Skip to ma content
search

Алдыда мына ушундай ыктымалдуулук бардыгы өткөн аптада айтылды.

Астроном жана физик илимпоздор өзү Ааламдын тагдыры материя менен караңгы энергиянын (dark energy-темная энергия) ортосундагы тең салмактуулуктан көз каранды деп айтышат.

Америкалык Science Daily интернет басылмасы 20-мартта маалымдагандай, Dark Energy Spectroscopic Instrument (DESI) деп аталган илимий кызматташтык тобунун соңку тыянактары окумуштуулар “космологиялык константа” деп санашкан караңгы энергия барган сайын күтүлбөгөн жолдор менен өнүгүп жатышы мүмкүн деген ишараттарды көргөздү.

DESI дүйнө жүзү боюнча 70тен ашык мекемеден 900дөн ашык изилдөөчүлөр катышкан эл аралык илимий топ жана ал АКШнын Энергетика министрлигинин Лоуренс Беркли улуттук лабораториясы (Беркли лабораториясы) тарабынан башкарылат.

ScienceDaily интернет басылмасы жазгандай, бул эл аралык илимий топ өзүлөрүнүн соңку байкоо жыйынтыктары менен өткөн аптада бир нече макалада жана Америка Физика коомунун Каллифорнияда өткөн Глобалдык Физика Саммитинин жүрүшүндө бөлүштү.

“Биз көрүп жаткан нерсе абдан кызыктуу”, – деди Алекси Леутхауд-Харнетт, DESIнин өкүлү жана Калифорниядагы Санта Крус университетинин профессору. Анын айтымында, илимпоздор азыр “караңгы энергия жана ааламдын түпкү табияты тууралуу ири ачылыштын алдында турушу мүмкүн”.

Мэриленд штатындагы Джонс Хопкинс университетинен физика жана астрономия боюнча профессору, Нобель сыйлыгынын лауреаты Адам Рисс болсо “бул караңгы энергиянын табияты тууралуу биз аны ачкандан бери, болжол менен 25 жыл ичиндеги эң чоң ишарат” деп белгиледи.

Илимде өзү “караңгы энергия” деген концепция 1998-жылы эле пайда болгон.

Андан бери окумуштуулар Аалам кеңейип жатабы, эгер кеңейсе ал кандай ыргакта кетип жатат деген маселенин үстүнөн баш катырып келишет. Окумуштуулар буга чейин 15 миллиондой галактиканын жарыгын жана асмандагы башка жарык объектилерди анализдешкен.

Сүрөттө: Мэрилин Сарджент / Калифорния университетинин регенттери, Лоуренс Беркли улуттук лабораториясы. Сүрөт https://www.quantamagazine.org сайтынан алынды.

Close Menu
made in Moore Studio