Skip to ma content
search

Изилдөө көрсөткөндөй, күнүмдүк жашоодо колдонулган пластик калдыктарынан пайда болгон нанопластиктер оор металл иондорун дароо адсорбциялайт.

(Адсорбция – бул бир заттын (мисалы, газдын же суюктуктун эриген бөлүкчөлөрүнүн) башка бир катуу заттын же суюктуктун бетине тартылып, топтолуу процесси. Башкача айтканда, бул жерде маани нанопластиктердин бети оор металлдардын кичинекей бөлүкчөлөрүн магниттей тартып, өзүнө жабыштырып алат дегенди билдирет. Оор металлдар нанопластиктин ичине кирбейт, бирок анын сырткы бетинде кармалып калат).

Бул тууралуу макалала https://phys.org сайтына басылды.

https://phys.org/news/2025-05-nanoplastics-generated-real-world-plastic.html

Дүйнө жүзүндө жыл сайын болжол менен 460 миллион тонна пластик өндүрүлөт, анын 91% эч качан кайра иштетилбейт — 12% өрттөлүп, 79% таштанды төгүүчү жайларга жана океандарга ташталып, айлана-чөйрөбүздө калат.
Ар кандай элементтердин таасиринен улам пластиктер микропластиктерге (<5 мм) жана нанопластиктерге (<1000 нм) чейин майдаланат. Бул нанопластиктер аба, суу, тамак-аш жана тери аркылуу адамдын организмине кирип жаткандыктан, коомдук саламаттыкты сактоо жаатында тынчсыздануу күчөп жатат.

Жакында ACS ES&T Water журналында жарыяланган изилдөө нанопластиктердин ансыз да зыяндуу таасирлери алардын ар кандай уулуу экологиялык булгоочу заттар, мисалы, оор металл иондору менен өз ара аракеттенүү жөндөмдүүлүгүнөн улам дагы күчөй турганын аныктады.

https://pubs.acs.org/doi/10.1021/acsestwater.4c01191

Нью-Джерси технологиялык институтунун изилдөөчүлөрү күнүмдүк турмуштук пластик калдыктарынан — полиэтилентерефталаттан, полистиролдон жана полипропиленден турган синтезделген нанопластиктер зыяндуу коргошун жана кадмий иондорун дароо адсорбциялап, “Троя аттары” сыяктуу кызмат кылып, бул металлдарды организмдерге ташып, биоаккумуляцияны күчөтөрүн аныкташты.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, нанопластиктер биздин организмде кыймылдай алат жана алардын бар экендиги адамдын канында, заң үлгүлөрүндө, аутопсияланган өпкөлөрдө, уруктукта, жада калса адамдын плацентасында (Плацента (кыргызча аталышы – баланын тону же тону) – бул кош бойлуулук учурунда аялдын жатынында пайда болуучу убактылуу орган. Ал эне менен түйүлдүктүн ортосундагы байланышты камсыздайт) да аныкталган. Иммундук система бул жасалма бөлүкчөлөрдү жок кылууга аракет кылганда, бул неоплазияга — клеткалардын же ткандардын көзөмөлсүз, анормалдуу өсүшүнө — жана туруктуу сезгенүүгө алып келет.

Андан тышкары, нанопластиктер айлана-чөйрөдөн коргошун, кадмий, сымап жана мышьяк сыяктуу оор металлдарды адсорбциялоосун жеңилдетет. Адсорбциялангандан кийин бул оор металлдар нанопластиктер кайда барса, ошол жакка барат, бул аларды биожеткиликтүү кылат — алар организмдер тарабынан оңой сиңирилет — ден соолукка келтирилүүчү потенциалдуу тобокелдиктерди күчөтөт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, нанопластиктердин өлчөмү жана формасы пластик бөлүкчөлөрүнүн физика-химиялык касиеттерин жана уулуулугун аныктоодо негизги ролду ойнойт.
Бул изилдөө үчүн топ таштандыдан — полиэтилентерефталаттан жасалган суу бөтөлкөлөрүн, полистиролдон жасалган момпосуй кутуларын жана жана полипропиленден жасалган тамак-аш алып кетүүчү контейнерлерди камтыган пластик калдыктарын чогулткан.

Топ динамикалык жарык чачыратууну, электрондук микроскопияны жана спектроскопияны жүргүзгөн, анын натыйжасында туз менен майдалоо ыкмасын колдонуу менен алынган нанопластиктер туура эмес формада жана бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 200 нанометрден төмөн болгон, бул айлана-чөйрөдө табылган нанопластиктердин жетиштүү үлгүсү экени аныкталган.

Синтезделген нанопластиктер марганец, кобальт, цинк, кадмий жана коргошун катиондорун камтыган оор металл иондорун адсорбциялоо боюнча олуттуу жөндөмдүүлүктү көрсөттү.

Изилдөөчүлөр алардын табылгалары нанопластик-оор металл иондорунун өз ара аракеттенүүсүн изилдөөнүн зарылдыгын баса белгилешет, бул алардын уулуулугун жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жакшыраак түшүнүүгө, ошондой эле нанопластиктердин булганышын азайтуу боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгууга жардам берет.

Шилтемелер:
1. Жаңылык https://phys.org сайтынан которулду.
2. Илимий изилдөө тууралуу https://pubs.acs.org/doi/10.1021/acsestwater.4c01191 сайтына жарыяланган.
3. Cүрөт pubs.acs.org жана unsplash.com сайттарынан алынды.
4. Илимий терминге түшүндүрмөнү Эл Илим фонду даярдады.

Close Menu
made in Moore Studio