Skip to ma content
search

Нидерландыдагы TU Delft технологиялык жана АКШдагы Браун университетинин изилдөөчүлөрү масштабдуу нанотехнологияга негизделген жарык парустарын иштеп чыгышты. Бул Марска учуу сыяктуу космос мейкиндигин изилдөөнүн келечегин колдошу мүмкүн деп кабарлады 26-мартта Aerospace Testing International интернет журналы.

https://www.aerospacetestinginternational.com/news/researchers-develop-nanomaterial-lightsails-to-propel-next-gen-spaceships.html?fbclid=IwY2xjawKNiItleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFQZjlnaURBQzYxYW1aelBOAR6BWwAG1jhefaVFq5WrG4PUPLEOb8fR7g2Mg3KFcbhFfYFxKNxCf1OyvrFciQ_aem_SUApVteyd7FWiZ_Yvz9M7A

Жыйынтыгы ушул аптада Nature Communications журналында жарыяланган изилдөөгө караганда, буга чейин жасалгандардан да ичке жана ири жарык парустарын жаратуу үчүн өндүрүштө жаңы материалдар жана методдор колдонулган.

Жарык парустары (күн парустары деп да аталат) космостук кемелерди жогорку ылдамдыкта жылдыруу үчүн лазердик радиациялык басымды колдонгон түзүлүш.

Түзүлүштөрдү бардык ченемде кичирейткен кадимки нанотехнологиядан айырмаланып, жарык парустарынын наноченемдеринин калыңдыгы адамдын чачынын калыңдыгынын 1/1000 бөлүгүн эле түзөт, бирок чоң өлчөмгө жете алышы мүмкүн.

“Бул нерселерди кичирейтүүнүн дагы бир кадамы эмес, бул нанотехнология жөнүндө ой жүгүртүүнүн таптакыр жаңы ыкмасы. Биз жогорку пропорциялуу түзүлүштөрдү жаратып жатабыз, алар мурда иштелип чыккандарга караганда ичке, бирок масштабдуу структураларга окшош”,- дейт TU Delft университетинин доценти, доктор Ричард Норте.

Масштабын чоңойтсо, калыңдыгы бир эле миллиметр болгон жарык парустары жети футбол талаасынын узундугуна чейин созула алат.

Aerospace Testing International журналы белгилегендей, жаңыдан иштелип чыккан жарык парустары менен кыймылдатылган зонддор (учуучу апараттар) теориялык жактан Марска бир нече күндүн ичинде жете алат экен. Бирок, мындай зор аралыкты кыска убакытта басып өтүү азырынча келечектеги узак мөөнөттүү максат бойдон калууда.

Жер менен Марстын аралыгы орточо алганда 225 миллион чакырым.

Шилтемелер:

  1. Жаңылыктын түп нускасы: https://www.aerospacetestinginternational.com/news/researchers-develop-nanomaterial-lightsails-to-propel-next-gen-spaceships.html?fbclid=IwY2xjawKNiItleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFQZjlnaURBQzYxYW1aelBOAR6BWwAG1jhefaVFq5WrG4PUPLEOb8fR7g2Mg3KFcbhFfYFxKNxCf1OyvrFciQ_aem_SUApVteyd7FWiZ_Yvz9M7A
  2. Сүрөт Breakthrough Initiatives сайтынан алынды
Close Menu
made in Moore Studio