Skip to ma content
search

Бул макалада Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын микробиологиялык жана химиялык-физикалык абалы жөнүндө сөз болот.

Биринчиден, изилдөөбүз антропогендик факторлордун суу, топурак жана аба чөйрөсүнүн микрофлорасынын абалына тийгизген таасирин баалоого багытталган.

Изилдөөбүздүн негизги максаты – суунун, топурактын жана абанын микробиологиялык курамын аныктап, аларга адам факторунун таасирин илимий жактан билүү болду.

Экинчиден,  изилдөөнүн натыйжалары үзгүлтүксүз экологиялык мониторингди уюштуруу, санитардык нормативдерди оңдоо жана суу объектилерин коргоо боюнча программаларды иштеп чыгуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Биз Аламүдүн дарыясынын Бишкек шаары аркылуу өткөн бөлүгү  жогору жагына караганда антропогендик булганууга көбүрөөк дуушар болот жана шаардын чегине жакындаган сайын микробиологиялык жүк жана физикалык-химиялык четтөөлөр күчөйт деп болжолдойбуз.

Изилдөөбүздүн жүрүшүндө төмөнкүлөрдү аныктоого аракеттендик:

  1. Айылдык аймактардан шаардын чегине өтүүдө Аламүдүн дарыясынын боюндагы суунун, топурактын жана абанын микробиологиялык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү кандай өзгөрөрүн жана бул өзгөрүүлөргө кандай факторлор таасир берерин;
  2. Аламүдүн дарыясынын боюндагы суунун, топурактын жана абанын микрофлорасына антропогендик факторлордун таасирин;
  3. Айылдык, шаар четиндеги жана шаардык зоналардан алынган үлгүлөргө салыштырма талдоо жүргүзүү;
  4. Суудагы, топурактагы жана абадагы микроорганизмдердин микробиологиялык көрсөткүчтөрүн жана санын аныктоо;
  5. Суунун физикалык-химиялык параметрлерин өлчөө (pH, электр өткөргүчтүгү, туздуулугу, жездин курамы);
  6. Алынган натыйжаларды санитардык нормалар менен салыштыруу жана тобокелдик зоналарын аныктоо.

 

Изилдөөнүн  жүрүшү

 

Изилдөөбүздүн объектиси катары Аламүдүн дарыясына жакын жайгашкан Беш-Күнгөй айылынан алынган суунун, топурактын жана абанын үлгүлөрү колдонулган. Үлгү алынган чекит КТ-1 же Т-1 деп белгиленген.

2025-жылдын 31-июлунда таңкы саат 9:00дөн 10:00гө чейин суунун, абанын жана топурактын үлгүлөрү стерилдүү шартта жыйналган жана лабораториялык анализ үчүн атайын стерилдүү контейнерлерге салынып келинген.

Үлгүлөр микробиологиялык жана химиялык анализдерди жүргүзүү максатында петри табакчаларына себилип, өзгөчө шарттарда сакталган.

Микробиологиялык анализдерди жүргүзүүдө үч негизги азыктандыруучу чөйрө колдонулган.

Биринчиси – Эт-Пептондуу Агар (ЭПА), ал суудан жана топурактан алынган үлгүлөрдөгү жалпы бактерияларды өстүрүү үчүн стандарттык чөйрө катары колдонулат. ЭПА чөйрөсүнүн курамында эт экстракты, пептон жана агар бар, алар – бактериялардын өсүшү үчүн ылайыктуу азык. Бул чөйрө аркылуу патогендик жана сапрофиттик бактериялардын өсүшү байкалат жана суудагы микробдук булгануунун деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экинчиси – Сабуро агар, ал негизинен козу карындарды жана грибокторду аныктоо үчүн колдонулат. Сабуро чөйрөсү кантка бай, төмөн кычкылдуу мүнөзгө ээ жана грибоктордун өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Абадан жана суудан алынган үлгүлөрдөгү грибоктук микрофлораны аныктоо максатында Сабуро чөйрөсү активдүү колдонулду. Грибоктордун саны жана түрлөрү экологиялык абал жөнүндө кошумча маалымат берет.

Үчүнчүсү – ЭШБИ, ал атмосферадагы азотту фиксациялоочу бактерияларды аныктоо үчүн колдонулат. Азотту байланыштыруучу микроорганизмдер экосистеманын биологиялык туруктуулугун камсыз кылат жана топурактын биологиялык активдүүлүгүндө маанилүү роль ойнойт. ЭШБИ чөйрөсү аркылуу бактериялар азотсуз шартта өстүрүлүп, алардын азотту атмосферадан өздөштүрүү жөндөмү бааланат.

 

Үлгүлөрдү даярдоо жана инкубациялоо ыкмалары

 

Ар бир чөйрөгө 1 мл үлгү тамчылатып себилип, петри табакчалары 25–30°С температурада 2–5 күнгө чейин инкубацияланган. Микроорганизмдердин өсүшү, колониялардын саны, формасы жана түсү байкалган. Бул көрсөткүчтөр микроорганизмдердин ар түрдүүлүгүн жана концентрациясын аныктоого мүмкүндүк берди. Ар бир чөйрө боюнча 6 петри табакчасы колдонулуп, алардын үчөөсү ЭПА чөйрөсүндө, ал эми үчөөсү Сабуро чөйрөсүндө себилген. ЭПА чөйрөсү бактерияларды аныктоого, Сабуро чөйрөсү- грибокторду табууга арналган. Абанын үлгүлөрү петри табакчаларында ачык абада 15-30 мүнөт кармалып, андан соң лабораторияда инкубацияланган.

Суу үлгүлөрүнүн физикалык жана химиялык сапаттарын аныктоо максатында бир катар изилдөө ыкмалары колдонулду. Ченөөчү кружка жана кондуктометр жабдуулары дезинфекцияланып, таза сууга чайкалып, даярдык көрүлдү. Андан соң, суу үлгүсү кружкага куюлуп, төмөнкү көрсөткүчтөр өлчөндү:

  1. Туздуулук (мг/л): сууга эрип кеткен туздардын жалпы концентрациясын көрсөтөт. Бул суудагы минералдык заттардын өлчөмүн жана сапатын аныктоого жардам берет.
  2. Электрөткөрүмдүүлүк (мкСм/см): суудагы иондордун жалпы санын чагылдырат, минералдашуу деңгээлин баалоодогу маанилүү индикатор.
  3. pH деңгээли: сууга байланыштуу кычкылдуулук же щелочтуулук деңгээли, бул суунун биологиялык жана экологиялык сапаты үчүн маанилүү.

Мындан сырткары, суунун температурасы жана айлана-чөйрөнүн аба ырайы да көзөмөлдөнүп, алардын бактериялардын өсүшүнө тийгизген таасири эске алынды.

Суудагы жездин (Cu) курамын аныктоо үчүн химиялык титрлөө ыкмасы колдонулду. Алгач Cu Cl₂ кошулган дистилденген суу даярдалып, үлгүгө кошулду. Андан кийин аммиак буфердик эритмеси (pH ≈10) жана мурексид индикатору кошулуп, титрлөө жүргүзүлдү. Трилон Б (EDTA) көмөгү менен суунун мис (жез) курамы эсептелип, анын деңгээли лимон сарыдан кызгылт көккө өткөндө токтотулду.

Бул методология суудагы оор металлдардын концентрациясын так аныктоого мүмкүндүк берди.

Жыйынтыктап айтканда, суунун, топурактын жана абанын үлгүлөрүн изилдөөдө микробиологиялык, физика-химиялык жана химиялык ыкмалар комплекстүү колдонулду.

Бул ыкмалар аркылуу экологиялык абал толук иликтенип, микробдук жүктөм жана адамдын таасири илимий түрдө бааланды.

Методологиянын так жана илимий негизделген түзүлүшү изилдөөнүн жогорку сапатына жана натыйжалуулугуна өбөлгө түздү.

 

Изилдөөнүн натыйжалары

 

Практикалык иштин жүрүшүндө биз чогулткан топурак, аба жана дарыя суусунун үлгүлөрү алдын ала текшерилип, андан кийин лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Чогултулган үлгүлөр Сабуро, ЭПА жана Эшби чөйрөлөрүндө активдештирилген. Натыйжада микроорганизмдердин өсүшү боюнча төмөнкү көрсөткүчтөр, жыйынтыктар алынган:

Топурак үлгүлөрүнүн натыйжасы. Топурактын үлгүсүнөн азотту фиксациялоочу бактериялар бөлүнүп алынды.

Азык чөйрөсүнө 10 үлгү (түймөк) салынды. Бардык 10 учурда тең (100%) колониялардын өсүшү байкалды, бул бардык үлгүлөрдөн азотту фиксациялоочу бактериялардын ийгиликтүү бөлүнүп алинганын көрсөтөт. Жалпысынан Эшби чөйрөсүндө 100%дык өсүү катталды. Сүрөт 1. ЭПА чөйрөсү              Сүрөт 2.   Эшби  чөйрөсү

Демек, Беш-Күнгөй аймагындагы топурак азот фиксациялоочу бактерияларга (Azotobacter) мол. Бул натыйжа жердин биологиялык активдүүлүгүн жана асылдуулугун көрсөтөт.

Мындан тышкары, топурак үлгүлөрүнөн алынган микрофлора ЭПА чөйрөсүндө жакшы өсүп, сапрофиттик бактериялар жана кээ бир козу карындар да байкалган.

Сабуро чөйрөсүндө болсо, негизинен зең козу карындары байкалып, бул чөйрөдө микозго алып келүүчү микроорганизмдер болушу аныкталды.

Эшби чөйрөсүндө топурактагы азотту байытуучу бактериялар (азотфиксациялоочу организмдер) табылды, алар негизинен биологиялык жол менен топуракты калыбына келтирүүчү түрлөргө кирет.

ЭПА чөйрөсүндө жалпы бактериялардын активдүү өсүшү байкалган, бул топурактын бактериялык бай курамын далилдейт.

Сабуро чөйрөсүндө  негизинен көгөргөн жана ачыткы түрүндөгү козу карындардын өсүшү көрүндү, булар топурактын табигый микрофлорасына мүнөздүү. Сүрөт 3. Аба үлгүлөрү ЭПА жана Сабуро азыктандуруучу чөйрөлөрүндө.

Суу үлгүлөрүнүн натыйжасы. Суунун эки үлгүсү, КТ-1-1 жана КТ-1-2, Аламүдүн дарыясынын Беш-Күнгөй айылынын аймагындагы сол жээгинен алынган. Үлгүлөр санитардык талаптарга жоо берет. Үлгүлөр алынып, бир нече сааттын ичинде лабораторияга жеткирилген жана муздаткычка салынган. Ошондуктан суунун температурасы чыныгы өлчөмдөргө дал келбейт – 19°C.

КТ үлгүсү Аламүдүн дарыясынын контролдук чекити болгондуктан суунун температурасы 8-11°C деп божомолдойбуз. Микроорганизмдер менен булгануусун сандык баалоо үчүн он эсе даражалуу суюлтуунун ыкмасы колдонулган.

ЭНДО азыктандыруучу чөйрө. Бир мл суу үлгүсү (КТ-1-1) 9 мл стерилдүү дистилденген сууга кошулган (10⁻¹ суюлтуу); андан соң, ошол суюлтуудан 1 мл кийинки пробиркага 9 мл суу менен кошулуп, 10⁻² суюлтуу алынган. 10⁻² суюлтуудан 1 мл өлчөмүндө стерилдүү Петри табакчаларына куюлуп, андан кийин алдын ала эритилип муздатылган азыктуу агар кошулган

Сүрөт 4. Физикалык анализ этабы.              Сүрөт 5. Суу үлгүсү, ЭНДО чөйрөсү.

 

Суунун курамында Жездин (Cu) пайызын аныктоо. Бул физика-химиялык ыкманын негизинде КТ-1-1 үлгүсүнүндөгү оор металлдын бирин алдык. Санпинге ылайык 2.1.4.1074-01 (2001), сууда жез элементинин Чектүү жол берилген концентрациясы (ЧЖК) 1 мг/л болгон нормадан, курамы уулу заттардын жол берилген чектин концентрациясынан ашпайт.

Бул факт Кой-Таш аймагындагы дарыя агрардык максатта колдонулуусунда коопсуз экенин көрсөтөт. КТ-1-1 суу үлгүсүндө Жездин пайызы 0.09%га барабар.

Сүрөт 6. Жез концентрациясын аныктоодо колдонулган эксперименттин этабы.

 

Мындан тышкары, микроскопиялык изилдөө да жүргүзүлдү. Микроскоп аркылуу кароодо түз (таякча сымал) формадагы бактериялар байкалды.

Сүрөт 7. Микроскоптун колдонулуусу менен биз суунун курамында бактериялар бар экенин аныктадык.

 

Изилдөөнүн кортундусу жана сунуштары

 

Биздин изилдөөдө Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынан алынган суунун микрофлоралык абалы салыштырылды. Ар бир команда үч түрдүү чөйрөгө – ЭШБИ, ЭПА жана Сабуро чөйрөлөрүнө сээп, микробдордун өсүшүн байкады. Бул чөйрөлөр түрдүү бактериялар жана козу карындар үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт.

Мисалы, 1-команданын жыйынтыгында ЭШБИ чөйрөсүндө 120 КОЕ/мл, ЭПАда 500 КОЕ/мл, ал эми Сабуродо 650 КОЕ/мл микробдор байкалган. Бул жыйынтыктар суунун курамында нитраттарды өздөштүргөн бактериялардын жана козу карындардын бар экенин көрсөтүп турат. Бул өзгөчө Сабуро чөйрөсүндө козу карындардын активдүүлүгү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

2-команда 110, 450 жана 600 КОЕ/мл көрсөткүчтөрдү каттаган.

Ал эми 3-команданын жыйынтыктары: ЭШБИ – 100 КОЕ/мл, ЭПА – 350 КОЕ/мл жана Сабуро – 500 КОЕ/мл. Бул көрсөткүчтөр суунун сапаты жана тазалыгы боюнча айырмачылыктар бар экенин билдирет.

Жыйынтыгында, микробдук активдүүлүк эң жогорку деңгээлде Сабуро чөйрөсүндө, андан кийин ЭПА жана ЭШБИ чөйрөлөрүндө катталган. Бул – козу карындардын жана бактериялардын түрдүүлүгүн жана санын чагылдырган маанилүү көрсөткүчтөр. Ошондой эле бул микробдор адамдын ден соолугуна кандай таасир тийгизери жана суу канчалык булгангандыгы боюнча жыйынтык чыгарууга өбөлгө берет.

Макаланын авторлору изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулоо учурунда.

Адамдардын дарыя сууларына тийгизген таасири. Адамдардын ишмердүүлүгү дарыялардагы микрофлоранын курамына жана сапатына түздөн-түз таасир этет. Ала-Арча дарыясы, Кыргызстандын эң кооз жаратылыш аймактарынын бири – Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынан башталып, туристтик максатта кеңири колдонулат. Бул аймакта мейманканалар, кафелер, эс алуу зоналары жана башка объекттер дарыя суусун пайдаланышат. Туристтердин агымы, унаа кыймылы жана таштандылардын чогулушу дарыянын экологиялык абалына зыянын тийгизип, микробдук балансын бузушу мүмкүн.

Ал эми Аламүдүн дарыясы шаардык жана айылдык конуштар аркылуу өтүп, айыл чарба иштеринде, багбанчылыкта, үй чарбаларында жана өнөр жай ишканаларында колдонулат. Айрым жерлерде саркынды сууларды тазалабай туруп дарыяга агызуу көрүнүшү катталууда. Бул көрүнүш суудагы микрофлоранын табигый балансын бузуп, зыяндуу бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

Адамдардын мындай экологиялык таасири дарыя сууларынын сапатына жана микробдук курамына терс таасирин тийгизет. Мисалы, Аламүдүн дарыясында турмуш тиричилик калдыктары, айыл чарба агынды суулары жана өнөр жай калдыктары агып түшөт. Бул суудагы пайдалуу бактериялардын азайышына жана зыяндуу микроорганизмдердин көбөйүшүнө алып келет. Ала-Арча дарыясы болсо салыштырмалуу таза көрүнгөнү менен, туристтик жүк жана инфраструктуранын басымы экосистема үчүн коркунуч туудурат.

Ошондой эле, физика-химиялык эксперименттин натыйжасында, эки дарыянын курамындагы оор металлдын бир түрү болгон жездин(Cu) концентрациясын аныктадык.

Төмөндөгү иллюстрацияда (График 1) Аламүдүн жана Ала-Арчадан алынган 8 суу үлгүсүн салыштырдык.

График. Аламедин жана Ала-Арча суу үлгүлөрүндөгү жездин концентрациясын салыштыруу.

Демек, эки дарыянын микрофлоралык абалы экологиялык абалдан, адамдын кийлигишүүсүнөн жана суу менен байланышкан ишмердиктерден көз каранды. Бул таасир суунун микробдук курамына жана сапатына түздөн-түз байланыштуу. Андыктан, суу ресурстарын туура пайдалануу жана үзгүлтүксүз экологиялык көзөмөл жүргүзүү дарыя экосистемаларын сактап калууга жана коомдук саламаттыкты коргоого өбөлгө түзөт.

Команда-1 тарабынан алынган Ала-Арча дарыясынын суусунда 150 КОЕ/мл деңгээлинде бактериялык өсүш байкалды. Бул жыйынтык аталган дарыяда салыштырмалуу таза шарт сакталып жатканын көрсөтөт.

Команда-2 суунун анализинде 200 КОЕ/мл көрсөткүчүн каттады. Бул Аламүдүн дарыясынын суу мисалында табигый микрофлоранын бир аз жогору болушун билдирет.

Команда-3 тарабынан алынган Аламүдүн дарыясынын башка жериндеги суусунда 350 КОЕ/мл көрсөткүч байкалды, бул адам ишмердүүлүгүнүн интенсивдүүлүгүнө байланыштуу микробдук деңгээлдин өсүшүн көрсөтөт.

Суунун физика-химиялык анализинде Ала-Арча дарыясынын туздуулук көрсөткүчү 73,7 мг/л, ал эми электрөткөрүмдүүлүк — 126 μS/см болгон.

Бул көрсөткүчтөр дарыянын суусу таза экенин жана антропогендик таасирдин минималдуу экенин далилдейт. Аламүдүн дарыясынын суусунда туздуулугу 84,6 мг/л, — 149 μS/см болуп, электрөткөрүмдүүлүк бул таза суудан бир аз жогору экенин көрсөттү.

Жыйынтыктап айтканда, эки дарыя тең адамдын активдүү колдонулушуна дуушар болуп жатат жана алардын микрофлорасы менен суу сапаты туруктуу көзөмөлдөөнү талап кылат.

Мындай көзөмөл табиятты коргоого, коомдук саламаттыкты сактоого жана дарыя экосистемасын сактап калууга жардам берет. Изилдөө жыйынтыктары дарыялардын абалына терс таасир тийгизген факторлорду аныктоого жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.

Бул илимий иштин жүрүшүндө биз Аламүдүн дарыясынын суу, топурак жана аба үлгүлөрүн изилдеп, антропогендик факторлор экосистемага кандай таасир тийгизерин да аныктадык.

Топурактан бөлүнүп алынган микроорганизмдердин арасында азотту бекитүүчү бактериялар, сапрофиттер жана зең козу карындары табылды. Бул –  микрофлора жер кыртышынын биологиялык активдүүлүгүнүн көрсөткүчү.

Абадан алынган үлгүлөр да микроорганизмдерге бай болуп чыкты. Шаардагы автотыгындар, өндүрүш калдыктары жана жаратылыш ресурстарын туура эмес пайдалануу микробдук составдын өзгөрүшүнө себеп болору аныкталды. Мындай абал адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн туруктуулугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Сууда микробдук активдүүлүк салыштырмалуу жогору болгон. Айрым аймактарда оор металлдардын концентрациясы нормадан ашпаганы менен, өндүрүш калдыктарынын таасири байкалды. Бул таза суу булагы катары эсептелген Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларын коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Бул изилдөө аркылуу биз илимий маалыматтарды чогултуу, талдоо, жана жыйынтык чыгаруу боюнча баалуу көндүмдөргө ээ болдук. Мындан тышкары, микробиологиялык жана химиялык анализдерди жүргүзүүнү үйрөнүп, жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилени терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алдык.

Азыркы илимий тажрыйба биздин дүйнө таанымыбызды кеңейтип, келечектеги илимий иштерге ишенимдүү кадам таштоого түрткү берди. Биз экологияга тиешелүү маселелерди илимий негизде түшүнүп, аларды чечүүгө активдүү катыша ала турган деңгээлге жеттик.

Макаланын авторлору ( солдон оңго): Айбике Эрмекова,  «Айчүрөк»  лицейи, Бишкек;  Азема Анарбекова, Султаналы уулу Кушубак  атындагы мектеп, Бакай-Ата району, Талас облусу; Мисирбек Алакбаров, облустук гимназия-жатак мектеби, Баткен шаары, Баткен облусу.

Эскертүү: Бул илимий изилдөө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Түркиянын Маариф фонду, «Ала-Тоо» Эл аралык университети, Кыргыз-Түрк Манас университети жана Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңешинин демилгеси менен уюштурулган «Жаш изилдөөчүлөр лагери» илимий-практикалык иш-чарасынын алкагында жүргүзүлгөн. Авторлор илимий жетекчилерге изилдөөнүн бардык этаптарында көрсөткөн баалуу кеңештери жана методикалык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Макала “Эл Илим” журналына Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан сунушталды.

Шилтемелер:

  1. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору  Элдияр Исаков.
  2. Макала ичиндеги сүрөттөрдү авторлор сунуш кылды.

 

 

 

 

Close Menu
made in Moore Studio