Бул тууралуу New Scientist журналы 20-март күнү жазып чыккан.
Аталган журнал белгилегендей, эми ЖИ аба ырайыны суперкомпьютерсиз эле секунданын ичинде болжолдой алмакчы.
Эгер буга чейиин аба ырайын болжолдоочу ЖИ салттуу моделдер аткарган кээ бир тапшырмаларды гана алмаштырып жүргөн болсо, жаңы изилдөөлөр ЖИ бүт процессти алмаштырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Ал машиналык үйрөнүүнү колдонуу менен аба ырайын болжолдоо ишин бир топко ылдам аткара алат.
New Scientist жазгандай, суперкомпьютерлерде бир нече саат же күн талап кылынган болжолдоо ишин ЖИнин аба ырайы программасы секунда ичинде эле аткара алат жана ал программаны түзгөндөр аба ырайыны болжолдоонун тактыгы салттуу ыкманыкына дал келет деп ырасташууда.
Дүйнөдө аба ырайын болжолдоо 1950-жылдардан бери физикага негизделген моделдерге таянуу менен спутниктердин жана метеостанциялардын жардамы аркылуу жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде экстраполяция (объекттин же көрүнүштүн бир бөлүгүн байкоодон алынган жыйынтыкты алардын башка бөлүктөрүнө да жайылтуу) методу менен аткарылып келет.
Бирок аба ырайынын сандык болжолдоосу (NWP) деп аталган бул эсептөөлөр өтө интенсивдүү иштеген жана чоң, кымбат жана энергияны көп керектеген суперкомпьютерлерге таянат.
Шилтемелер:
- Жаңылыктын түп нускасы: https://www.newscientist.com/article/2472659-ai-can-forecast-the-weather-in-seconds-without-needing-supercomputers/?fbclid=IwY2xjawKNkVBleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFXNUlDWHR2b1F5Z1BpU3JMAR5shdSW_m2fZuduugWh7sMJVxt-RMmgfkbh4bm9jjzQguYK45viyCDLBd0aOA_aem_uiAlD-DZuwdeO4VLXvt35Q
- Сүрөт Unsplash.org сайтынан алынды. Автору Livia.



