Skip to ma content
search

Кытайлык окумуштуулар Chang’e-6 миссиясынан алынган базальт үлгүлөрүн изилдөө аркылуу Айдын Жерге жакын жана алыс беттериндеги суунун курамында чоң айырмачылык бар экенин аныкташты.

Изилдөөнүн жыйынтыгы бейшемби күнү Nature журналына жарыяланды.

https://www.nature.com/articles/s41586-025-08870-x

Сhinadaily басылмасы 10-апрелде бул изилдөөнү талдаган макала жазды.

https://www.chinadaily.com.cn/a/202504/11/WS67f86c21a3104d9fd381eb0f.html?fbclid=IwY2xjawKL5S1leHRuA2FlbQIxMABicmlkETEzMU1RdGJzc1JaWW9RV0ExAR64Wq_BW5hkXt_S-8G3eJTP5g_pkKadViSHjdH8Rxp58EY3rn4FdThyEBk3Fw_aem_f1P5DLwgRQT1Z12r5K9Dxg

Анда Chang’e-6 миссиясы алып келген базальттардын магмалык булагында 1ден 1,5 микрограммга чейин суу бар экени белгиленип, бул Айдын алыс бетинин мантиясында суу Жерге жакын бетине караганда үч эсеге аз экенин көрсөттү.

Магма — Жердин ичиндеги эриген минералдардын аралашмасы. Ал жер кыртышынын терең катмарларында пайда болот. Убакыт өтүп, ал муздаганда же жер бетине чыгып катканда магмалык тектер пайда болот. Ал эми мантия — бул Жердин же Айдын ички түзүлүшүнүн бир катмары. Ал жер кыртышынын (жердин үстүңкү катмары) астында жайгашып, өзгөчө курамы жана жогорку температурасы менен айырмаланат.

“Бул жыйынтык Айдын пайда болушу жана анын термохимиялык эволюциясы тууралуу маанилүү түшүнүк бере алат”, – деди Кытай Илимдер академиясынын Геология жана геофизика институтунун изилдөөчүсү Ху Сен Сhinadaily жарыялаган макалада.

Акыркы 20 жыл ичинде Айдын Жерге жакын тарабынан алынган үлгүлөрдүн кеңири изилдөөлөрү Айдын ички түзүлүшүндө суунун өтө түрдүү (гетерогендүү) бөлүштүрүлгөнүн көрсөтүп келген. Ал жерде суунун көлөмү болжол менен 1ден 200 микрограммга чейин өзгөрүп турат.

2024-жылдын июнь айында Кытайдын Chang’e-6 аппараты Айдын алыс тарабындагы Күн системасындагы эң чоң сокку кратери болгон Түштүк полюс-Айткен бассейнинен 2 килограммга жакын топурак алып келүүгө жетишкен. Бул адамзат тарыхында Айдын алыс тарабынан биринчи жолу топурак алып келүү миссиясы болду.

Изилдөө тобу бул базальттардын магмалык булагында 15тен 168 микрограммга чейин суу бар экенин аныктаган. Ал эми алардын келип чыккан мантиясында 1ден 1,5 микрограммга чейин гана суу бар экени аныкталды — бул Жерге жакын беттеги мантияга салыштырмалуу кыйла аз.

“Айдын алыс тарабындагы мантиядан алынган биринчи суу көрсөткүчү Ай мантиясында суунун көлөмү жарым шарлар боюнча айырмаланарын билдирет. Бул Айдын бетинде буга чейин байкалган көптөгөн асимметриялуу өзгөчөлүктөр менен шайкеш келет”, — деди Ху.

“Айдын алыс тарабындагы суунун бул жаңы баасы Айдын жалпы силикаттык түзүмүндө суунун көлөмүн так аныктоодо маанилүү кадам болуп саналат. Бул Айдын чоң сокку теориясына жана анын андан кийинки эволюциясына байланыштуу маанилүү чектөөлөрдү берет. Анткени бул процессте суунун ролу абдан маанилүү”, — деп кошумчалады ал.

Изилдөө Кытайдын Улуттук Жаратылыш Илимдер фонду тарабынан каржыланган жана Айдагы жалпы суунун көлөмүн эсептөөдө маанилүү жетишкендик болуп эсептелет. Chang’e-6 миссиясынын материалдарын мындан ары тереңирээк изилдөө Жер менен Айдын пайда болуу тарыхын түшүнүүгө дагы чоң салым кошот деп күтүлүүдө.

Кытайдын космос программасы амбициялуу жана узак мөөнөттүү максаттарга багытталган. Муну менен ал космосту изилдөөдөгү дүйнөлүк негизги оюнчулардын бирине айланууну максат кылат. Кытай 2030-жылга чейин Айга адам башкарган миссиясын жөнөтүүгө белсенип жатат.

Шилтемелер:

Изилдөөнүн жыйынтыгы Nature журналына жарыяланды.

https://www.nature.com/articles/s41586-025-08870-x

Сhinadaily басылмасы изилдөөнү талдаган макала жазды.

https://www.chinadaily.com.cn/a/202504/11/WS67f86c21a3104d9fd381eb0f.html?fbclid=IwY2xjawKL5S1leHRuA2FlbQIxMABicmlkETEzMU1RdGJzc1JaWW9RV0ExAR64Wq_BW5hkXt_S-8G3eJTP5g_pkKadViSHjdH8Rxp58EY3rn4FdThyEBk3Fw_aem_f1P5DLwgRQT1Z12r5K9Dxg

Сүрөт www.nature.com сайтынан алынды.

Close Menu
made in Moore Studio