Skip to ma content
search

 

Химиктер суунун ичинде туруксуз молекуланы жаратты.

Калифорния университетинин Риверсайд шаарындагы (UCR) окумуштуулары 67 жылдан бери далилденбей келген В1 витамини тууралуу эски гипотезаны ырастаган чоң ачылыш жөнүндө жарыялашты. Бул тууралуу Калифорния университетинин журналы жазды.

https://news.ucr.edu/…/scientists-finally-confirm…

Химиктердин тобу суунун ичинде реакцияга абдан жөндөмдүү болгон карбен молекуласын туруктуу кармап, мындай кылуу мүмкүн эместиги жөнүндө мурунку пикирлерди жокко чыгарды. Бул ийгилик эски биохимиялык табышмакты чечип эле тим болбостон, дары-дармек өндүрүшүндө экологиялык жактан таза жана натыйжалуу ыкмаларды түзүүгө жол ачат.

Сөз болуп жаткан молекула — карбин деп аталат. Бул — болгону алты валенттик электроны бар көмүртек атомунун өзгөчө формасы. Кадимки шартта көмүртек сегиз электрон менен туруктуу болот. Ал эми карбин – химиялык жактан өтө туруксуз жана активдүү. Айрыкча сууда мындай молекула дароо бузулуп кетет. Бирок ондогон жылдар бою илимпоздор B1 витамини (тиамин) адам организминде маанилүү реакцияларды жүргүзүү үчүн дал ушундай карбин сымал түзүлүшкө өтүшү мүмкүн деп божомолдоп келишкен.

Башкача айтканда, Калифорния университетинин Риверсайд шаарындагы химия профессору Винсент Лаваллонун командасы чыныгы илимий секирик жасады. Алар карбенди суунун ичинде гана туруктуу кылбастан, аны изоляциялап, пробиркага салып, бир нече ай бою сактала турган абалда кармоого жетишти. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары Science Advances журналында жарыяланды.

«Бул биринчи жолу адамдар сууда туруктуу карбенди байкай алышты. Муну мурун акылга сыйбас идея деп эсептешчү. Бирок Бреслоу туура айткан экен», — деди профессор Лавалло.

Ал бул жерде 1958-жылы Колумбия университетинин химиги Роналд Бреслоунун сунушун эске салууда. Бреслоу ал кезде B1 витамини организмдеги биохимиялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү үчүн карбинге өтөт деп болжолдогон. Бирок карбиндер өтө туруксуз болгондуктан — өзгөчө сууда — аны тирүү организмде бар экенин далилдөө мүмкүн эмес эле.

Лаваллонун командасы карбинди сууга туруштук берүү үчүн лабораторияда атайын коргоочу молекула менен каптап, аны “соот кийгизгенге” салыштырат. Ушул жол менен алынган түзүлүштү ядролук магниттик резонанс жана рентген кристаллографиясы аркылуу изилдөөгө мүмкүн болгон — бул карбиндердин сууда жашай аларынын түз далили.

“Биз бул реактивдүү молекулаларды жөн гана алардын химиясын изилдөө максатында жасап жатканбыз, тарыхый гипотезаны тастыктоо ниетибиз жок болчу,” — дейт изилдөөнүн биринчи автору, учурда UCLда иштеп жаткан доктор Варун Равипролу Калифорния университетинин журналындагы макалада: – “Бирок биздин ишибиз Бреслоу мындан ондогон жылдар мурун айткан нерсени тастыктады.”

Бул ачылыш тек гана эски гипотезаны тастыктабастан, колдонмо жактан да маанилүү. Карбиндер металл негизиндеги катализаторлордо “лиганд” катары пайдаланылат — бул катализаторлор фармацевтикалык заттарды, отундарды жана башка материалдарды чыгарууда колдонулат. Бул процесстердин көбү уулуу органикалык эритмелерди талап кылат. Карбиндерди сууда туруктуу кылуу жолуна жетишүү менен эми бул процесстерди экологиялык, коопсуз жана арзан кылууга мүмкүнчүлүк ачылат.

“Суу — эң идеалдуу эритме: ал арбын, уулуу эмес жана экологияга зыян келтирбейт. Эгер мындай күчтүү катализаторлор сууда иштей алса, бул экологиялык таза химияга чоң кадам болмок”, – дейт Равипролу.

“Мындан тышкары, мындай реактивдүү аралык молекулалар сууда пайда болуп, узак жашай алары далилденсе, бул клетка ичиндеги химиялык процесстерди так кайталоого да бир кадам жакындагандыгыбызды билдирет — себеби клетканын негизги бөлүгү суудан турат”, деп жазылат Калифорния университетинин журналында.

“Биз азырынча эч качан обочолондура албаган башка реактивдүү аралык түзүлүштөр да бар. Биз колдонгондай коргоочу стратегиялар менен эми аларды да көрүп, изилдей алышыбыз мүмкүн. Буга чейин 30 жыл мурун мындай молекулалар болбойт деп эсептелчү. Эми биз аларды сууга салып бөтөлкөгө салып коё алабыз. Бреслоу ошол кезде айткан — ал туура айткан экен. Бүгүн мүмкүн эмес көрүнгөн нерсе, эртең мүмкүн болушу мүмкүн — эгер илимге инвестиция кылууну уланта берсек,” — дейт доктор Варун Равипролу.

  1. Жаңылык https://news.ucr.edu/ сайтынан которулду.
  2. Сүрөт https://news.ucr.edu/ сайтынан алынды.
Close Menu
made in Moore Studio