Эл Илим коомдук фондунун негиздөөчүсү жана директору, журналист Улан Эшматов 11-май күнү АКШнын Кембридж шаарында Массачусетс технология институтуна (MIT) караштуу MIT Technology Review журналынын аткаруучу редактору Эйми Нордрум (Amy Nordrum) менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады.

Улан Эшматов жана Массачусетс технология институтуна (MIT) караштуу MIT Technology Review журналынын аткаруучу редактору Эйми Нордрум. АКШ
Улан Эшматов жолугушуу учурунда Эл Илим коомдук фонду Кыргызстанда илимий журналистиканын борбору катары жаңы уюшулганын белгилеп, MIT Technology Review илим менен технологиянын глобалдык журналы катары фонддун илимий билимди кыргыз тилинде кеңири аудиторияга жайылтууну, глобалдык Интернет тармагында кыргыз тилинде илимий – элдик (популярдуу), илимий-техникалык, илимий-маалыматтык контентти жаратууну жана кеңейтүүнү максат кылган платформасы үчүн контент жагынан колдоо көргөзүүсүн өтүндү.
MIT Technology Review журналынын аткаруучу редактору Эйми Нордрум Эл Илим коомдук фонду Кыргызстанда илимий журналистиканы өнүктүрүү багытында аркалоону көздөп жаткан миссиянын маанилүүлүгүнө жана алар өз тарабынан кызматташтыкка ачыктыгына токтолду.
Ал ошондой эле MIT Technology Review журналы илим жана технология багытында даярдап, жарыялаган материалдар башкаларды кайталабай турганын жана эксклюзивдүү экенин белгилеп, аларды лицензиялык келишимдин негизинде алуунун каржылык шарттарын айтып берди.
Эйми Нордрум ага катар Эл Илим коомдук фондунун ишине ийгилик каалап, журналисттик уюм катары фонддун өкүлдөрү MIT Technology Review журналы АКШда эле эмес, дүйнөнүн башка аймактарында өткөрүп туруучу конференцияларга акы төлөөсүз катыша аларын билдирди. Эки тарап өз ара байланышта болуп, кызматташтыктын конкреттүү учурларын алдыда да талкуулоону макулдашты.
Дүйнөнүн инженерия жана технология багытындагы номери биринчи университети катары саналган Массачусетс технология институту 1861-жылы негизделсе, MIT Technology Review журналы 1899-жылдан бери жарык көрүп келет.
https://www.technologyreview.com
Журнал англис тилинен тышкары испан, италиян, кытай, араб, жапон жана корей тилдеринде да басылат.



