2024-жылдын 18-мартында НАСАнын Perseverance ровери (автоматташкан изилдөөчү аппарат) биринчи жолу Марста түндүк жарыкты — жашыл түстөгү алсыз жарыкты (аврораны) тарткан. Бул көрүнүш асманда кубарык жашыл нур сыяктуу көрүнүп, горизонтту тегеректеп турган.
Бул ачылыш 2025-жылдын 14-майында дүйнөгө белгилүү Science Advances журналы аркылуу жарыяланды жана ааламды изилдөө тарыхында маанилүү окуя болуп калды.
https://www.science.org/doi/10.1126/sciadv.ads1563
Марсты изилдөөдөгү ал көрүнүш тууралуу дүйнөлүк ири басылмалар, илимий борборлор атайын макаларды жазып чыкты.
https://www.sciencenews.org/…/perseverance-picture…
https://www.washingtonpost.com/…/05/14/mars-aurora-image/
https://www.nytimes.com/…/mars-aurora-northern-lights.html
Түндүк жарык, же илимий тилде — аврора, бул космостон келген заряддуу бөлүкчөлөр (негизинен Күндөн чыккан) планетанын аба катмары менен кагышканда пайда болгон жарык берүүчү кубулуш. Жерде бул көрүнүш негизинен түндүк жана түштүк уюлдарда байкалат. Анын себепчиси — Жердин күчтүү магнит талаасы.

Perseverance ровери Марста түндүк жаркырагы (аврора) тартылган сүрөттү алып жиберди. Жаркырак анчейин ачык болбосо да, анын жашыл түсү (сол жакта) караңгы марстык түндүн кадимки көрүнүшү менен салыштырганда байкалат (оң жакта). Бул көрүнүш абдан алсыз болгондуктан, ровердин аспаптары горизонттон төмөн бурч менен багытталып, атмосферанын калың катмары аркылуу багытталган.
НАСАнын Perseverance аппараты тарыхый ал көрүнүштү Марстын горизонтунан төмөн багытка камераларын буруп тарткан. Анткени жарык абдан алсыз жана кубарык болгон. Камера атмосферанын калың катмары аркылуу нурду “илип алууга” аракет кылган.
Сүрөт Жердеги түндүк жарыктардай жаркырабаса да, окумуштуулар анын жашыл өңүн байкай алышкан. Бул көрүнүш — келечекте Марска баруучу космонавттар да мындай кубулушту өз көзү менен көрө алышы ыктымал дегенди билдирет.
“Бул укмуштай ачылыш түндүк жарыктарын изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана келечекте Марста адамдар бул кубулушту өз көзү менен көрө аларын ырастайт,” – деди бул ачылыш тууралуу Science Advances журналында макала жазган изилдөө тобунун жетекчиси, Норвегиядагы Осло университетинин докторанты Элизе Кнутсен.
https://www.jpl.nasa.gov/…/nasa-observes-first-visible…/
Ааламдагы башка планеталарда да түндүк жарыктар кездешет. Маселен, Меркурийде, Юпитерде жана Сатурнда бул көрүнүштөр буга чейин да байкалган. Бирок алардын баары спутник орбиталарынан, башкача айтканда, космосто айланып жүргөн аппараттар аркылуу тартылган болчу.
Марстын асманынан болсо буга чейин адамдын көзүнө көрүнгүс толкундардагы жарыктар гана аспаптар аркылуу байкалып келген.
Бул жолу болсо, түндүк жарык алгачкы жолу планетанын жер бетинен тартылды жана ал көз менен көрүүгө мүмкүн болгон жашыл нур катары сүрөткө түшүрүлдү.
Жерден айырмаланып, Марста глобалдык магнит талаасы жок. Анын ордуна, планетанын кыртышында ар кайсы аймактарда гана магниттик активдүүлүк бар. Ошондуктан түндүк жарыктар Марстын уюлдарында топтолбой, ар кандай аймактарда сейрек жана алсыз болуп пайда болушу мүмкүн.
Андан тышкары, Perseverance аппаратынын камералары түндө сүрөткө тартууга анчейин ылайык эмес. Ошондуктан сүрөт тумандуу жана булаңгыр тартылып калган.
Окумуштуулардын айтымында, бул жолу авроранын жаралышына Күндөн чыккан короналдык массалык жарылуу (coronal mass ejection) себеп болушу мүмкүн. Бул Күндүн бетинен ири плазма жана магнит талаалары космоско “атырылып” чыгып, планеталарга жеткенде түндүк жарыктарды жаратууга түрткү берет. Мындай жарылуулар Жердеги авроралардын негизги себеби болуп саналат. Бул жолу да алдын ала маалыматтар аркылуу жарылуу тууралуу билген Perseverance командасы роверди өз убагында даярдап, кубулушту каттай алды.
Perseverance учурда Марстын экваторуна жакын аймакта иштеп жатат. Бирок окумуштуулар келечекте түндүк жарыктарды Марстын түштүк жарым шарынан да байкалышы мүмкүн экенин айтышат. Анткени ошол тарап — Марстын эң магниттелген бөлүгү. Балким, ал жактагы авроралар дагы жарык жана ачык болуп көрүнүшү мүмкүн.
Түшүндүрмө: Perseverance — бул NASA тарабынан жасалган жана 2020-жылы Марска жөнөтүлгөн изилдөөчү ровер (жер бети менен жүрүүчү аппарат). Анын негизги максаты — Марстын геологиялык өзгөчөлүктөрүн, климатынын тарыхын жана жашоо издеринин болушу мүмкүн болгон белгилерин изилдөө.
Perseverance ровери НАСАнын Jet Propulsion Laboratory (JPL) лабораториясы тарабынан иштелип чыгып, башкарылат. JPL — НАСАга таандык болгону менен, бирок ал Калифорния технологиялык институту (Caltech) тарабынан башкарылган лаборатория.
Шилтемелер:
- Материал www.science.org, www.jpl.nasa.gov жана башка басылмалардагы макалалардын негизинде даярдалды.
- Сүрөт JPL Jet Propulsion Laboratory мекемесинин расмий сайтынан алынды.
- Илимий терминге түшүндүрмөнү Эл Илим фонду даярдады.



