Германиядагы Мюнхен Техникалык университетинин изилдөөчүлөрү дүйнөдөгү бардык имараттардын жогорку тактыктагы 3D картасын биринчи жолу түзүүгө жетишти.
Жер жүзүндө канча имарат бар жана алар 3Dде кандай көрүнөт?
Мюнхен Техникалык университети (TMU) кабарлагандай, алардын илимпоздор тобу бул суроого жооп табуу менен дүйнөдөгү бүткүл имараттын 3 D моделин алгачкы ирет түзө алышты.
Университеттин Жерди байкоо боюнча Дата илимдери кафедрасынын жетекчиси, профессор Сяосян Чжу ( Xiaoxiang Zhu ) баштаган изилдөөчүлөр түзгөн Глобалдык Имараттар Атласы (GlobalBuildingAtlas) дүйнө жүзү боюнча 2,75 миллиард имараттын моделдерин жана 2019- жылга карата спутник сүрөттөрүндө көрүнгөн бардык курулуштарды камтыйт.
Мюнхен Техникалык университети белгилегендей, алардын изилдөөчүлөрү түзгөн тизме – буга чейинки ушундай тизмелердин ичинен эң толугу.
Мурунку эң чоң глобалдык маалыматтар топтому болжол менен 1,7 миллиард имаратты камтыган. Азыркы 3×3 метр чечимдүүлүккө ээ 3D моделдер буга чейинки маалымат базаларына салыштырмалуу 30 эсе тагыраак.
Мындан тышкары, Мюнхен Техникалык университетинин изилдөөсүндө имараттардын 97 пайызы (2,68 миллиард) LoD1 деңгээлиндеги 3D моделдери түрүндө берилген.
Бул моделдер – ар бир имараттын негизги формасын жана бийиктигин чагылдырган, жөнөкөйлөштүрүлгөн үч өлчөмдүү көрүнүштөр.
Жогорку LoD деңгээлдерине салыштырмалуу LoD1 деңгээлинин деталдары азыраак болгону менен, аларды ири масштабда эсептөөчү моделдерге интеграциялоого болот жана шаардык түзүлүштөрдү талдоо, көлөмдү эсептөө жана инфраструктураны пландоо үчүн так негиз түзүп бере алат.
Мурунку маалымат топтомдорунан айырмаланып, Глобалдык Имараттар Атласына (GlobalBuildingAtlas ) дүйнөлүк карталарда көп учурда камтылбай калган аймактардагы мисалы, Африка, Түштүк Америка жана айыл жерлериндеги имараттар да киргизилген.
Маалыматтык базанын мааниси
“Имараттар боюнча 3D маалымат салттуу 2D карталарга караганда шаарлашуу жана жакырчылык тууралуу кыйла так көрүнүштү берет. 3D моделдердин жардамы менен биз имараттын жердеги изин гана эмес, анын көлөмүн да көрөбүз, бул жашоо шарттары боюнча алда канча так түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Биз жаңы глобалдык көрсөткүчтү сунуштайбыз: адам башына туура келген имарат көлөмү – калктын санына салыштырмалуу имараттардын жалпы массасы.
Бул турак жай жана инфраструктура деңгээлин өлчөөчү көрсөткүч болуп, социалдык жана экономикалык айырмачылыктарды ачып көрсөтөт. Бул көрсөткүч туруктуу шаардык өнүгүүнү колдойт, шаарлардын инклюзивдүү жана туруктуу болушуна салым кошот”, – деп түшүндүрөт алардын изилдөөсүнүн маанисин Мюнхен Техникалык университетинин профессору Сяосян Чжу.
Ага катар бул маалыматтар климатка ыңгайлашуу үчүн да өтө маанилүү. Алар энергияга болгон суроо-талап жана CO₂ бөлүнүп чыгышы сыяктуу темалар боюнча моделдерди жакшыртат жана жашыл инфраструктураны пландоону колдойт.
Табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн да пайдалуу, анткени сел же жер титирөө сыяктуу табигый окуялардан келип чыгуучу коркунучтарды тезирээк баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Дүйнөдөгү имараттар санынын континенттер боюнча бөлүнүшү
Мюнхен Техникалык университетинин изилдөөсү Earth System Science Data журналында жарыяланган.
https://essd.copernicus.org/articles/17/6647/2025/
Төмөндө ушул изилдөөнүн айрым маалыматтарын келтиребиз:
Имараттардын жалпы саны дүйнө жүзү боюнча 2025-жылга карата 2,75 миллиардды түзсө, жалпы имарат аянты 506,64 миллиард м² (чарчы метр) жана жалпы имарат көлөмү 2,85 триллион м³ (куб метрге) барабар.
Бул сандар дүйнөдө 4 миллиард имарат бардыгын болжолдогон БУУнун буга чейинки эсептерине салыштырмалуу, реалдуу имараттардын саны андан аз экенин көрсөтөт.
Күтүлгөндөй, имараттардын көлөмү негизинен ири шаардык аймактарда топтолгон, айрыкча Чыгыш Азияда, Европада жана Түндүк Америкада.
Континенттер боюнча имараттарга байланыштуу көрсөткүчтөрдүн глобалдык бөлүштүрүлүшү саны жана масштабы жагынан олуттуу географиялык айырмачылыктар бар экенин айгинелейт.
Азия дээрлик бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыда турат. Континентте болжол менен 1,22 миллиард имарат бар жана бул көрсөткүч Азиянын калкынын көптүгүн жана Кытай, Индия, ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү кеңири шаардык өнүгүүнү чагылдырат.
Африкада болжол менен 540 миллион имарат бар жана имараттардын саны боюнча Европа (403 миллион) менен Түндүк Америкадан (295 миллион) ашып өтөт.
Түштүк Америкада болжол менен 264 миллион имарат жайгашкан, ал эми Океания аймагы эң аз көрсөткүчкө – 14 миллион имаратка ээ.
Имараттардын аянты жана көлөмү боюнча айырмачылык
Африка континентинде имараттардын саны салыштырмалуу жогору экенине карабастан, алардын жалпы аянты бир топ төмөн – болгону 38 миллиард м², ал эми Азияда 218 миллиард м², Европада 138 миллиард м² жана Түндүк Америкада 79 миллиард м².
Түштүк Америка жана Океания аймагы дүйнөнүн имараттар коруна 28 жана 5 миллиард м² салым кошкон.
Бул айырмачылык Африкадагы имараттардын көлөмү көбүнчө кичинелигин жана көбүнчө жапыз же формалдуу эмес курулуштардын үстөмдүгүн чагылдырат.
Имараттардын көлөмү боюнча статистикада да окшош көрүнүш байкалат.
Азия кайрадан алдыда – жалпы имарат көлөмү болжол менен 1,272 триллион м³ түзөт, андан кийин Европа (763 миллиард м³) жана Түндүк Америка (538 миллиард м³) турат.
Африка, имараттардын саны көптүгүнө карабастан, болгону 117 миллиард м³ көлөмү бар. Бул кичине масштабдагы же бир кабаттуу имараттардын үстөмдүгүн дагы бир жолу далилдейт.
Түштүк Америка жана Океания аймагы 123 миллиард м³ жана 26 миллиард м³ көлөмдөгү имаратка ээ.
Жыйынтыктап айтканда, статистика курулуш чөйрөсүнүн масштабында жана баалоо тактыгында континенттер аралык олуттуу айырмачылыктарды көрсөтүп турат.
Азия имараттардын саны, жалпы аянты жана көлөмү жагынан алдыда.
Африка имараттардын саны жогору, бирок жалпы көлөмү жана аянты төмөн, кичине масштабдагы жана мүмкүн болгон формалдуу эмес курулуштардын көптүгүн көрсөтүүдө.
Европа жана Океания аймагы салыштырмалуу аз баалоо каталары менен айырмаланат, аларда имарат структуралары туруктуу жана окуу маалыматтарында сапаттуу чагылдырылган.
Түштүк Америкада имараттардын саны орточо болгонуна карабастан, баалоо каталарынын жогору экени байкалат, бул шаардык морфологиядагы кыйынчылыктар же окуу маалыматтарындагы чектөөлөргө байланыштуу болушу мүмкүн.
Мюнхен Техникалык университетинин илимпоздорунун пикиринде, алардын изилдөөсүнүн жыйынтыктары глобалдык масштабдагы шаардык моделдөө, инфраструктураны пландоо жана геомейкиндиктик аналитика үчүн баалуу маалыматтарды берет.
Илимий терминдерге түшүндүрмө:
3D модель – атайын программалык камсыздоо аркылуу виртуалдык мейкиндикте чекиттерди, сызыктарды жана көп бурчтуктарды башкаруу менен түзүлгөн, объектти же көрүнүштү үч өлчөмдө, (туурасы, бийиктиги, тереңдиги) санариптик түрдө чагылдырган көрүнүш. Ал инженердик моделдөөлөрдө, визуалдаштыруу, анимация, 3D басып чыгаруу, оюн индустриясында колдонулат. Бул моделдер объекттин формасын жана түзүлүшүн так чагылдырып, текстуралар жана жарыктандыруу аркылуу реалисттик же стилизацияланган көрүнүштөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.
Шаардык морфология – шаарлардын жана калктуу конуштардын физикалык формасын изилдеген илим тармагы. Ал көчөлөр, имараттар, кварталдар жана ачык мейкиндиктер сыяктуу элементтер аркылуу алардын кандайча түзүлгөнүн жана тарыхый, социалдык жана экономикалык факторлордун таасиринен убакыт өтүшү менен кандай өзгөргөнүн талдайт. Бул изилдөө курулган чөйрөнүн үлгүлөрүн, жайгашуусун жана функцияларын карап чыгып, алардын өнүгүшүн жана мүнөзүн түшүнүүгө багытталган. Өзгөчө көңүл “шаардык данакерликке” (көчө, жер тилкеси жана имараттардын үлгүлөрү) жана архитектура, участоктор менен коомдук мейкиндиктердин өз ара байланышына бурулат.
Геомейкиндиктик аналитика – мейкиндикке байланышкан маалыматтарды (Жер бетине, курулган чөйрөгө тиешелүү) талдоо процесси. Анын максаты мыйзам ченемдүүлүктөрдү, тенденцияларды жана өз ара байланыштарды аныктоо. Бул үчүн ГИС (GIS), спутниктен алынган сүрөттөр жана GPS сыяктуу куралдар колдонулат, алар карталар жана жылуулук карталары сыяктуу көрүнүктүү визуализацияларды түзүүгө, шаардык пландоодон тартып маркетинг жана экологиялык илим сыяктуу тармактарда кыйла негизделген чечимдерди кабыл алууга жана божомолдоого жардам берет.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Мюнхен Техникалык университетинин https://www.tum.de/en/news-and-events/all-news/press-releases/details/all-the-worlds-buildings-available-as-3d-models-for-the-first-time интернет баракчасындагы маалыматтын негизинде жазылды.
- Маалымат макалага негиз берген изилдөө Earth System Science Data https://essd.copernicus.org/articles/17/6647/2025/ журналында жарыяланган жана изилдөөнүн маалыматтары да макаланы жазууда колдонулду.
- Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору iStock.
- Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



