
Илимпоздор алдыга жылуучу мөңгүлөр климаттын өзгөрүшү алдында көбүрөөк аярлуу деген жыйынтыкка келишти. Алар жылганда, айрым аймактарда муз массасынын жоголушунун олуттуу бөлүгү дал ушул мөңгүлөргө туура келет.
Алты негизги коркунуч аныкталды
Портсмут университетинин материалында көргөзүлгөндөй, изилдөө мөңгүнүн алдыга жылуусунан келип чыккан жана бийик тоолуу аймактардагы жамааттарга таасирин тийгизе турган коркунучтардын алты негизги түрүн аныктаган:
- Мөңгүнүн алдыга жылышы – муз имараттарды, жолдорду жана айыл чарба жерлерин басып калат.
- Дарыялардын бөгөлүшү – жылган мөңгүлөр дарыяларды тосуп, кооптуу көлдөрдү жаратат жана алар капыстан жарылып кетсе, кыйратуучу селге алып барышы ыктымал.
- Мөңгүнүн астындагы эриген суунун капыстан чыгышы – бул да чоң кыйратуучу селдерди пайда кылышы мүмкүн.
- Мөңгүлөрдүн капыстан ажырап кетиши – ири муз жана таш көчкүлөрүн жаратат.
- Кеңири жаракалардын пайда болушу – муздун жогорку ылдамдыкта жылышы мөңгүнүн бетин жаракаларга бөлөт. Бул мөңгүлөр калктуу конуштар ортосунда жол катары колдонулган жана туризм ишмердүүлүгүндө пайдаланылган аймактарда жүрүүнү өтө кооптуу кылат. Ошондой эле мөңгүлөр тоо чокуларына чыгуу үчүн кирүү жолу катары колдонулган альпинизм маршруттарына да таасирин тийгизет.
- Айсберг коркунучтары – мөңгүлөр деңизге чейин жылса, кыска убакытта көп сандагы айсбергдерди пайда кылат, бул кеме каттамдары жана деңиз туризми үчүн коркунуч жаратат.
Колдо бар маалыматтарды пайдалануу менен, изилдөөчүлөр алдыга жылган учурда эң чоң коркунуч жарата турган 81 мөңгүнү да аныкташты.
Алардын көпчүлүгү Азиянын бийик тоолорундагы Каракорум тоо кыркасында жайгашкан.
Аталган аймакта калктуу өрөөндөр жана маанилүү инфраструктура алдыга жыла турган мөңгүлөрдүн астында орун алган. Бул мөңгүлөр көбүнчө чоң, калк жашаган аймактарга жакын жана алардын басымдуу бөлүгү кайра-кайра жылуу тарыхына ээ.
Портсмут университети жазгандай, изилдөөнүн натыйжасында жаралган көрүнүш татаал жана аймактар боюнча ар түрдүү.
Кээ бир мөңгүлөр азыр бир нече он жыл мурункуга караганда тез-тез жылып жатат, ал эми кээ бир аймактарда мындай активдүүлүк азайган. Айрым мөңгүлөр ушунчалык ичкерип кеткендиктен, алар келечекте жылганга жетиштүү муз топтой албай калганы боюнча да далилдер бар.
Климаттын жылуусунан улам мөңгүлөрдүн кыймылдуу жүрүм-туруму толугу менен жаңы аймактарга да өтүшү мүмкүн.
Азыркы учурда алдыга жылган мөңгүлөр негизинен Арктикада жана Субарктикада (48%), ошондой эле Азиянын бийик тоолорунда (50%) топтолгон.
Анткени, ушул аймактардагы өзгөчө климаттык шарттар мөңгүлөрдүн алдыга жылуу ыктымалдуулунун жаратат.
Портсмут университетинин пикиринде, алар жетекчилик кылган изилдөөнүн жыйынтыктары спутниктик мониторингди улантуунун, мөңгү алдыга жылган учурдагы шарттарды жеринде байкоону кеңейтүүнүн, андай процесстердин компьютердик моделдерин жакшыртуунун жана алдыга жылган мөңгүлөрдүн климаттын тынымсыз жылуусуна кандай жооп кайтарарын өз убагында алдын ала божомолдоонун өзгөчө маанилүү экенин дагы баса белгилейт.
Шилтемелер:
- Макала Монаша университетинин (Monash university) интернет баракчасындагы https://www.monash.edu/news/articles/global-glaciers-in-rapid-decline,-with-extreme-losses-continuing-in-2025 жана Портсмут университетинин ( University of Portsmouth) интернет баракчасындагы https://www.port.ac.uk/news-events-and-blogs/news/new-research-reveals-how-warming-climate-is-changing-troublesome-glacier-behaviour материалдардын негизинде жазылды.
- Макалага негиз болгон илимий изилдөөлөр Nature Reviews Earth & Environment https://www.nature.com/articles/s43017-026-00777-z, https://www.nature.com/articles/s43017-025-00757-9 жана Nature Climate Change https://www.nature.com/articles/s41558-025-02513-9 журналдарында жарыяланган.
- Башкы сүрөт com сайтынан алынды, автору Tim Arnold.



