Стокгольм жана Осло шаарларында 10-декабрда 2025-жыл үчүн Нобель сыйлыктары тапшырылды. Жүз жыйырма төрт жылдык тарыхында дүйнөнүн эң абройлуу бул сыйлыгына 1004 жеке инсан татыктуу болду.
Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери табигый илимдин үч багыты: физика, химия, физиология же медицина боюнча ыйгарылып келет. Мындан сырткары сыйлык негизделген учурдан тарта дагы эки багыт: адабият боюнча жана Нобель Тынчтык сыйлыгы деп берилет.
Бир топ кийинчерээк, 1968-жылы, Швециянын улуттук банкы (Sveriges Riksbank) сыйлыктын идеясын керээз катында жазып кеткен жана мүлкүн сыйлыктын каржылык негизи үчүн калтырган ишкер жана ойлоп табуучу Альфред Нобелдин (Alfred Nobel, 1833-1896) урматына экономикалык илимдер боюнча да сыйлык белгилеп, ал 1969-жылдан тарта ыйгарылат.
Нобель сыйлыгынын 124 жылдык тарыхында же 1901-жылдан бери 2025-жылды кошо караганда, ал жалпысынан алты багыт боюнча 639 жолу 1040 адамга жана уюмга берилген.
Бирок, айрым илимпоздор сыйлыкты бирден көп жолу алгандыктан, бул мезгил аралыгында ага 1004 жеке инсан жана 28 уюм гана татыктуу болду.
Физика, Химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттарын Швециянын Падышалык Илимдер академиясындагы (Royal Swedish Academy of Sciences) Нобель комитеттери, ал эми Физиология же Медицина боюнча лауреатты Швециянын эң башкы медициналык окуу жайы – Каролинска институтундагы (Karolinska Institutet) Нобель ассамблеясы тандайт.
Сыйлыктын сыйакысы 1900-жылы негизделген жеке уюм – Нобель фондунан келет. 2025-жыл үчүн ар бир багыт боюнча сыйакы 11 миллион швед крону деп белгиленген. Бул – 1 миллион АКШ долларынан бир аз ашуун каражат.
2025-жылдын лауреаттары
Быйылкы жылдын Физика боюнча Нобель сыйлыгын АКШ университеттеринин илимпоздору: британиялык физик Жон Кларк (John Clarke), франциялык физик Мишель Х. Деворе (Michel H. Devoret) жана америкалык илимпоз Жон М. Мартинис (John M. Martinis) алды.
Сыйлык аларга “электр чынжырында макроскопиялык кванттык туннелдөөнү жана энергиянын квантташкан абалын ачканы үчүн” ыйгарылды.
Химия боюнча Нобель сыйлыгы быйыл Жапониянын Киото университетинин илимпозу Сусуму Китагава (Susumu Kitagawa), Австралиянын Мельбурун университетинин илимпозу Ричард Робсон (Richard Robson) жана АКШнын Калифорния университетинин (Беркли) илимпозу Омар М. Яагиге (Omar M. Yaghi) берилди.
Алар сыйлыкты “металл-органикалык түзүлүштү иштеп чыкканы” үчүн алышты.
1-сүрөт. Нобель сыйлыгынын 2025-жылкы лауреаттары Стокгольмдагы Нобель музейинде. © Nobel Prize Outreach, автор- Clement Morin
Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгы болсо быйыл АКШнын илимпоздору Мэри Э. Бранкоу (Mary E. Brunkow), Фред Рамсделл (Fred Ramsdell) жана Жапониянын окумуштуусу Шимон Сакагучиге (Shimon Sakaguchi ) ыйгарылган.
Сыйлык аларга адамдын иммундук системасы кандай иштей турганын түшүнүүдө чечүүчү мааниге ээ болгон “перифериялык иммундук толеранттуулук боюнча ачылыштары үчүн” берилди.
Нобель сыйлыгынын 2025-жылкы лауреаттары жана алардын изилдөөлөрү тууралуу толугураак бул жерден окуй аласыз.
Физика
1901-жылы Физика боюнча Нобель сыйлыгынын биринчиси рентген нурларын (Х-нурлары) 1895-жылы ачкан немис физиги Вильгельм Конрад Рёнтгенге (Wilhelm Conrad Röntgen, 1845-1923) “кийинчерээк анын аты менен аталган өзгөчө нурларды ачуу аркылуу көрсөткөн көрүнүктүү эмгектерин таануу үчүн” деп берилген.
Андан бери, 1901-2025-жылдары, Физика боюнча Нобель сыйлыгы 120 жолу 233 лауреатка ыйгарылды.
Бирок бул тизменин ичинен америкалык илимпоз Жон Бардин (John Bardeen 1908-1991)- Физика боюнча Нобель сыйлыгын эки жолу алган жалгыз лауреат. Ага сыйлык 1956 жана 1972-жылдары берилген.
Демек, соңку 124 жыл ичинде Физика боюнча Нобель сыйлыгына 232 илимпоз татыктуу болуп олтурат.
Жалпы 120 жолку тапшырууда сыйлыкка 47 жолу жалгыз лауреат, 33 жолу экиден лауреат, 40 жолу үчтөн лауреат ээ болгон.
Физика боюнча Нобель сыйлыгын эки ирет алган жалгыз илимпоз – Жон Бардин алгач 1956 – жылы эки кесиптеши менен бирге сыйлыкты транзисторду ойлоп тапканы үчүн алган. Экинчи ирет – 1972-жылы дагы бир кесиптеши менен чогуу жогорку өткөрүмдүүлүктүн микроскопиялык теориясын – BCS теориясын жараткандыгы үчүн сыйланган.

2-сүрөт. Биринчи Нобель сыйлыгын тапшыруу салтанаты 1901-жылы Стокгольмдагы Музыка академиясында өткөн.
Химия
Химия боюнча Нобель сыйлыгынын алгачкысы 1901-жылы голланд илимпозу, физикалык химиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Якобус Генрикус ван ’т Гоффго (Jacobus Henricus van ‘t Hoff, 1852-1911) “эритмелердеги химиялык динамиканын жана осмостук басымдын мыйзамдарын ачуу аркылуу көрсөткөн көрүнүктүү эмгектерин таануу ирээтинде» деп берилген.
Андан бери, 1901-2025-жылдары, сыйлык 118 жолу 203 лауреатка ыйгарылды.
Алардын ичинен британиялык биохимик Фредерик Сэнгер (Frederick Sanger, 1918-2013) жана америкалык химик Барри Шарплесс (Barry Sharpless) Химия боюнча Нобель сыйлыгын эки жолудан алышкан.
Бул 124 жыл ичинде 201 илимпоз эле Химия боюнча Нобель сыйлыгын алганын билдирет.
Жалпы 118 жолку тапшырууда бул сыйлыкты 63 жолу жалгыз лауреат алса, 25 жолу экиден лауреат, 30 жолу үчтөн лауреат бөлүп алган.
Химия боюнча эки жолудан лауреат болгон эки илимпоздун эмгегине учкай токтолсок, британиялык химик Фредерик Сэнгер алгач 1958-жылы “инсулиндин жана башка көптөгөн белоктордун аминокислоталык ырааттуулугун аныктаганы үчүн”, андан кийин 1980-жылы тарыхта биринчи жолу “ДНКны секвенирлөө методикасын иштеп чыгып, өркүндөткөнү үчүн” татыктуу болгон. Ал 1980-жылкы сыйлыкты башка дагы эки илимпоз менен бөлүшкөн.
Америкалык химик Барри Шарплесс алгач 2001-жылы дагы бир илимпоз менен бирге “хиралдык катализделген кычкылдандыруу реакциялары боюнча иши үчүн” , ал эми 2022-жылдагы сыйлыктын үчтөн бир бөлүгүн дагы эки илимпоз менен чогуу “клик-химияны жана биоортогоналдык химияны өнүктүргөнү үчүн” алган.
Физиология же Медицина
Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгынын биринчиси дифтерияга каршы дары тапкан немис физиологу Эмиль Адольф фон Берингге (Emil Adolf von Behring, Emil Adolf von Behring, 1854-1917) “сыворотка терапиясы боюнча жасаган эмгеги үчүн, өзгөчө анын дифтерияга каршы колдонулуусу үчүн, муну менен ал медициналык илимде жаңы жол ачып, дарыгерге ооруларга жана өлүмдөргө каршы жеңиштүү курал бергени үчүн” ыйгарылган.
Андан бери, 1901-2025-жылдар ичинде, сыйлыктын бул категориясы 117 жолу 235 лауреатка берилди. Физиология же медицинадан сыйлыкты эки ирет алган илимпоздор болгон эмес.
Жалпы 117 жолку тапшырууда бул сыйлык 40 жолу жалгыз лауреатка берилсе, 36 жолу экиден лауреат, 41 жолу үчтөн лауреатка бөлүндү.
“Адамзатка эң чоң пайда алып келген”
Альфред Нобелдин 1895-жылдын 27-ноябрында Париж шаарында кол койгон белгилүү керээз катында анын мүлкү коопсуз баалуу кагаздарга айландырылуу менен капитал фонду түзүлүп, ал фонддун пайыздык кирешеси жыл сайын “мурунку жылы адамзатка эң чоң пайда алып келгендерге” сыйлык катары бөлүштүрүлүүсү керектиги жазылган.
Сыйлыкты беш багыт боюнча берүү маселеси чечмеленген бөлүгүндө “физика тармагында эң маанилүү ачылыш же ойлоп табуу жасаган адамга”, “химия тармагында эң маанилүү ачылыш же өркүндөтүү жасаган адамга”, “медицина тармагында эң маанилүү ачылыш жасаган адамга” деп көрсөтүлөт.
Швециянын Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгын ыйгарган башкы медициналык окуу жайы – Каролинска институтундагы (Karolinska Institutet) Нобель ассамблеясынын же калыстар тобунун мүчөсү, профессор Жулин Зиераттын (Juleen Zierath) Нобель сыйлыгынын расмий интернет баракчасындагы түшүндүрмө интервьюсунан айрым үзүндүлөрдү келтиребиз.
Суроо: Нобель сыйлыгынын лауреатын тандаганда кандай критерийлерге көңүл бурасыздар?
Жооп: Альфред Нобель өз мурасында Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгына коюлуучу критерийлерди так белгилеген. Ал адамзатка өзгөчө пайда алып келе турган ачылышты издегенин айткан, ошондуктан биздин критерийлерибиз абдан так жана тар.
Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, маселе тууралуу жаңыча ой жүгүртүүгө жардам берген же маселе тууралуу түшүнүгүбүздү түп-тамырынан өзгөрткөн, парадигманы алмаштырган ачылышты издейбиз. Ачылыштын масштабы чындап эле өзгөчө чоң болушу керек.
Ал ойлоп табуу же жакшыртуу болбоого тийиш. Ал сөзсүз түрдө ачылыш болушу, өзгөчө жогорку деңгээлдеги илимий мааниге ээ болушу жана адамзатка пайда алып келиши абзел.
Илим жаатындагы сыйлык берүү мекемелеринде бул түшүнүк адамзаттын билимин терең кеңейткен негизги фундаменталдык ачылыштар да “адамзатка пайда” катары каралышы керек дегендей интерпретацияланган. Көп учурда мындай негизги ачылыштар түз практикалык пайдасын адамдарга көп жылдар өткөндөн кийин бере баштайт, бирок биз чечим кабыл алган учурда алардын дароо практикалык пайдасы айкын болбой калышы мүмкүн.
Cуроо: Бир эле ачылыш үчүн медицина комитетинен да, химия комитетинен да Нобель сыйлыгын алса болобу? Комитеттер бири-бири менен сүйлөшөбү?
Жооп: Менимче, мындай эч качан болгон эмес, анткени бир ачылыш үчүн ушул сыйлыктардын бирөөсү гана ыйгарылышы мүмкүн. Бир адамды физика, химия жана медицина боюнча Нобель сыйлыктарына бир эле учурда көрсөтсө болот, бирок ал болгону бир Нобель сыйлыгын гана алат. Айрым деңгээлде диалог болушу керек, бирок чындыкты айтсам, биз башка комитеттердин кыска тизмесинде кимдер бар экенин билбейбиз. Биздин ишибиз толугу менен өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
Суроо: Сыйлыкка көргөзүлгөн адамдардын өздөрү бул тууралуу билишеби?
Жооп: Биздин ишибиздин көпчүлүк бөлүгү өтө-өтө жашыруун жүргүзүлөт. Биз чоң бир бөлмөдө иштейбиз, бөлмөнүн айланасы толугу менен көшөгөлөр менен жабылган жана баары купуя шартта өтөт. Cыйлыкка көргөзүлгөн адамдар өздөрү сыйлыкка көрсөтүлгөнүн билишпейт. Биз жыл сайын талапкерлерди баалоо үчүн өтүнүчтөрдү жөнөтөбүз. Баалоочулар да биз үчүн отчет жазып жатканын эч кимге ачыкка чыгарбашы керек. Биз чечим кабыл ала турган убакка жеткенде, ошол жылы Нобель сыйлыгына татыктуу деп табылган адамдар үчүн бул чоң сюрприз болуп калат. Андыктан, ал көбүнчө күтүүсүз болуп, алардын жашоосун түп-тамырынан өзгөртөт.
Суроо: Медицина боюнча Нобель сыйлыгына кантип көрсөтүлсөм болот?
Жооп: Ар жылы Нобель комитети кеңири илимий коомчулукка номинация жөнөтүү өтүнүчүн жиберет. Биз издеген нерсе – физиология же медицина тармагында ачылыш жасаган бирден үчкө чейинки адамды көрсөтө ала турган номинатор. Өзүңдү өзүң көрсөтүүгө уруксат берилбейт. Демек, өзүңүздү көрсөтө албайсыз. Бирок илимий коомчулуктун мүчөлөрү, медициналык мектептердин декандары, Нобель сыйлыгынын мурдагы лауреаттары жана бул өтүнүчтү алган кеңири илимий чөйрөдө иштеген башка адистер номинация жасай алышат.
Элүү жылдык сыр
Нобель фондунун уставына ылайык, анын сыйлыктарына көргөзүлгөн талапкерлердин ысымдары коомчулукка 50 жылдан кийин гана ачыкталат.
Швециянын Падышалык Илимдер академиясынын Нобель архивдерин жөнгө салган уставынын талаптарына байланыштуу Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгына талапкер болгондордун ысымы мындан да узак мөөнөткө сыр катары сакталышы мүмкүн.
Андыктан Нобель сыйлыгынын расмий интернет баракчасында талапкерлердин тарыхы боюнча маалыматтар 2025-жылга карата, эң бери дегенде 1974-жылга чейинки гана архивди камтыйт.
Андагы маалыматтарга караганда, маселен, Нобель сыйлыгына Физика боюнча 1901-1974-жылдар аралыгында 3843, Химия боюнча 4090 илимпоз көргөзүлгөн.
Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгынын архиви 2025-жылга карата 1953-жылга чейин гана ачык. 1901-1953-жылдардын аралыгында сыйлыкка физиология же медицина багытынан 5110 илимпоз сунушталган. Демек, бул маалыматтар Нобель сыйлыгынын ушул багыты боюнча талапкерлер башка багыттардан көп экенин далилдөөдө.
Эйнштейндин Нобелге 66 жолу көрсөтүлүшү
Нобель сыйлыгынын расмий интернет баракчасынын архивдик материалдарында бир топ кызыктуу жагдайлар бар.
Аларга караганда, мисалы, айтылуу немис физиги Альберт Эйнштейн (Albert Einstein, 1879-1955) 1910-1923-жылдардын аралыгында Нобель сыйлыгына 66 кесиптеши тарабынан көргөзүлгөн.
Жалпы салыштырмалуулук теориясынын түзүүчүсүнө Физика боюнча Нобель сыйлыгы 1921-жылы “теориялык физикага көрсөткөн кызматтары жана өзгөчө фотоэффект мыйзамын ачканы үчүн” ыйгарылган, бирок ал сыйлыкты 1922-жылы алган.

3-сүрөт. Электрондор жана фотондор боюнча бешинчи Сольвей эл аралык конференциясынын катышуучулары. Дүйнөдөгү белгилүү физиктер жаңы иштелип чыккан кванттык теорияны талкуулоо үчүн чогулушкан. Бул сүрөттөгү 29 илимпоздун 17си Нобель сыйлыгынын лауреаттары болгон же кийин лауреат болушкан. Альберт Эйнштейн биринчи катарда солдон оңго бешинчи. Брюссель, 1927-жыл. Сүрөттүн автору: Benjamin Couprie, Institut International de Physique Solvay
Өз кезегинде Альберт Эйнштейн көргөзгөн тогуз илимпоздун сегизи Физика боюнча, бирөөсү Химия боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.
Ал эми австриялык жана швециялык илимпоз, Германияда физикадан толук профессордук даражаны алган биринчи аял, өзөктүк (ядролук) бөлүнүүнүн ачылышында маанилүү роль ойногон окумуштуу Элизе Майтнер (Elise Meitner, 1878-1968) 1924 -1967-жылдардын аралыгында Физика жана Химия боюнча Нобель сыйлыктарына 48 жолу көргөзүлүп, бирок ага татыктуу деп табылган эмес.
Нобелдин аял лауреаттары
Аялдардан Физика боюнча жана Химия боюнча Нобель сыйлыгына биринчи ирет поляк жана француз физиги менен химиги Мария Кюри (Maria Curie, 1867-1934) татыктуу болгон.
Алгач ал 1903-жылы Физика боюнча Нобель сыйлыгын жубайы, француз физиги Пьер Кюри (Pierre Curie, 1859-1906) менен бирге радиоактивдүүлүк багытында жүргүзгөн изилдөөлөрү үчүн алган.
Париждеги Сорбонна университетинде иштеген Мария Кюри андан кийин 1911-жылы “радий жана полоний элементтерин ачканы, радийди изоляциялаганы жана бул өзгөчө элементтин табиятын жана кошулмаларын изилдөө аркылуу химияны өнүктүрүүгө көрсөткөн кызматтары үчүн” Химия боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу деп табылган.
Муну менен Мария Кюри тарыхта Нобель сыйлыгын алган биринчи аял, Нобель сыйлыгын эки ирет алган биринчи жана эки илимий тармакта Нобель сыйлыгын алган жалгыз илимпоз болуп калды.
4-сүрөт. Мария Кюри Радий институтундагы лабораториясында, Париж, Франция, 1921-жыл. © Association Curie Joliot–Curie
Кийинчерээк, 1935-жылы, Мария Кюри менен Пьер Кюринин кызы Ирен Жолио-Кюри (Irеne Joliot-Curie, 1987-1956) жубайы Фредерик Жолио-Кюри (Fredéric Joliot-Curie, 1900-1958) менен бирге индукцияланган радиоактивдүүлүктү ачканы үчүн Химия боюнча Нобель сыйлыгын алышкан.
Ал эми Физиология же Медицина боюнча Нобель сыйлыгы аялдар арасынан алгачкы ирет 1947-жылы чехиялык жана америкалык биохимик Герти Тереза Кориге (Gerty Theresa Cori, 1896-1957) “гликогендин катализдештирилген айлануу жолун ачканы үчүн” берилген.
1901-2025-жылдардын аралыгында Нобель сыйлыгы аялдарга 69 жолу ыйгарылды. Аялдар арасынан биринчи лауреат Мария Кюриге сыйлык эки ирет берилгенин эске алганда, ага 68 аял татыктуу болгон.
Булардын ичинен 5 аялга Нобелдин Физика боюнча, 7 аялга Химия боюнча, 15 аялга Физиология же Медицина боюнча сыйлыгы тапшырылган.
Шилтемелер:
- Бул макаланы даярдоодо Нобель сыйлыгынын https://www.nobelprize.org/ интернет баракчасындагы маалыматтык жана архивдик материалдар колдонулду.
- Башкы сүрөт © Nobel Prize Outreach уюмуна таандык, автору Nanaka Adachi.
- Макала ичиндеги сүрөттөр Нобель сыйлыгынын https://www.nobelprize.org/press-images-for-media/ баракчасынан жана https://www.nobelprize.org/ интернет баракчасынын архивдик бөлүгүнөн алынды.



