“Илимий журналистиканы, коммуникацияны жана жарандык илимди өнүктүрүүнүн Эл Илим” коомдук фонду илимий билимдерди кеңири аудиторияга жайылтууга багытталган, глобалдык Интернет тармагында кыргыз тилинде илимий – маалыматтык, илимий-техникалык, илимий-элдик (популярдуу) контентти жаратууну жана кеңейтүүнү максат кылган заманбап интернет платформасынын алгачкы 40 макаласы үчүн сынак жарыялайт.
Сынактын жалпы калем акы фонду – 300 000 сом.
Калем акы макаласы Эл Илим коомдук фондунун редакциялык тобунун кароосунан өтүп, фонддун интернет платформасында жарыяланган алгачкы 40 авторго төлөнүп берилет.
Фонд өз тарабынан ал авторлордун эмгегин жана өзүн коомчулукка таанытуу аракетин да көрөт.
Макаласын сынакка сунуш кылууда автор төмөнкү талаптарды эске алуусу керек:
- Макала илимдин так, табигый жана технологиянын багыттары боюнча жазылышын;
- Макала илимий-элдик (популярдуу) стилде жазылып, кеңири окурмандар үчүн жеткиликтүү болуп, мазмуну илимий билимди камтышын;
- Макалада жалпы аудиторияга түшүнүксүз илимий терминдер түшүндүрмө менен коштолуусун;
- Макаланын көлөмү 1000ден 2000гө чейин сөздөн турушун;
- Текст .doc же .docx форматында сунушталышын;
- Шрифт Times New Roman, өлчөмү 14, саптар ортосундагы аралык 1 болушун;
- Макалага иллюстрациялар, схемалар, графиктер, cүрөттөр тиркелсе, алар тексттин ичинде кайсыл жерде жайгаштырылары көргөзүлүп, тиешелүү жазуулар менен камсыздалып, GPG форматында жөнөтүлүшүн;
- Автордук укуктарды сактоого, колдонулган булактарга шилтеме берүүгө, өзүнүн материалын оригиналдуу деп кепилдеп, плагиатка жол бербешин;
- Макаланын аягында автордун маалыматтары (аты жөнү, кызмат орду, илимий даражасы (эгер болсо) иштеген/окуган жери, байланыш маалыматтары) көрсөтүлүшүн;
- Макаласы жарыялоого алынган автор ошол конкреттүү эмгегин башка басылмаларга бербөөгө макул болушун;
Макалалар
elilimfoundation.director@gmail.com; elilimfoundation.info@gmail.com
электрондук даректери аркылуу кабыл алынат.
Макалаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 1-июлу.
Эл Илим коомдук фонду Кыргыз Республикасында жана кыргыз тилдүү дүйнө үчүн илимий билимдерди кеңири аудиторияга жайылтууга багытталган, кыргыз тилинде илим жана технологиялар боюнча маалыматтарды жайылтуу аркылуу калктын илимий билимин арттырып, коомдун интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүнү, кыргыз тилинде илимий-элдик, илимий маалыматтык, илимий-техникалык контентти глобалдык Интернет тармагында жаратуу жана кеңейтүүнү максат кылган интернет платформасы ушул сынактын катышуучуларынын жардамы аркылуу ишке киргенден кийин да бул миссиясын үзгүлтүксүз улантууга умтулмакчы.
- Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды.



