Skip to ma content
search

Германиядагы Карлсруэ технология институтунда (KIT) жаңы жасалма интеллект долбоору токой өрттөрү, суу ташкын же кургакчылык өңдүү кубулуштарды климаттын өзгөрүү шартында  мурдагыдан да так, тез жана энергия жагынан үнөмдүү божомолдой алат деп күтүлүүдө. 

Карлсруэ технология институту (Karlsruhe Institute of Technology – KIT) кабарлагандай, “WOW –  биздин дүйнөнүн дүйнөлүк модели” аттуу долбоордо изилдөөчүлөр ЖИнин адистештирилген бир нече суб-моделдерин жалпы “латенттик мейкиндиктер” аркылуу бириктирүү менен ЖИнин Жер системасы үчүн дүйнөлүк моделин иштеп чыгышмакчы. 

https://www.kit.edu/kit/english/pi_2025_079_ai-world-model-to-simulate-the-earth-system.php

Бул ыкма климаттык системанын өтө татаал процесстерин – глобалдык аба ырайынын өзгөрүшүнөн тартып,  жергиликтүү таасирлерге чейин ар кандай масштабда моделдөөнүн таптакыр жаңы жолун сунуштайт. 

Климаттын өзгөрүшү дүйнө жүзүндөгү аба ырайынын шарттарын жана экосистемаларды буга чейин эле өзгөртүп койду. 

Узак мөөнөттүү келечекте анын кесепеттери экстремалдуу аба ырайы кубулуштарынын саны дагы көбөйүшүнөн тартып, бүтүндөй экосистемалардын толук бузулушуна чейин жетиши мүмкүн. 

“Сандык климат, аба ырайы жана экологиялык моделдер буга чейин эле кеңири мейкиндиктик жана убакыттык масштабда байланышкан өзгөрүүлөрдү баалоого жардам берип келет. Бирок бүтүндөй Жер системасын талап кылынган татаалдык деңгээлинде моделдештирүү ондогон жылдардан бери чечилбей жүргөн маселе. 

ЖИ Жер системасы сыяктуу татаал системаларды моделдештирүүдө оюнду өзгөртүүчү технологияга айланышы мүмкүн.  Жасалма интеллект кымбат эсептөөлөрдү талап кылган физикалык моделдердин жүрүм-турумун эмуляциялап, башкача айтканда, туурап бере алат. 

Бирок чыныгы өзгөртүүчү кадам – байкоо жолу менен алынган маалыматтарды анын өзүндө түздөн-түз окутууга же тактап жана  кошумча окутууга мүмкүн экенинде. 

Аз убакыт аралыгында эле аба ырайын божомолдоодо ЖИ моделдери негизги көрсөткүчтөр боюнча салттуу моделдерден ашып түшө алды.  Бул технология бир гана аба ырайын божомолдоодон алда канча кеңири экологиялык моделдөө мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт”,- дейт KITтин Теориялык информатика институтунун  долбоорду координациялап жаткан профессору Пир Новак (Peer Nowack).

Карлсруэ технология институту (KIT) белгилегендей, WOW долбоорунда алардын сегиз изилдөөчүдөн турган тобу  бир кадам алдыга жыла алышты. 

Илимпоздор ЖИнин Жер системасындагы ар кандай процесстер үчүн түзүлгөн бир катар моделдерин алардын “латенттик мейкиндиктери” аркылуу – башкача айтканда, ЖИ моделдеринин ичиндеги маалыматтын абстракциялары аркылуу – кантип өз ара байланыштырууга болорун изилдеп жатышат. 

Бул ыкма ЖИнин субмоделдерин мейкиндиктик жана убакыттык масштабда өз ара туташтырууда өзгөчө эффективдүү болот деп күтүлүүдө. 

Буга жетишүү үчүн адистер тобу ЖИнин компьютер илиминдеги “дүйнө моделдери” деп аталган ыкмасын колдонууну көздөйт, бирок бул учурда ал Жер системасынын чыныгы физикалык дүйнөсүнө колдонулат. 

 

Жер системасынын ЖИ моделинин мааниси 

 

Жер системасынын дүйнө модели аркылуу изилдөөчүлөр атмосфера, суу айлануусу жана кургактык бетинин ортосундагы көбүнчө абдан татаал жана сызыктуу эмес өз ара аракеттерди жакшыраак түшүнүүгө үмүттөнүшөт.

“Биз Жер системасынын бир бөлүгүндөгү өзгөрүүлөр башка бөлүктөрүнө кандай таасир берерин билгибиз келет. Мисалы, кургакчылык же булуттардын түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр климатка кандайча таасир тийгизээри. Бул климаттык система ичинде азырынча жашыруун болуп келген байланыштарды аныктоого жардам бериши мүмкүн”, – дейт KITтин Метеорология жана климатты изилдөө институтунун (Atmospheric Environmental Research) профессору Алмут Арнет (Almut Arneth). 

Орто мөөнөттө да ЖИнин жаңы дүйнө модели тобокелчиликтерди жакшыраак баалоого, ошондой эле климаттык адаптация жана климатты жумшартуу чаралары боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алууга жардам бериши ыктымал. 

“Келечекте биздин ыкмалар татаал системалар моделдештирилген башка табигый илим тармактарында да колдонулушу мүмкүн. Эгер биз ЖИ моделдерин натыйжалуу айкалыштырууну үйрөнсөк, алардын ортосундагы байланышты тез жана так биле алабыз. Мунун баары илим үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деп түшүндүрдү  алардын ишинин дагы бир максатын KITтин Илимий эсептөөлөр борборунун өкүлү,  доктор Маркус Гётц ( Markus Götz). 

Жалпысынан беш жылдык мөөнөткө эсептелген WOW долбоорун каржылоого Германиянын илимди колдоо боюнча   Карл-Цейс (Carl Zeiss) фонду  алты миллион евро ажыратууда. 

 

Илимий терминдерге түшүндүрмө:

Латенттик (жашыруун мейкиндик) – машиналык үйрөнүүнүн концепциясы. Маалыматтын кыскача, абстракттык көргөзмөсүн билдирет. Сүрөттөгү ар бир пиксел сыяктуу чийки, жогорку өлчөмдөгү маалымат менен иштөөдөн көрө, машиналык үйрөнүү алгоритмдери латенттик (жашыруун) мейкиндикти колдонуп, негизги өзгөчөлүктөргө көңүл бурушат жана жашыруун мыйзамдуулуктарды жана байланыштарды аныкташат.  

Латенттик мейкиндик негизинен маалыматты кыскача жана жөнөкөйлөштүрүү үчүн колдонулат, бул алгоритмдерге чоң көлөмдөгү татаал маалыматты натыйжалуу иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Сандык климат – Жердин атмосфераны, океандарды, кургакты жана музду камтыган климат системасын моделдештирүү үчүн татаал теңдемелерди чечкен математикалык моделдерди колдонуу. 

Бул компьютердик симуляциялар илимпоздорго өткөн, азыркы жана келечектеги климаттык өзгөрүүлөрдү түшүнүүгө, аба ырайын алдын ала болжолдоого жана экстремалдуу аба ырайы көрүнүштөрү сыяктуу феномендердин таасирин баалоого жардам берет. 

Физикалык мыйзамдарга негизделген ал моделдер убакыттын  өтүшү, илимий билимдин жана эсептөө кубаттуулугунун өнүгүшү менен  так жана деталдуу болууга  жетишкен.

 

Шилтемелер:

  1. Маалымат макала Карлсруэ технология институту (KIT) https://www.kit.edu/kit/english/pi_2025_079_ai-world-model интернет баракчасындагы маалыматтын негизинде жазылды. 
  2. Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Istock компаниясы. 
  3. Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.
Close Menu
made in Moore Studio