Жасалма интеллект (ЖИ) заманбап дүйнөнүн өнүгүүсүнө чоң таасир этүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын 6-майда Брюссел шаарында жарыяланган “Тандоо маселеси: AI доорундагы адамдар жана мүмкүнчүлүктөр” деген темадагы 2025-жылдагы Адамдык өнүгүү боюнча глобалдык баяндамасында белгиленди. Бул маанилүү документ ЖИнин глобалдык масштабда адамзаттын келечегине тийгизип жаткан таасирин белгилеген.
Баяндамада ЖИ жана санариптик технологиялар дүйнөнүн өнүгүүсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатканын, бирок ошол эле учурда теңсиздик жана коркунучтар да күчөп бара жатканын эскертет. БУУнун Өнүктүрүү Программасы бул жагдайда дүйнө коомчулугун адамга багытталган, акылдуу жана ырааттуу саясаттарды кабыл алууга чакырат.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бул отчет Жасалма интеллект (AI) дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда адамдык өнүгүүнүн келечегине кандай таасир эте аларын түшүнүү үчүн маанилүү учур болуп саналат.
https://www.undp.org/ky/kyrgyzstan/press-releases/undp-launches-2025-human-development-report
“Быйылкы отчетто AI жана санариптик технологиялар адамдык өнүгүү жолдорун кантип өзгөртүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да, пайда болгон чакырыктарды да түзөрүн карайт. Ал дүйнө жүзү боюнча теңсиздиктин күчөп баратканын жана адамдык өнүгүү прогрессинин басаңдап баратканын баса белгилеп, инклюзивдик жана туруктуу өсүш үчүн санариптик трансформацияны колдонуу үчүн тез арада, адамдарга багытталган тандоолорду талап кылат. 2025 АӨО үч негизги иш-аракет багытын сунуштайт: адамдар жана AI бирге иштеген кошумча экономиканы куруу, адамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү ниети менен инновацияларды жайылтуу жана инклюзивдик билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо системаларына инвестициялоо” деп айтылат БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн расмий сайтында.
Адамдын өнүгүүсү боюнча отчеттун акыркы көрсөткүчү боюнча Кыргызстан “Адамдык өнүгүүнүн жогорку индекси” категориясында позициясын сактап, 193 өлкөнүн жана аймактардын ичинен 117-орунда турат. 2023-жылы өлкө адамдык өнүгүү индексинин (АӨИ) 0,720 маанисине жетип, экинчи жыл катары менен ушул орунга жайгаштырылган.



