Skip to ma content
search

Көмүр кычкыл газы Жерден 130 жарык жылы (астрономиялык ченем бирдиги, бир жарык жылы болжол менен 9,5 триллион чакырымга барабар) алыстыкта ​​жайгашкан HR 8799 системасына таандык төрт экзопланетадан Жеймс Уэбб космостук телескобу тарабынан байкалганын The Astronomical Journal журналынын акыркы санында жарыяланган изилдөөгө таянып, wired.com интернет басылмасы 25-мартта жазып чыкты.

https://www.wired.com/story/scientists-observe-for-the-first-time-carbon-dioxide-on-other-planets-outside-the-solar-system/?fbclid=IwY2xjawKNiaZleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFQZjlnaURBQzYxYW1aelBOAR68YORe1Rs6_i-Q1p2cIKAmS8lLWgtWNZX0x1p-amYr1oW54DFHV34pXpI0EA_aem_V57qbAa1rPHhakGTwPEFSw

Жаңы технологияларга адистешкен бул басылманын жазганына караганда, СО2нин табылышы алыскы планеталардын кандайча пайда болгону боюнча ишараттарды берет, ал эми байкоолор бул төрт гигант планета да Юпитер жана Сатурн сыяктуу эле катуу ядролордун акырындык менен калыптанышы аркылуу жаралганынын бекем далилдерин көргөзүүдө.

“Көмүр кычкыл газын аныктоо менен биз бул планеталардын атмосферасында көмүртек, кычкылтек жана темир сыяктуу оор элементтердин бир топ бөлүгү бар экенин көрсөттүк”,- деди Джонс Хопкинс университетинин астрофизиги жана макаланын жетектөөчү автору Уильям Балмер НАСАга берген билдирүүсүндө.

HR 8799 экзопланеталары 30 миллион жыл мурун жаралган система жана 4,6 миллиард жылдан бери өкүм сүргөн Күн системасына салыштырмалуу кыйла жаш. HR 8799 планеталары жаралгандан бери дагы эле ысык болгондуктан, көп сандагы инфракызыл нурларды бөлүп чыгарышат.

Көмүр кычкыл газы Жер бетинде жашоонун өнүгүшү үчүн маанилүү компонент болгон.

Космостун башка бөлүктөрүндөгү жашоону издөөдө аны табуу да негизги максаттардын бирине айланганынын мааниси ушунда.

Башка планеталарды изилдөө Күн системасынын өзүн да кенен жана терең түшүнүүгө өбөлгө берет.

Сүрөт www.wired.com сайтынан адынды.

Шилтемелер:

  1. Жаңылыктын түп нускасы: https://www.wired.com/story/scientists-observe-for-the-first-time-carbon-dioxide-on-other-planets-outside-the-solar-system/?fbclid=IwY2xjawKNiaZleHRuA2FlbQIxMABicmlkETFQZjlnaURBQzYxYW1aelBOAR68YORe1Rs6_i-Q1p2cIKAmS8lLWgtWNZX0x1p-amYr1oW54DFHV34pXpI0EA_aem_V57qbAa1rPHhakGTwPEFSw
  2. Сүрөт wired.com сайтынан адынды.
Close Menu
made in Moore Studio